Жүктөлүүдө...
Курман-Гали Каракеев
Курман-Гали Каракеев Каракеевич — көрүнүктүү илимий ишмер, кыргыз тарыхчысы, журналистика пионери, академик (1960), профессор (1971) жана Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти (1960—1978), СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1968).
Мазмуну
Курман-Гали Каракеев, Каракеевич |
|
Төрөлгөн датасы | 1913-жыл, 7-ноябрь |
Төрөлгөн жери | Күрмөнтү айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан |
Каза болгон датасы | 2012-жыл, 13 ноябрь (99 жаш) |
Каза болгон жери | Бишкек шаары, Кыргызстан |
Илимий тармак | КПСС тарыхы |
Окумуштуу даражасы | тарых илимдеринин доктору |
Негизги кесиби | тарыхчы |
Өмүр баяны
Курман Гали Каракеев — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында (мурдагы Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди) 1913-жылдын 7-ноябрында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1929-жылы ата-энеси колхозго кирип, Түп районундагы Күрмөнтү колхозунун (Ленин атындагы) мүчөлөрү болушкан. Каракеев 1929-жылга чейин Түп районундагы Түп айылынын айылдык орто мектебинде окуйт. Эмгек жолун Ысык-Көл айыл-чарба техникумун бүткөндөн кийин (1929—1933), 1933-жылы республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын редакциясында редактордун орун басары кызматынан баштаган. 1938-жылы большевиктердин Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясына (орусча ВКПб) кирген.
1946-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети (ЦК КПСС) алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн, ал эми 1959-жылы ошол эле уюм алдындагы коомдук илимдер академиясын аяктаган.
- 1934—1936-жылдары — бүткүл союздук Ленин жаштар коммунисттик союзунун (орусча ВЛКСМ) Кыргыз облустук комитетинин катышкан жаштарынын бөлүм башчысы.
- 1936—1938-жылдары — жумушчу-крестьян кызыл флотто кызмат өтөө (орусча РККФ). КПСС мүчөсү. (1938)
- 1938—1939-жылдары — Фрунзе шаарындагы «Коммунист» журналынын катчысы, рекдакторунун орун басары.
- 1939—1944-жылдары — Кыргызстан большевиктер коммунисттик партиясынын Тянь-Шань облустук комитетинин катчысы, 1944-жылы — Кырыгзстан большевиктер коммунисттик партиясынын Ысык-Көл облустук комитетинин катчысы.
- КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1946)
- 1947-жыл — «Кызыл Кыргызстан» газетасынын редактору, Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин үгүт жана агитация бөлүм башчысы.
- 1947 жана 1952-56-жылдары — Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин катчысы.
- 1955—1959-жылдары — Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1956)
- 1959—1960-жылдары — Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы Партия тарыхы институтунун ага илимий кызматкери. КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн (1959).
1960-жылдан 1978-жылга чейин — Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти. Бул кызматта иштеп жүргөндө академиянын түзүмдүк бөлүмдөрүн бекемдөө, илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий мекемелери менен чыгармачылык байланышты кеңейтүү боюнча чоң илимий-уюштуруучулук эмгек жасаган. Андан кийин тарых институтунда бөлүм башчы.
Каракеевдин Бишкектеги Илимдер Академиясынын алдындагы эстелиги
Ишмердүүлүгүнүн аркасынан Кыргыз ССРинде автоматика, физика, математика, тоо тектеринин физика жана механикасы, сейсмология, философия жана укук, биохимия жана физиология институттары түзүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын кээ бир башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү калыптанган.
1968-жылы СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 12 томдук СССРдин тарыхынын башкы редакциялык кенешинин мүчөсү. 1991-жылы Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп кайрадан шайланган, Россия илимдер академиясынын тарыхый-филологиялык илимдер бөлүмүнүн (ОИФН РАН) тарых секциясынын курамына кирген.
Анын катышуусу менен В. И. Лениндин эмгектери (кыргыз тилинде), КПССтин съезддеринин жана КПСС БКнын пленумдарынын материалдары жана чечимдери жарык көргөн. Коомдук-саясий китептерди жана окуу куралдарын которгон жана редакциялаган.
Ошондой эле советтик-индиялык достук коомунун вице-президенти жана анын Кыргызстандагы бөлүмүнүн төрагасы, чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун мүчөсү катары көп иштерди аткарган.
Каза болгонго чейин Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттеринин арасында эң улуусу болгон.
Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көл каласынын тарыхына арналган 350дөн ашык илимий эмгектердин автору, анын ичинде 10 монография. Бул эмгектери ар кайсы тилдерде жарыяланган: англисче, французча, немисче, арабча жана хинди тилдеринде. Анын башчылыгында 20 доктордук жана кандидаттык диссертациялар жакталган. Окуучуларынын көпчүлүгү илимий мекемелердин жетекчилери, Кыргызстанда гана эмес андан сырткары аймактарда көрүнүктүү жана белгилүү. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык илимий конгресстерге, конференция, симпозиумдарга илимий докладдары менен бир нече жолу катышкан.
Башка көрүнүктүү илимпоздор менен катар Кыргызстанда тарых илиминин пайдубалын түптөп, андан ары калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөктөшүү менен анын башатында турган.
2012-жылдын 13-ноябрында 99 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Каракеевдин Ала-Арча мемориалдык көрүстөнүндөгү эстелиги
Негизги эмгектери
- «Кыргызстан СССР элдеринин биртугандар үйүндө» (1957);
- «Советтик Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсү» (1962);
- «Пролетар интернационализмдин жана эл достугу идеяларынын советтик Кыргызстандагы салтанаты» (1963; К. К. Орозалиев, Т. У. Усубалиев жана В. П. Шерстобитов менен биргеликте);
- «Кыргыз ССРинин тарыхы, 2-том, 1-чыгарылыш» (1968, редактор);
- «В. И. Ленин жана Кыргызстандагы социалисттик курулуш» (1970, Ж. А. Алышбаев менен биргеликте);
- «Кыргыз ССРинин илимдер академиясы» (1974);
- «Улуу Октябрь жана Кыргызстандын илими» (1977);
- «Советтик эл — коммунизмдин куруучусу. 1-том» (1977, Ц. А. Степанян менен биргеликте);
- «Октябрь революциясынын Кыргызстандагы жеңиши: документтер жыйнагы (1917—1918)» (1977; редактор);
- «СССР билим берүүсү — лениндик улуттук саясаттын салтанаты» (1982);
- «Советтик көп улуттуу мамлекеттин курулушту башкаруудагы көйгөйлөрү» (1982; И. Я. Копылов жана Р. А. Саликов менен соавторлукта);
- «Чет өлкөлүк аскер интервенциясы жана жарандык согуш жылдарында Кыргызстандагы контрреволюциялык күчтөрдүн талкаланышы: документтер жыйнагы (1918—1920)» (1983; редактор);
- «Кыргызстан үч россиялык революцияларда» (1987; В. П. Шерстобитов менен биргеликте)
Сыйлыктары жана наамдары
- Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары (1941, 1958, 1960, 1965, 1983)
- Төрт «Эмгек Кызыл Туу» ордендери (№39139, 9-апрель 1946-жыл, №143070, 31-январь 1951-жыл, №357369, 15-февраль 1957-жыл, №3751864, 6-ноябрь 1973-жыл)
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы кайраттуу эмгеги үчүн медалы (№0226242, 28-январь 1946-жыл)
- ВСХВ медалы (1957)
- Ленинграддын 250 жылдыгына медалы (№000076, 26-июль 1957-жыл)
- «Ардак белги» ордени (№283972, 6-ноябрь 1963-жыл)
- Социалисттик айыл чарбадагы ийгиликтери үчүн күмүш медалы (1967)
- Кыргызстандын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлык (1970)
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка жыйырма жыл юбилейлик медалы (№1853713 7-май 1970-жыл)
- Ленин ордени (№404831, 20-июль 1971-жыл)
- «Кыргызстан в братской семье народов» китеби үчүн бүткүл союздук «Знание» коомунун биринчи даражадагы димлому (1972)
- «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» (1972)
- Академик Вавилов Сергей Ивановичтин димлому жана медалы (№91, 26-июнь 1973-жыл)
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка отуз жыл юбилейлик медалы (5-май 1975-жыл)
- Октябрь Революциясынын ордени (№54711, 17-сентябрь 1975-жыл)
- «Улуу октябрь жана Кыргызстан илими» китеби үчүн бүткүл союздук «Знание» коомунун биринчи даражадагы димлому (№354, 29-август 1978-жыл)
- Достук ишине кошкон салымы үчүн советтик коомдордун достук биримдигинин ардак белгиси (№1545, 2-ноябрь 1983-жыл)
- ЦК ВЛКСМ ардак грамотсы (1983)
- Эмгек ветераны (27-апрель 1984-жыл)
- СССРдин негизделиши — Ленин улуттук саясатынын салтанаты китеби үчүн алтын медал (1984)
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка кырк жыл медалы (7-май 1985-жыл)
- «Манас 1000» эстелик алтын медалы (1995).
- Академик И. К. Ахунбаевдин алтын медалы (1997)
- II (1997) жана I (2003) даражадагы «Манас» ордени (Кыргызстандагы илимдин калыптанышына кошкон салымы үчүн).
- Кыргыз ССРинин илим жана техника тармагынын мамлекеттик сыйлыгыгын лауреат медалы
- Правда гезитинин грамотасы
- РАН Президиумунун ыраазычылык грамотасы
- Бишкек шаарынын ардак жараны
- СССР куралдуу күчтөрүнө элүү жыл юбилейлик медалы
- Владимир Ильич Лениндин 100 жылдыгына карата кайрат эмгеги үчүн медалы
- Улуу Ата Мекендик согушка 25 жыл белгиси
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка элүү жыл юбилейлик медалы
Түбөлүктөө
- Осмонкул Ибраимовдун «Академик Каракеев» китеби (2013, Бишкек)
- Ала-Арча мемориалдык көрүстөнүндө Эстелик (2013, Бишкек)
- Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы имаратынын алдындагы эстелик (2014, 14-ноябрь)
- Академик К. Каракеев атындагы Ысык-Көл айыл-чарба техникуму
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 818, Өзгөртүлгөн: 2023-07-23,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо