Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз элинин сөз маданияты чечендик онор

Баш барак | Башкалар | Кыргыз элинин сөз маданияты чечендик онор

Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсун
Эл макалы
Кыргыздар кеп багып, сөзгө чоң маани берип, "Өнөр алды - кызыл тил" деп сөздү баалап, ар бир сөздү салмактап сүйлөгөн, рухий байлыкты материалдык байлыктан жогору койгон эл.

Адам баласынын ички дүйнөсүнө жана психологиясына азык болуучу байлыктарды камтый турган алтын казына - көркөм сөз өнөрү. Бул кыргызда - Улуу сөз аталган. Байыркы бабалар кечкисин малды жайлагандан кийин тамакты асып коюп, айрыкча кыштын узак түндөрүндө кемегедеги алоолоп турган отгун илебинде узак сөзгө киришкен. (Ошол себептенби, бул кээде кемеге кеп деп да аталат). Мында не деген гана кептер айтылбаган, укумдан тукумга уланып келаткан Улуу сөздөр - бабалардын санжырасы, жаштарга нуска, таалим-тарбия болуучу окуялар, жомоктор, уламыштар, макал-лакаптар, деги койчу тамашага чейин айтылып, ачылып-чачылып ортого төгүлгөн. Ал жердеги ар бир адам ички дүйнөсүн ачып таштап, төгүлө-чачыла, черлери жазылгыча кептин кызуусуна киришкен. Мына ушул Улуу сөздү - кыргыздын көркөм тилинин укмуштуудай бир ажайып кооздуктарьш, элестүүлөрүн, маңыздууларын, урпактан урпакка өтүп келаткан улама сөздөрүн бала күнүнөн pyx дүйнөсүнө сиңирген. Балдарын күч колдонбостон эле сөз күчү менен, мамиле менен таалимдешкен. Ар кимге сөзүнө жараша баа беришкен. «Буттан жыгылган турат, ооздон жыгылган турбайт» деген сөздү бийик тутушкан.

Капилеттен сөз тапкан, караңгыда жол тапкан, коргошундай салмактуу сөзүнүн күчү менен бүтүндөй элди кан төгүүдөн, кыйроодон сактап келген бал тилдүү чечендер, ак тандай акындар болгон. Улуу сөздүн уңгусун улаган, учтан түпкө кураган, таңдайын сөзгө бүлөгөн, тамшантып көпкө сүйлөгөн не бир сөзмөрлөр чыккан.
[ushka=seredina]
Укканын уккандай кулагына куюп алган, көргөнүн көргөндөй көкүрөгүнө түйгөн куйма кулак адамдар көп. Даанышман адамдын сөзү оозунда болуп, куюлунггура сүйлөгөн. Бардык өнөрдүн ичинен сөздү жогору коюшкан. «Айтылган сөз - атылган ок» деп абайлап сүйлөөгө балдарын көндүрүшкөн. Адамга сөзүнө жараша баа беришкен: «Жакшы таап айтат, жаман каап айтат», «Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз», «Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит төп сүйлөйт». Сөздү так сүйлөөгө көндүрүшкөн: «Аз сүйлөсөң, саз сүйлө», «Кептин кезеги келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт», «Сууну көп кечсе балчык, кепти көп сүйлөсө тантык болот», «Миңин айтпай бирин айт». Сөзүнө турбаган адамды «Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн», сөз күчүнө ишенишип «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», «Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат», чечен адамды баалап «Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай», «Ташка тамга баскандай» дешкен. Кылычтын мизи алкымына такалып турса да "Сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн" деп кашкайган чындыкты гана сүйлөшкөн.

Мына ушундай мойнуна кылыч такаса да чырылдаган чындыкты бетке айтуудан тайманбаган кашкөйлөрдү, кебин келиштире сүйлөгөн, сөздү таап айткан чечендерди, куудулдарды, жомокчу, манасчы, дастанчыларды калк өтө жогору баалаган. Алардын коомдогу орду, өтөгөн кызматы бөтөнчө зор болгон. Ал түгүл бийлик башында турган кадырлуу адамдын калк алдында кемчилигин айткан, катуу сындаган чечен, куудул, ырчыларды да «ырчы менен элчиге өлүм жок» деп кечирип коюшкан. Анткени чындык айтылган жерде оңолуу, тазаруу болорун билишкен. Чечендер ойлоо сезиминин тездиги, сөздү салмактап калыс айткандыгы менен эл кадырына татыган. Жашоо-тирнчиликтеги бардык түйүндүү маселелерди туура чечүүгө аракеттенишкен.

Чечен сөздөр куюлушуп тургандыгы, таамай жана терең мазмуну, учкулдугу, жүйөлүүлүгү менен уккандын черин жазган. Чечен сөздөр бата берүүдө, алкыш, көңүл, каалоо айтууда көптү билген, сөз кунун түшүнгөн, акылдуу, сезимтал, баамчыл адамдар тарабынан айтылган. Чечен сөздөр кээде курч мүнөздө, табышмактуу ыкмада болсо, кээде турмуштук көрүнүштөрдү таамай чагылдыргандыгы, терең ойлуулугу, суроого так жооп тапкандыгы менен кадимки кептен айырмаланат. Тарыхта чечендер элдик дипломатияда кылыч менен ала албаганды тил менен алып, өзүнүн күчтүү курал экенин айгинелеген. Кыргызда алтымыш тил билген Ажыбай чечен, Айты чечен, Көкөтөй чечен, Жээренче чечен, Акылкарачач ж. б. бизге аты жеткен, жетпеген чечендер болгон. Билгендер Куйручуктун куудулдугунан да чечендик өнөрү артык эле дешет. Керемет сөздөрү менен элдин моокумун кандырып, тамшандырып, урушкандарды элдештирип, "жылаңач төөнү бучкакка чапкандай" таамай сүйлөгөн көлдөн чыккан айтылуу 7 аке жөнүндө төмөнкүдөй ылакап кеп алигүнчө айтьшып келет: кара кылды как жарган калыстык издесең, Садыр акеге бар, айкөлдүктү, биримдикти, тынчтыкты, акындыкты издесең, кеменгер аке Калыгулга бар, эпчилдикти, элчиликти, эрдикти издесең, Тилекмат акеге бар, улутгар арасындагы ынтымак-досчулукту издесең, Кыдыр акеге бар, кара сөздүн курчун, мурчун издесең Карач акеге бар, акыл издесең, Сарт акеге бар, элиндин келечеги үчүн кам көргүң, туулган жериңдин топурагын ыйык туткуң келсе Мойт акеге бар. Ал эми кетментөбөлүк чоңколордун чечендиги эл арасында аңыз болуп келет.

Адам баласынын кулагын төрт түргө бөлүшкөн: 1) таш кулак - сүйлөнгөн сөз, айтылган кеп кулагына кирбейт, жерге түшүп, желге учуп кетет, 2) кум кулак - бул кепти угат, бирок бир кулагынан кирип, экинчисинен кумдай куюлуп түшүп калат, 3) акма кулак - бул да угат, бирок укканы эки кулагынан тең агып түшүп калат, 4) куйма кулак - эмне сөз укса эсинде сактайт.

Азыркы кезде сөздүн баркы кетип жетимсиреп турганы, дээринде бар болсо да, уга турган киши жок болгондуктан айта турган сөз айтылбай турганы жанды кейитет. Айткан сөз менен жасаган иштин дал келбей турганы өкүнтөт.

кадыров исмайылынды бтлбейт екекнмин

Жайгаштыруу: 2016-08-05, Көрүүлөр: 34587, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо