Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Спутник

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Спутник

1957-жылы 4-октябрда Советтер Союзунда жердин алгачкы жасалма спутниги орбитага чыгарылгандыгы жөнүндөгү кабар бүткүл жер шарына таркады. Ошондон кийин бир нече түн бою жылдыздуу асмандын фонунда жылып жүргөн эки жылдызчаны байкоого мүмкүн болду. Анын ачыгыраак жаркыраганы спутникти жерге жакын орбитага чыгарган ракета эле. Ал эми көзгө билинер-билинбее көрүнгөнү космоско учурган жердин жасалма спутниги болчу. Космостун бул алгачкы чалгынчысы сыртында төрт антеннасы бар, ичинде радио белгилерди таркаткыч жайгаштырылган кичинекей жалтырак шар сымал болгон. Ал секундасына 7.97 чакырымдай ылдамдыкта учуп, биздин планетаны бир жарым саатта айланып чыгууга үлгүргөн. Андан бери көп жылдар өттү. Жердин жасалма спутниктеринин бүтүндөй эле бир зор түркүмдөрү пайда болду. Азыркы ракеталар орбитага дароо бир канча спутниктерди чыгарууга жарайт. Спутниктер космоско татаал илимий аппараттарды алып чыгууда. Жердин алгачкы жасалма спутнигинин салмагы бар болгону 83.6 кг болсо биздин планетаны айланып учуп жүргөн азыркы илимий станциялардын салмагы ондогон тоннага жетет.

Жердин айрым жасалма спутниктеринин өзгөчө бир орбиталары болушу ыктымал. Мисалы, суткалык спутниктер жерди 30 миң чакырым аралыкта айланып жүрөт. Мындай спутник өз орбитасын 24 сааттын ичинде, башкача айтканда, бир суткада айланып чыга тургандыгын оңой-олтоң эле эсептеп чыгууга болот. Ошентип, эгер спутник экваторду бойлото учурулса, анда ал дайыма жердин белгилүү бир районунун үстүндө айланмак. Суткалык спутниктер радионун жана телекөрсөтүүнүн кабарларын берүүгө өтө ыңгайлуу. Бири-биринен бирдей аралыкта жайгашкан суткалык үч спутниктин жардамы менен жердеги бир радиостанциянын берген кабарын бүткүл жер шарына таркатууга болот. Спутникке орнотулган аппараттар күн системасын, башка галактикаларды, чексиз ааламды изилдөөгө жардам берет. Анткени жерден байкоо жүргүзгөн учурда кедерги болгон жер атмосферасы космостук обсерваториялардын ишине эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Спутниктер адамга биринчи жолу өз планетасына сырттан көз чаптырууга мүмкүндүк берди. Метеор сериясындагы спутниктер метеорологдорго аба массасынын кыймылы жөнүндө баалуу маалыматтарды берип, аба ырайын алдын ала туура айтууга көмөк көрсөтөт. Ал эми геодезиялык спутниктердин жардамы менен картографтар жердин айрым чекиттеринин координаттарын аныкташат. Жер бетин сүрөткө тартышат. Мурда багытын жылдыздарга, күн жана айга карата түздөгөн кемелер менен учактар азыр навигациялык спутниктердин жардамын пайдаланышат (GPS). Молния сериясындагы спутниктердин жардамы аркылуу радиоберүүлөр менен телекөрсөтүүлөрдү өтө алыс аралыктарга жекирүүгө болот. Жердин жасалма спутниктери - адам баласынын эң мыкты жардамчысы.

Эксперимент жүргүзгөн учурда орбиталык станциялардын ичинде бир нече космонавт жашап, иштеп жүрө берет. Орбиталык станциялардын жер менен байланышы Союз сыяктуу космос кемелери менен жүзөгө ашырылат. Келечекте азыркыдай да ири станцияларды жаратуу боюнча долбоорлор түзүлүп жатат. Алардын айрымдарында айландыруу аркылуу борбордон качма күчтү (центробежность) - жасалма салмакты жаратуу жагы каралууда. Ал тургай жердин чет жакаларында, орбитага миңдеген адамдар жашай турган ири шаарларды салуу боюнча долбоорлор да бар. К. Э. Циолковскийдин ободогу шаарлар жөнүндөгү идеялары акырындык менен жүзөгө ашып калаар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3018, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо