Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютердин зыяны

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Компьютердин зыяны

Компьютердин көптөгөн пайдалуу жактарына карабастан, компьютердин зыяны дагы аз эмес, бул жөнүндө билип ал. Компьютер адам баласынын ден-соолугуна бир нече зыяндуу факторлору менен белгилүү.

Эң эле биринчиси көзгө тийгизген зыяны. Компьютер, планшет же смартфондун мониторун карап көп иштегенде көздүн глаукома оорусуна алып келүү толук ыктымал. Туура эмес колдонууда же туура эмес орноштурууда (үйгө, кеңсеге), зыяндуу заттар менен компьютер турган бөлмөнү толтурат, алар: чаң, жана оң аэроиондор. Электромагниттик нурлануулар, алар өз ичине рентген, ультракызгылт, инфракызыл нурларын камтыйт. Андан тышкары компьютерде көп отуруп иштегенде сколеоз оорусуна алып келиши мүмкүн, мында адам бүкүрөйүп калат.

Компьютер жана колдонуучунун эмоционалдык абалы. Персоналдык компьютерлердин колдонуучулары стресске жакын болоору окумуштуулар тарабынан аныкталган. Компьютерде иштеген адам баласынын башы ооруп, кан басымы жогорулап, депрессияга түшүшү мүмкүн.

Дагы бир жагы компьютерде, өзгөчө интернетте көп отурган өспүрүмдөргө өзгөчө зыяндуу жагы бар, бул психикага катуу жана терс таасирин берүүчү ар кандай видеолор, сүрөттөр, оюндар.

Мындайларды көргөн адамдын психикасы бузулуп жинди болуп, ар кандай кылмыштарган барышы мүмкүн, компьютердин зыяны жаза берсе көп.

Экономикалык зыян. Азыр Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлөөлөрдө компьютер бар, бирок компьютерди сатып алып жатканда экономикалык зыянын эске албайбыз. Алар кандай? албетте, компьютерди биз балдарыбызга, өзүбүзгө иштегенге алабыз.

Бирок компьютерди дагы карап, профилактика иштерин жүргүзүп, деги эле компьютер сатып жатканда ал техника менен иштегенди билүү зарыл. Болбосо алгандан кийин бир ай өтпөй компьютер бузулат, аны жасаганга акча зарыл болот, антивирус сатып алыш керек, интернет коштуруу керек мунун баары акча. Бул экономикалык зыян эмей, анан эмне? ошондуктан компьютердик техника сатып аларда мурда барын салмактап алуу жакшы.

Андан тышкары, компьютер менен иштеп жатканда, өзгөчө интернет тармагында түрдүү алдамчылыктар көп кездешет. Мындайларга кокус колдонуучу кабылып калса, олуттуу зыян тартып калышы ыктымал.

Компьютердин зыяны ушундай жана башка майда-чүйдө билинбеген зыяндары көп, бирок жалан эле зыян болбостон компьютердин пайдасы дагы бар. Анын үстүнө компьютердин тарыхы, компьютердин тузулушу кандай экенин билип алсаңыз ашык болбойт.

Жайгаштыруу: 2017-09-19, Көрүүлөр: 23206, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-11-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо