Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текебердик

Баш барак | Психология | Текебердик

Текебердик — ашыкча артыкчылык сезим жана башкаларды жек көрүү менен мүнөздөлгөн адам мамилеси. Синонимдер: бой көтөрүү, кокураюу, көөдөн көтөрүү, теңсинбөө

.
Мазмуну

Жалпы маалымат

Текебер адамдар өзүлөрүн башкалардан жакшыраак же маанилүүрөөк деп сезип, бул мамилеси өзүн алып жүрүүсүндө жана айткандарында чагылдырылат. Текебердик, менменсинүү, тоотпогондук сезимдерин пайда кылып, мындай адамдар башкаларды жактырбагандыгы, ал гана эмес жек көрүү менен мамиле жасайт. Текебердик ар кандай учурларда байкалышы мүмкүн, анын ичинде кесиптештер, достор, үй-бүлө же бейтааныш адамдар менен мамиле түзүүдө.

Көбүнчө текебердик эмпатиянын (эмпатия — башка адамдын эмоцияларын, сезимдерин таанып билүү, анын ички абалын түшүнүү ыгы) жетишсиздиги жана башкалардын сезимдерин жана муктаждыктарын түшүнбөстүк же аны көңүлүнө албастык менен байланыштуу. Текебердик сезимин көрсөткөн адамдар өзүнүн оюн дайыма туура деп санап, башка адамдардын ойлорун жана сезимдерин сыйлабашы мүмкүн.

Текебердик карым-катнашка, мамилеге терс таасирин тийгизип, айланадагылар менен конфликтти жаратат. Ошол эле учурда, бул сезим адамдын өзүн төмөн баалоосунун же кандайдыр бир ички өзүнө ишенбөөчүлүктүн, комплекстин ордун толтуруу (компенсациялоо) аракети болушу мүмкүн.

Саламаттуу өзүнө ишенүүнү текебердиктен айырмалай билүү маанилүү. Саламаттуу өзүнө ишенүү, адамдын өзүнүн күчтүү жактарын жана жетишкендиктерин, башкаларды жек көрбөстөн түшүнө билүүнү, башкаларды уга билүү, алардын ой-пикирин жана сезимдерин сыйлоону билдирет. Текебердик айтылгандардан айырмаланып башкаларга ашыкча ишенбестик жана жактырбастык менен көрсөтүлөт.

Мындай учурда пикирлердин, тажрыйбалардын жана маданияттын ар түрдүүлүгүн эске алып, шайкеш жана өндүрүмдүүрөөк мамиле түзүү үчүн, айланадагыларга толеранттуураак жана сый-урматтуу мамиле жасаганга умтулуу маанилүү.

Ар бир адам жашоосунда көөдөнүн көтөргөн адамдар менен көп эле кездешкен болсо керек, мисалы, бир гана өзү жөнүндө сүйлөгөн, өзүн башкалардан бийик койгон.

Текебер адам — өзүн башкалардан бийик, баалуу жана маанилүү сезген, башкаларды баркына албаган адам. Ошол эле учурда, текебер адам, ага суктанып туруусун жана анын «өзгөчө» сапаттары же жасагандары үчүн урматтап туруусун каалайт. Теңсинбөө башкалардан өйдө болуп, адамдын өзүнүн мүмкүндүктөрүнө, ошондой эле, анын ийгиликке татыктуу экенине «ашыкча» ишенүүнү туюндурат.

Инсандын мүнөзүнүн мындай көрүнүшү бала кезинен калыптанат. Белгилүү бир кырдаалдарда адам текебер жана өзүн көтөрүп жүрүү учуруна карабастан, чыныгы текебер адамда бул сезим жашоодо өзүн алып жүрүүнүн туруктуу модели саналат. Эгер текеберчилик инсандын мүнөздөмөсү катары саналса, бул мүнөздү өзгөртүү татаалдыкты жаратат, бирок мүмкүн.

Бардык мүнөздөрдөй эле (мисалы, адам көбүрөөк же азыраак деңгээлде жоопкерчиликтүү же мамилечил дегендей ж. б.) текеберчилик дагы көбүрөөк же азыраак деңгээлде көрүнүшү мүмкүн. Текеберчилик көрүнүшүнүн эң жогорку формасы катары нарциссизм же инсандын нарциссисттик бузулуусу саналат.

Нарциссизм текебердиктин психологиялык термини катары каралат. Окумуштуулар нарциссисттик инсандын алсыз жана эбегейсиз (грандиоздуу) аталган эки түрүн белгилешет. Биринчиси текебердикти өзүнө ишенбестиктин ордун толуктоо үчүн колдонот, ал эми экичи түрүндөгүлөр чындыгында өзүн башкалардан өзгөчө мыкты сезет.

Текебердик себептери

Текебердиктин жалгыз бир себеби жок. Бир катар учурларда адам башынан өткөргөн тажрыйбадан улам текебер болуп калышы мүмкүн, башкаларында текебердикти түшүндүргөн кандайдыр бир психологиялык себеби жок.

Жетишкендиктер себеп катары

Көп учурда, окумуштуулардын айтуусунда, адам жашоодо көп нерсеге жетишкенде текебер болуп калат. Олуттуу жетишкендиктер, башкалар жетпегенге жеткенин таанып билүү, адамдын жеке кадыр-барк сезимине дем берет, кээде бул ушунчалык деңгээлде жогору болуп, башка адамдар маанисиз болуп сезиле баштайт.

Бул, адамдын маанилүү тармактардагы жетишкендиктерин өлчөө үчүн дайыма башкалар менен салыштыруусуна байланыштуу. Ошондой эле, түрдүү психологиялык макалаларды көп окуп алып, өзүнө болгон ишеничинин өсүп кетүүсүнөн улам дагы текебердик жаралат. Айрыкча мындай көрүнүш азыркы интернет тармагындагы түрдүү дем берүүчү макалаларды окугандар арасында көп байкалууда (орусча ЧСВ — чувство собстенного величия же жеке улуулук сезими). Бардыгы теңсалмактуу болуусу абзель.

Өзүнө ишенбөөчүлүк, өзүн төмөн баалоо себеп катары

Текебердик коргонуу механизми катары кызмат кылат. Бул адамдын өзүнүн кадыр-баркын коргоонун, өзүнө ишенбестикти жашыруунун жана ордун толтуруунун ыкмасы.

Текебердик психологиялык жактан башкалар бизди кабыл албай койгонго чейин аларды биринчи кабыл албай жетишүүгө жардам берет. Бул башкалардын зыян келтирүүсүнөн качып кутулуу же алдын-алуу формасы. Ушул себептен, көпчүлүк адамдар бейтааныш адамдын кабыл албоо коркунучунан улам өзүн текебер алып жүрөт.

Эмоционалдык ишенбестикте өзүн өзгөчө же бийик сезүүнү көрсөтүү кыска мөөнөттө адамдын жакшыраак сезүүсүнө мүмкүндүк берет. Бирок, узак мөөнөттүү стратегияда бул перспектива бир нече себептер боюнча маанилүү эмес:

Мактоолорго жана өзүнө ишенүүгө муктаждык себеп катары

Текебер жана менменсинген адамдар өзү жөнүндө башкалардын ою кандай экени тууралуу ойлору абдан тынчын алат. Булар башкалардын жактоосунан көз каранды. Кээде мындай адамдар көңүлгө башка жолдор менен жете албай, текебердиктин жардамы менен өзүнө көңүл бурууну каалашат.

Мындай ыкма чындыгында иштейт анткени, текебер адамдар мурда бул ыкманы колдонуп көргөн, ошол себептен өзүн ушундай алып жүрүүнү улантышат. Эгер, кийин текебердиктин жардамы менен көңүл алууга жетпей калса, өзүн андай алып жүрбөй калат.

Белгилер

Текебер адамдардын негизги белгилерин карап көрөлү. Бул белгилердин бардыгы ар бир текебер адамда байкалышы шарт эмес. Текеберчиликтин ар кандай деңгээлдери бар, жана бул мүнөз башында айткандай инсандан башка мүнөздөрү сыяктуу көбүрөөк же азыраак деңгээлде көрүнүшү мүмкүн.

Башка адамдар тарабынан мактоолорго жана таанып билүүгө муктаждык белги катары

Текебер адамдардын мүнөздөмөсүнүн бири алардын өзүлөрүнүн жетишкендиктерин башкаларга көрсөтүп, башкалар тарабынан ага суктанып, мактап туруусун күтөт. Ким текеберге суктанып турса, текеберлер ошолорду жакшы көрүп, андай кылбагандарды жактырбайт.

Өзү жана өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө гана сүйлөө белги катары

Жакшы көргөн темасы — өзүлөрү, өзү жасагандары, сатып алгандары, ичип-жегени, өзгөчө аракеч адамдар арасында, кайсы бир окуяга кабылгандыгы. Ошондой эле, көңүл борборунда болууну жакшы көрүшөт. Каалаган кезигүүдө же социалдык иш-чарада көңүлдү өзүнө тартууга ийимдүү. Бардык сүйлөшүүлөр өзүлөрүнүн айланасында болот. Эгер кимдир бирөө көңүлдү башка нукка бурса же башка нерсе жөнүндө сүйлөй баштаса, текебер адам сөз талашуу менен болсо дагы, көңүлдү дароо өзүнө кайтарууга аракет кылат.

Алгач жакшы адамдай көрүнүү белги катары

Текебер адам менен таанышканда сүйкүмдүү көрүнүшү мүмкүн. Булардын харизмасы, экстраверсиясы жана мамилечилдиги көпчүлүктү өзүнө тартат. Бирок, бул сүйкүмдүүлүк үстүртөн болуп, узакка созулбайт, анткени анын артында эмпатиянын жетишсиздиги, жек көрүү, эгоизм жана жинденүү жатат.

Алсыз жактарынын ордун ашыкча толтуруу белги катары

Негизинен текебер адамдар катуу сүйлөшөт, басышат, экстраваганттуу кийинишет жана аял болсо өзүнө көңүл буруу максатына шумдуктай боёнушат, ушундай ыкмада өзүнүн бийликчилдигин көрсөтүү менен өзүнө ишенбестикти жашырышат.

Мамиле түзүүдөгү кыйынчылыктар белги катары

Текебердик адамдарды качырат, алыстатат. Өзүн башкалардан өзгөчө сезген текеберлердин жанында болууну адамдар жактырбайт, ошондой эле мындайлар өзүн эч кимден көз карандысыз деп санашат (көз карандысыз адам болбойт, бул жөнүндө эркиндик аталган макаладан окуңуз).

Бирок чындык узакка созулган обочолонуунун олуттуу дискомфорт алып келишинде.

Каталарды моюнга албоо жана сын-пикирлерди кабыл албоо белги катары

Текебер адамдар жасаган нерсесинин бардыгын жакшы жасайм деп ойлошот. Эч качан ката кетирбейм деген ойдо болуп, каталарына дайыма шылтоо табат. «Мага маалымат өтө кеч жетти», «Эч ким айткан эмес», «Так түшүндүргөн эмес» жана башка ушул сыяктуу. Бирок, кээ бир адам ушинтип айтса эле, ал текебер болуп калбайт, кылдат баамдоо керек.

Текеберге сын-пикир айтканда алар коргонуучу абалга кирип, айтып жаткан сөздү укпай калат.

Кечирим суроо кыйын

Жеке текеберчиликтин айынан адамдар жаман нерсе жасаган жокмун деген ойдо болот, ушул себептен кечирим сурабайт. Буларда дайыма башка адамдар күнөөлүү.

Өзүнө окшобогон адамдар менен толеранттуу эмес

Текеберлер бирөөнү жогорку стандарттарга жооп бербеген каталары жана алсыз жактары үчүн оңой сындашат. Бирөөнүн каталарын көрсөткөндү, ошондой эле, ката кетирүүсүнө провокация кылып, андан соң ал катага сын-пикир айтканды жакшы көрөт.

Текебер адамдар көңүл бурууга татыктуу деп эсептеген адамдар менен гана сүйлөшөт.

Текеберчилик жана өзүн-өзү сыйлоо

Өзүн-өзү жогору баалоо өзүн текебер алып жүрүүнүн себеби болушу мүмкүн деген ой логикалык жактан туурадай көрүнөт. Жана текебердик менен өзүнө ишенимдик бири-бирине байланыштуу дегендей, башкача айтканда, эгер адамда өзүн баалоосу төмөн болуп аны дайыма көтөрүп жүрсө, акыр-аягы текебер адамга айланат деген ой. Бирок, бул андай эмес.

Айтылгандай текебер жана кекирейген адам жан дүйнөсүнүн тереңинде өзүнө ишенбейт, өзүн баалоосу төмөн. Ушуга байланыштуу текебердик жана өзүн жогору баалоо — карама-каршы нерсе. Эгер өзүнө ишенбеген адам терапиядан өтүп, өз баалоосун жогорулатса ал текебер болбой калат. Ал өзүнүн мүмкүндүктөрүнө жана күчтүү жактарына ишенген адам болуп, алсыз жактарынын үстүндө иштеп, алардын ордун толуктоо үчүн аны таанып-билип, кабыл алат.

Текеберге кандай мамиле жасоо керек

Текебер адамдарга

Макаланы окуп жатып балким көп нерсени билген чыгаарсыз. Андай болсо да, айтылгандарды түшүнүү маанилүү кадам болуп саналат.

Жайгаштыруу: 2023-06-08, Көрүүлөр: 693, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-06-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу