Жүктөлүүдө...
Шахмат
Шахматтар же шахмат (персче شاه مات «шах мат», сөзмө-сөз которулушу «шах өлдү») — искусствонун (анын ичинде шахматтык композиция бөлүгүндө), стратегиянын, илимдин жана спорттун элементтерин камтыган, стол үстүндө шахматтык фигуралар менен 64 чарчылуу тактайда ойнолуучу логикалык оюн.
Шахматты ким жана качан ойлоп тапкан? Ал биринчи жолу байыркы чыгышта пайда болгон. Индияда шахмат жөнүндөгү алгачкы маалымат 6-кылымга таандык. Шахматты индиялык бир акылман өзүнүн кожоюну үчүн ойлоп тааптыр деген уламыш да бар. Бирок шахмат бир эле кишинин акыл-оюнун жемиши эмес, ал көп сандаган элдердин акыл эмгегинен жаралган. Эмне себептен шахмат деп аталып калган? Чыгышта эл башкарган падышаны шах деп аташат. Ал эми мат - өлдү деген сөз. Демек, Шахмат деген сөздү: Душмандын падышасына өлүм! - деп которууга болот. Оюндун маани-максаты да мына ушунда, ак жана кара эки аскер 64 чакмактуу тегиз тактайда салгылашат. Ар бир аскердин куралында 8ден пешка, 2ден ат, 2ден пил, 2ден ладья, 1ден ферзь (каныша) жана бирден король (хан) болот.
Ар бир фигуранын күчү ал бир эле жүрүшүндө канча чакмакка жыла алары, а
Макала көлөмү: 4450 символОрточо A4 форматындагы барак саны: 2 Шахматтар же
шахмат (персче شاه مات «шах мат», сөзмө-сөз которулушу «шах өлдү») — искусствонун (анын ичинде шахматтык композиция бөлүгүндө), стратегиянын,
илимдин жана
спорттун элементтерин камтыган, стол үстүндө шахматтык фигуралар менен 64 чарчылуу тактайда ойнолуучу логикалык оюн.
Шахматты ким жана качан ойлоп тапкан? Ал биринчи жолу байыркы чыгышта пайда болгон. Индияда шахмат жөнүндөгү алгачкы маалымат 6-кылымга таандык. Шахматты индиялык бир акылман өзүнүн кожоюну үчүн ойлоп тааптыр деген уламыш да бар. Бирок шахмат бир эле кишинин акыл-оюнун жемиши эмес, ал көп сандаган элдердин акыл эмгегинен жаралган. Эмне себептен шахмат деп аталып калган? Чыгышта эл башкарган падышаны шах деп аташат. Ал эми мат - өлдү деген сөз. Демек, Шахмат деген сөздү: Душмандын падышасына өлүм! - деп которууга болот. Оюндун маани-максаты да мына ушунда, ак жана кара эки аскер 64 чакмактуу тегиз тактайда салгылашат. Ар бир аскердин куралында 8ден пешка, 2ден ат, 2ден пил, 2ден ладья, 1ден ферзь (каныша) жана бирден король (хан) болот.
Ар бир фигуранын күчү ал бир эле жүрүшүндө канча чакмакка жыла алары, анан кароолундагы чакмактардын саны жана душмандын фигураларына коркунучтуулугу, душмандын лагерине тез жана оной кирип барып, анын королуна коркунуч келтирүүсү менен аныкталат. Эң күчтүү фигура - ферзь, андан кийин ладья. Ат - башка фигураларды аттап өтө алуучу бирден-бир фигура. Оюнда ат менен пил күчү бирдей фигуралар болуп эсептелет. Эгерде пешка оюң убагында шахмат тактасынын душманга тиешелүү жагынын эң четки катарына жетсе, ферзь же башка фигура боло алат. Королго кайсы бир фигура менен чабуул коюу шах деп аталат. Ал эми душмандын фигураларынын чабуулуна учураган король эч кайда качып кутула албаса, мат болот (же жеңилет).
Эгерде атаандаштар бирин бири жеңе албай калса, анда тең чыгуу болот. Оюн учурунда абдан татаал шахмат комбинациялары, кызыктуу жана акылмандуулук менен ойлонулган жүрүштөр пайда болот. Эгерде силер шахмат партияларын жазууну жана окууну үйрөнүп алсаңар, анда күчтүү шахматчылардын, дүйнөнүн чемпиондору М. Ботвинник, В. Смыслов, М. Таль, Т. Петросян, Б. Спасский, А. Карпов, Г. Каспаровдордун жана башкалардын оюндарын талдап, чеберчилигиңерди арттыра аласыңар. Шахматчы өз жөндөмүн абдан эрте, кичине кезинен эле өөрчүтө баштоосу керек. Гроссмейстерлердин дээрлик бардыгы шахматты биринчи жолу 9 жашынан ойной башташкан.
Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 15156, Өзгөртүлгөн: 2022-03-18
Макаланын толук версиясы Талкулоо