Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балбай баатыр

Баш барак | Биографиялар | Балбай баатыр

Балбай Эшкожо уулу же Балбай баатыр (1791, 1792, 1793, 1797, 1813 [туулган жылы боюнча так маалымат жок], Ысык-Көл өрөөнү — 1867, Сары-Булак [азыркы Балбай айылы]) — Бугу уруусунун токойлуу уругунан (Кыргыз уруулары) чыккан XIX кылымдын беделдүү манабы жана баатыры.

Балбай баатыр
Балбай баатыр
ИшмердүүлүгүКара күч баатыр
Төрөлгөн датасы1793-жыл, башка маалыматтар боюнча 1791, 1792, 1797, 1813
Төрөлгөн жериЫсык-Көл өрөөнү, Кыргызстан
Өлгөн датасы1867-жыл, сентябрь
Өлгөн жериВерный ш. (учурдагы Алма-Ата), Казакстан
БалдарыБай Кашка, Тай Кашка

Баатыр наамына казактардын улуу жүздүктөрү, ошондой эле кыргыз урууларынын арасында өзүнүн күч-кубаты менен айырмаланып жүрүп, душмандардын жылкыларын айдап кетип жүрүп баатыр атка конгон. Өзү физикалык жактан кубаттуу, чыныгы баатырдай чоң дене түзүлүшкө ээ болгон деген маалыматтар бар. Буга ылайык аны «бука» деп коюшчу деген имиштер дагы бар. Энеси Атаке баатырдын тукуму тынай-сарыбагыш уруусунан делет.

Боромбай менен бирдикте 1854-жылы жиберген элчилер, 1855-жылы январда Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү жөнүндө Бугу уруусунун атынан ант кармашкан.

Ормон хан мезгилинде (ал кезде Ормон, хан болгонбу же хан болбой, башка кызматты ээлеп турган кезиби белгисиз), анын мал-жан тууралуу мыйзамдарын бузуп, Саяк уруусунун жылкыларын айдап кеткен имиш, бул жоругу үчүн Ормон хан аны алты айга орго (чуңкурга) салып койгон делет.

Бугу менен Сарыбагыш уруу төбөлдөрүнүн ортосундагы феодалдык мүнөздөгү жаңжал (1855-1860)учурунда Бугу тараптын кол башчылардын бири катары таанымал. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды (кээ бир маалыматтар боюнча чабыш учурунда), Балбай катуу жарадар кылып, Ормон хан ошондон кийин каза болгон. Асанбек Акматалиевдин очеркки боюнча чындыгында Балбай Ормонду өлтүргөн эмес, болгону башкалар өлтүрүп, Балбай ал жоопкерчиликти алган делет.

Россиядан алган сыйлыктарына карабастан ал орустарга баш ийгиси келбей өз айылы менен Шинжандагы (Кытай) Текес суусунун боюна көчүп кеткен. 1864-жылы Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы (башка маалыматтар боюнча дунган-таранчыларга каршы) улуттук боштондук кыймылга катышкан. Көтөрүлүштөн пайдаланып ал Сүмбөдөгү калмактардын бутпарастык кечилканасын чаап, калмактарды талоон кылууга катышкан.

1867-жылы жазында полковник В. А. Полтарацкийдин отряды Текеске келип, орус бийлигине баш ийбеген казак-кыргыз айылдарын курчап, Балбай баатыр, бөөдө жөнөкөй эл кыргынга калбасын деп, каршылык көрсөтпөй туткунга түшүп берген. 1867-жылы Верныйдагы (Казакстан, азыркы Алма-Ата) түрмөгө камалган. Балбай түрмөдө отурганда аны өлтүрүү максатында орустар тамагына уу кошуп берген дешет, бирок Балбай өлбөй калат имиш.

Кээ бир маалыматтар боюнча Балбай жаш кезинен кандайдыр бир оорусунан улам уу коргошун ичип жүргөн имиш, ошол себептен орустардын уусу таасир берген эмес деген кептер айтылып келет.

Ошентип, 1867-жылдын май-сентябрь айына чейин ошол түрмөдө отуруп, сентябрь айында ошол жерден каза тапкан. Балким ошол уунун айынан ооруп өлгөндүр, бул боюнча так маалымат жок. Деги эле, Балбай баатырдын тагдыры жөнүндө көп нерселер ооздон-оозго өтүп жүрүп келген маалыматтар катары саналат.

Сөөгүн бир жылдан кийин туугандары алып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булак (азыркы Балбай) айылына коюшкан.

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 12139, Өзгөртүлгөн: 2023-07-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо