Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жолдо жүрүүнүн эрежелери

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жолдо жүрүүнүн эрежелери

Байыркы заманда, машина жок кезде, көчөлөрдө ар ким өзү каалагандай басып жүрө берген. Ал эми азыркы чоң шаарлардын көчөлөрүндө жеңил жана жүк ташуучу автомобиль, автобус, троллейбус, маршруттук таксилер, трамвайлар кыйма-чийме жүрүп турат. Көчөлөрдөгү башаламандык адам өмүрү үчүн өтө опурталдуу болду: жолду машиналар бөгөп, жөө кишилерди коюп кетүү коркунучу чоң. Үйлөргө кат жана гезиттер, дүкөндөргө товарлар өз учурунда ташылбай, врачтар оорулууларга, өрт өчүргүчтөр өрткө үлгүрө алышмак эмес. Башаламандык болбос үчүн Мамлекеттик автомобиль инспекциясы (МАИ) жолдо жүрүүнүн эрежесин - көчөдө жана жолдо жүрүү мыйзамдарын түзгөн. Көчөдө ар кимдин өз орду бар. Транспорт жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү - төшөлмө жол аркылуу, жөө жүрүүчүлөр тротуар же жолдун чети менен жүрүүгө тийиш. Шаардагы транспорт көп жүргөн көчөдөн өтүш үчүн ак тилкелер менен белгиленген өтмө жолчодон же жер алдындагы өткөөл аркылуу гана өтүш керек. Эгер андай жолчо да, өткөөл да жок болсо, көчө кесилишинен гана өтүүгө болот. Көчө кесилиши - көчөдөгү эң маанилүү жер. Эгер айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр көчөдө жүрүүнүн эрежелерин туура сактабаса, дал ушундай жерден авария, кырсык көп болот.

Көчө кесилишиндеги кыймылды светофор жөнгө салып турат. Анын кызыл, сары жана жашыл жарык берүүчү үч фонары болот, кээде капталында да жебелүү фонарлар кездешет. Көчөдө жүрүүгө жана андан өтүүгө уруксат жашыл фонарь жанган багыт боюнча гана берилет. Ал эми кызыл жанганда көчөдө бир да машина болбосо да жүрүүгө жана өтүүгө тыюу салынат. Анткени өтө ылдам келе жаткан машина жакын арадан чыга калышы ыктымал.

Сары фонарь көчөдөгү кыймыл жакында башталарын же токтолорун эскертип турат. Ал күйүп турганда айдоочулар жана жөө бара жаткандар көчө кесилишин тезирээк бошотуулары зарыл, же болбосо токтоп туруш керек. Айдоочуларга кайсы тарапка бурулууга уруксат экендигин жебе көрсөтүп турат. Эгер жебе жок болсо, жашыл жанып турган тарапка бурулуу керек. Бирок бул эки учурда тең айдоочу жөө бара жаткандарды өткөрүп жиберип, андан кийин өзү өтүүгө милдеттүү. Кээде көчө кесилишиндеги кыймылды светафор эмес, көчө кыймылын жөнгө салуучу милиционер башкарган учур да болот.

Ал колунун кыймылы менен машиналардын агымын токтотуп, жөө бараткандарды көчөдөн өтүүгө уруксат берет. Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: көчө кыймылын иретке келтирүүчү бизге бет маңдай же далысын салып турса - бул эки учурду тең кызыл жарык (өтүүгө болбойт), ал эми капталынан турганда - жашыл жарык (өтүүгө уруксат) деп түшүнүү керек. Светофордон башка да көптөгөн белгилер болот. Андай белгилерди айдоочу жатка билиши керек. Белгинин маанисин андагы сүрөт боюнча да түшүнүүгө болот.

[ushka=seredina]

Эң негизгиси кызыл жээктүү үч бурчтук белгилер - эскертүүчү, тегеректери - тыюучу, ал эми түрдүү формадагы көгүлтүрлөрү милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер экендигин эске тутуу зарыл. Мисалы, кызыл тегерекченин ичинде велосипеддин сүрөтү тартылса, анда ал жерде велосипедчен жүрүүгө тыюу салынган. Эгер ал көгүлтүр фондо болсо, анда бул жол атайын ошолорго арналган. Андан башка бир да транспорт жүрүүгө болбойт. Көчөдө болгон бардык жол кырсыктарына айдоочулар гана жооптуу деген айрым туура эмес түшүнүктөр да бар. Эгер жөө киши жүрүп келаткан автомобилдин дал алдынан чуркап чыкса да айдоочу күнөөлү болмок беле?

Өтө ылдам келе жаткан автомобилди көз ирмемде токтотушка мүмкүн эмес, анын үстүнө тоскоолдук капыстан пайда болсо, автомобилди токтотуу андан бетер кыйын. Ошондуктан көчөдөгү тартип жана коопсуздук үчүн баарыбыз жооп беребиз. Ошондой болсо да айдоочунун жоопкерчилиги өзгөчө чоң. Ал өз машинасынын ишенимдүү жүрүшүнө, өз жүргүнчүлөрүнүн аман-эсендигине, алардын өмүрүнө, ошондой эле жөө өтүүчү адамдар үчүн да жооп берет. Биз жолдо жүрүүнүн эң негизги эрежелери жөнүндө гана айттык. Кошумча маалымат бул жерде. Аларды толук баяндаш үчүн өзүнчө эле бир китеп керек. Силер төмөнкү эң негизги жети эрежени жатка билгидей болгула: төшөмө (чоң) жол - автомобилдерге, тротуар - жөө жүрүүчүлөргө арналат.

Сен тротуардын оң тарабы менен жүрүшүң керек, ошону дайыма оюңа сакта! Көчөдөн өткөндө адегенде автомобилди өткөрүп анан өзүң өт! Жөө кишилер өтүүчү жолчо же жер астындагы өткөөл аркылуу гана өт! Көчө кесилишинен жашыл жарык күйгөндө гана өтүүгө болот! Бул белгилерди сөзсүз билишиң керек! Жол коопсуздугу үчүн айдоочулар да, жөө кишилер да жооп берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 23604, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-11-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо