Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Планетарий

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Планетарий

Чак түштө жылдыздуу асманды көргүңөр келеби? Планетарийге баргыла. Төрт мүнөттүн ичинде силер жылдыздуу асман бир сутканын ичинде кандайча өзгөрүлөрүн, жылдыздар менен планеталардын кыймылын көп эсе тездетилген түрүндө көрө аласыңар. Силерге биздин планетанын тегерегиндеги асмандын күн же түндүн каалаган саатындагы алабалын, уюл жаркыроосун, кометанын жана космос кораблинин учканын да көрсөтүшөт. Планеталар, күн системасы, табияттагы таң каларлык кубулуштар, космосту өздөштүрүү жөнүндө лектор кызыктуу аңгеме куруп берет. Планетарий - бул лекторий. Мындагы эң көрүнүктүү, эң башкы нерсе планетарий деп аталган проекциялык аппарат. Аны менен жылдыздуу асманды көрсөтүшөт. Бул жайдын планетарий деп аталып калышы да ушул аппаратка байланыштуу. Планетарий аппараты эки учу шардай тоголок гимнастикалык зор гантелге окшош.

Ар бир шардын ичинде өтө күчтүү лампа күйүп турат. Сыртынан ал көрүнбөйт, бирок айнектелген он алты тешикче көзгө урунат - булар проекциялык чырактардын объективдери. Ар бир объективдин астында металл пластинка бекитилген. Ар бир пластинкада жүздөн ашык тешикче бар. Тешикче канчалык чоң болсо планетарийдин асманындагы - кендир чамгарагындагы (куполдогу) жылдыз да ошончо чоң көрүнөт. Планетарий аппаратынын бир шары түндүк жарым шардын асманындагы топ жылдыздарды, экинчиси түштүк жарым шардын бизге тааныш эмес топ жылдыздарын көрсөтөт. Атайын коюлган электр кыймылдаткыч аппаратты тегеретип турат.

Чоң шарлар акырындап айланып, жылдыздардын бир сутка ичиндеги кыймылын көрсөтөт. Күндүн, айдын жана Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн планеталарынын кыймылын өзүнчө проекциялык чырактар көрсөтөт. Ушул чырактардын ар биринде өз электр кыймылдаткычы болот. Бул чырактар аппараттын чоң шарларынын ортосундагы туткага орнотулган. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарыбызда да планетарий бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 576, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо