Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Системдик блок

Баш барак | Башкалар | Системдик блок

Системалык блок (System unit - Системный блок) тик же жалпак төрт бурчтуу куту түрүндө түзүлүп, киргизилген берилиштерди иштетүүчү электрондук схемалардан турат.

Электрондук схемалар системалык же негизги (энелик) плата деп аталган башкы тактага бириктирилет. Демек, негизги плата системалык блоктун башкы элементи. Системалык тактага борбордук процессор, эс жана башка микросхемдер орнотулат. Борбордук процессор (CPU-central processing unit) эки түзүлүштөн турат, алар (1) башкаруучу түзүлүш (control unit) деп аталат жана компьютерге киргизилген буйрукту (көрсөтмөлөрдү) аткартат, (2) арифметик-логиктиктик (ALU) түзүлүш деп аталып, арифметик жана логиктик амалдарды аткарат.

Борбордук процессорду айрым учурда жөн эле процессор деп атап коюшат.

Системалык блокко кирген башка электрондук схемдер киргизгич, чыгаргыч жана сактагыч түзүлүштөр менен иш-төөчү компоненттерди камтыйт. Сактоочу түзүлүштөр жана байланыштыруучу приборлор көп учурда системалык блоктун ичине орнотулат.

Системалык блокто компьютердин негизги элементтери жайгашкан (процессор, графикалык плата, ток берүүчү блок, катуу диск, CD жана DVDни окуу жана жазуу куралдары, компьютердин оперативдүү эс-тутум бөлүгү ж. б.). Булар тууралуу кененирээк маалыматты "компьютердин тузулушу" макаласынан билесеңиз болот. Шилтемелер төмөндө.

Жайгаштыруу: 2016-08-10, Көрүүлөр: 26148, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-30, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу