Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютердин пайдасы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Компьютердин пайдасы

Компьютер пайда болгондон баштап азыркы күнгө чейин абдан керектүү машинага айланды, компьютердин пайдасы 21-кылымда абдан олуттуу. Компьютерсиз иштеп жаткан инженерди, экономистти же врачты элестетүү мүмкүн эмес.

Персоналдык компьютер ар кандай тапшырмаларды аткарууда алмаштырылгыс жардамчы болуп калды. Компьютерди колдонуу окуу процессин жаңы уюштурууга мүмкүндүк берет:

эс-тутумду, көңүл бурууну, мейкиндик элесин, көз карандылыктарды табуу, мыйзамченемдүүлүктөрдү өрчүтүү оңой жана тез, материалдарды классификациялоо жана систематизациялоо, натыйжаларды алдын ала билүү мунун баарын компьютер мыкты аткарат.

Бүгүнкү күндө негизги компьютердин пайдасы төмөндөгүдөй:
-Атайын компьютердик программалардын жардамы менен жумуш процессик максималдуу оптимизациялап, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу.

Айта берсе сөз көп, компьютердин пайдасы чынында эле адам баласына зор. Космонавтика, медицина, өнөр-жай, дагы көптөгөн башка тармактарда колдонулат. Кыргызстанда ар бир үйдө болбосо дагы ар бир экинчи үйдө компьютер бар десек болот.

Ал эми учурдагы уюлдук телефондор дагы кичинекей компьютердин ролун аткарат. Билинбегени менен ал дагы көптөгөн жумуштарды жасап адам баласын кубантууда. Ар бир смартфондо: фотоаппарат, интернет, аудио жана видео плеер орнотулган. Жада калса шам-чырак болуп берүү мүмкүндүгү бар.

Албетте мунун баары жакшы, бирок компьютердин зыяны дагы болот, бирок бул жөнүндө башка макалада жазып өтөлү. Компьютердин тарыхы, компьютердин тузулушу жөнүндө дагы окуп кетүүнү сунуштайбыз.

Сайтка жарнама жайгаштыруу