Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нагима Айтматова

Баш барак | Биографиялар | Нагима Айтматова

Нагима Айтматова (Абдувалиева) Хамзиевна (татарча Нәгыймә Хәмзә кызы) — коомдук ишмер, Чыңгыз Айтматовдун апасы, Төрөкул Айтматовдун жубайы.

Мазмуну
Нагима Айтматова
Нагима Айтматова
Сүрөт үй-бүлөөлүк архивден
Төрөлгөн датасы7-декабрь, 1904-жыл
Төрөлгөн жериАзыркы Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Каза болгон датасы10-август, 1971-жыл (66 жаш)
Каза болгон жериКыргызстан, Бишкек шаары (ошол кездеги Фрунзе)
ӨлкөКыргызстан
Ишмердүүлүгүкоомдук ишмер

Өмүр баяны

Нагима Айтматова (Абдувалиева) Хамзиевна 1904-жылдын 7-декабрында Ысык-Көл облусунун учурдагы Каракол шаарында төрөлгөн. Атасы Хамза Абувалиев улуту боюнча татар, соода менен алектенген. Анын мекени Татарстандын Мачкара айылы болгон. Апасы Газиза сибирдик татар урууларынан. Хамза Абдувалиев билимдүү адам болуп, балдарына жакшы тарбия берген. Улуу баласы Сабир Швейцарияда окуп келип, Караколдо биринчи өз алдынча театр уюштурган, ал эми Нагима ошол театрда айымдардын ролун аткарып иштеген, ал убактагы тартипке мындай нерсе тайманбас иш-аракеттердин бири эле.

Революциядан кийин Хамза Абдувалиев бардык оокатынан кол жууп, жубайы менен Ташкентке көчүп барып, көп өтпөй ошол жерден каза болушат.

1925-жылы Нагима мектеп-гимназияны бүтүрүп, бирок социалдык тегинен улам көптөгөн эшиктер ага жабык болот.

Нагима стенографисттердин курсуна тапшырып, көп өтпөй комсомолдордун катарына кирип, Каракол комсомолдор комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалат. Ал Чыгыштагы аялдардын басмырланган абалына каршы жалындуу сөздөрү менен сүйлөп чыгып турат.

1926-жылы Нагима Абдувалиеваны Пишпектеги (азыркы Бишкек) комсомол курстарына жөнөтүшөт, ал жактан өзүнүн болочок түгөйү, ошол кездеги (большевиктердин) бүткүл союздук коммунисттик партиясынын [кыскача (б)БКП, орусча ВКП(б)] облустук комитетинин (обком) үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн жетекчиси Төрөкул Айтматовго кезигет. 1926-жылдын 3-сентябрында Нагима жана Төрөкул никесин каттатышат.

1927-жылдын башында Төрөкул (б)БКП обкомунун жооптуу катчысы болуп дайындалат, ал эми Нагима Айтматова — Жалал-Абад горком комсомолунун катчысы болот.

1928-жылы биринчи баласы, болочок жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлөт. Бардыгы болуп Айтматовдордун үй-бүлөсү беш балалуу болгон делет: 1928-жылы — уулу Чыңгыз, 1931-жылы — уулу Ильгиз, 1934-жылы эгиздер — уулу Рева (көп өтпөй каза болот) жана кызы Люция (экөөнүн ысымы кошулуп Революция деген мааниде), 1937-жылы — кызы Розетта (Роза).

1920-жылдардын аягында Нагима Айтматова мусулман-айымдардын эркин болуу кыймылын жетектейт. Ал батымдуулук менен калың берүүгө, полигамдуулукка (бир нече аял алууга), эрте никеге турууга, балдарды, кыздарды жана аялдарды сатууга, аялдарды куугунтуктоого каршы эл алдына сөз сүйлөп чыгып турган.

1935-жылдан тарта үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашап турушкан, мында Төрөкул Кызыл профессура иститутунда окуп жаткан. 1937-жылы Төрөкул партиядан четтетилип, камалуу коркунучу жаралат. Нагима экөө балдарды коргоо зарыл экенин түшүнүшөт. Төрөкул Нагиманы жана төрт баласын Кыргызстанга, тагыраак айтканда, Шекер айылына, туугандарына жөнөтөт.

Айтматовдордун үй-бүлөсүндөгү дээрлик бардык эркектер репреcсия жылдарында (30-жылдардагы репрессия) атылып кетет. 34 жаштагы Нагима төрт баласы менен оор абалда калат: улуусу Чыңгыз тогуз, кичүү кызы Роза — беш жарым жашта эле. «Эл душманынын» жубайы деп Нагиманы жумушка эч ким албай коёт.

Кийин жумушка орношууга Отто Зюдельман жардам берет. Оттонун аркасынан Нагима Айтматова эсепчинин жумушуна гана ээ болбостон, барактан эки бөлмөгө ээ болот.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Нагимага өзгөчө оор болот. Ал, өзүнүн аз айлык акысына, бир бөлкө нан гана сатып алууга мүмкүндүгү болгон.

Согуш мезгилинде жаш Чыңгыз айыл кеңешинин катчысы болуп иштеп, ага 3000 чарчы метр (орусча 30 сотых, 1 сотыхда 100 чарчы метр бар, 1 жүздүк деген мааниде, сотых орустардан келген эскирген чен-өлчөм түшүнүгү) жер бөлүп беришет. Ошол жер тилкесинде өстүрүлгөн жашылчалар оор жылдардан өтүүгө жардам берген. Иниси Ильгиз ошол кезде бала болсо дагы, почточу болуп эмгектенген. Аба ырайынын ар кандай болуусуна карабастан, ал айылдаштарына фронттон келген каттарды жеткирип турган. Он беш жашында ал «1941—1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Нагима Айтматова балдарынын ар бири кызыктуу кесипке ээ болсо экен деп кыялданчу жана саясат менен алектенүүсүн каалаган эмес. 1947-жылы ал Покровка айылына көчүп келет.

Нагима Хамзиевнанын бардык уул-кыздары жогорку билим алышкан.

Өзү болсо, өмүрүнүн акырына чейин балдарына жана неберелерине жакшы үлгү, нравалык авторитет болуп кала берген.

Жазуучунун апасына арналган «Кыргыз жеринин кыздары» китеби кийинкидей сөздөр менен башталат: «Нагима Айтматова — дүйнөгө мыкты балдарды алып келген Эне, Кыргызстандын улуу айымы».

Чыңгыз Айтматов өзүнүн «Жер эне» повестин дагы апасына арнаган, өзүнүн айтуусу боюнча «апама айтайын дегендин баарын ушул повестте чагылдырдым» дейт:

«Апабызга таазим! Ал өзүнүн ата-энелик милдетине кандай кайраттуулук, акылмандык менен ээлик кылган! Биздин жашообуздагы бардык жакшы нерселер, анын ичинде биздин тарбиябыз анын эмгегинин жана кайратынын аркасынан келди»

«Манас-Атадагы карлар» макаласында кийинкидей деп жазган: «...эгер мен скульптор же сүрөтчү болгондо аскер жылдарындагы аялдын образын түзүүгө жашоомду арнап, мында жыйырманчы кылымдын улуу адамына, ыраазычылык, суктануу, сыймыктануу жана ага боорукердик кылуу өңдүү сезимдерди бир ыргакта чагылдырууга аракет кылмакмын». «Эне – Мекендин башталышы, Эне – тил, Эне – эне сүтү менен бирге таткан абийир» (Ч. Айтматов).

Нагима Айтматова 1971-жылы 10-августта каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Балдары

Эстеликтер

Жайгаштыруу: 2023-08-21, Көрүүлөр: 881, Өзгөртүлгөн: 2023-08-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу