Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Христофор Колумб

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Христофор Колумб

Христофор Колумб ким болгон? Азыр биз жер шаарын түштүк жана түндүк Америкасыз, Тынч океансыз элестете албайбыз. Бирок 15-кылымдын аягына чейин Европада алардын бар экендигин эч ким ойлогон да эмес. Генуя шаарынан чыккан италян саякатчысы "Христофор Колумб" Индия менен Кытайга баруучу деңиз жолун издеп, Африканы айланып баруучу чыгыш жакты көздөй эмес, али белгисиз Атлантика океанын кесип, батышты көздөй сүзө берсе, акыры Индияга кадиксиз жетүүгө болот деген ойго келди. Ал кезде анын бул ою акылсыздыктай көрүнгөн. Али эч ким сырын билбеген океан аркылуу кичинекей кемелер менен сүзүп өтөмүн деш чынында көзү жок эрдик эле! Узак жылдарга созулган талаш-тартыш, басынуу жана иренжүүдөн кийин акыры Колумб алтын менен жаңы бай жерге абдан муктаж болуп турган Испания королун эпке көндүрүүгө жетишти. Ошентип Колумбдун үч каравелласы - жол баштоочу (флагман) кеме - Санта-Мария, Нинья жана Пинта 1492-жылы августта Испаниянын жээгиндеги Палос шаарынан сапарга чыгат. Булар жолго чыкканда аба ырайы эң сонун болчу, пассат шамалы бир калыпта согуп, кемелер батышты көздөй зымырап сүзүп жөнөдү.

Ар бир кемеде капитанга арналган бирден гана каюта боло турган, калган деңизчилер болсо ачык палубада укташчу. Ачык океанга чыгып көрбөгөн деңизчилер адегенде чочулашты, анткени алар мурда жээк бойлоп гана сүзүшчү. Тиги кылаадан жашыл тилке көрүнгөндө, баары абдан сүйүнүп кетишти. Бирок бул жер эмес эле, бетин туташ балыр баскан Саргасс деңизи болуп чыкты. Бул - Колумбдун Атлантика океанындагы алгачкы ачылышы эле. Күн артынан күн өтүп жатты.

Айланада көк кылаага жалгашып чайпалган океандан башка көзгө эч нерсе илинбейт. Деңизчилер нааразылык билдире башташты. Бирок Колумбдун эсеби боюнча ушул кезде Индияга жетүүгө тийиш экендигин алар таптакыр билишпейт. Ошентсе да кургак жерден али дайын жок. Бирок "Христофор Колумб" деңизчилерди сабырдуулукка чакырды. Ал денизчилердин көңүлүн көтөрүп, аларга алтын менен таттуу тамак берүүгө убада кылды. Акыры андан да эч нерсе чыккан жок. Деңизчилер анын сөзүн угушпай: Эгер үч күндүн ичинде жер көрүнбөй турган болсо, кемени кайра бурабыз! - деген шарт коюшту, Колумб бул шартка көнүүгө аргасыз болду.

Айтылган мөөнөт аяктап калганда, түнкү саат экиде, кемеде вахтада турган матростун: Жер! Жер көрүп турам! - деген кыйкырыгы угулду. Бул бир чакан арал экен. Колумб аны Сан-Сальвадор деп атады. Андан кийин булар Кариб деңизиндеги ажайып Куба, Гаити жана башка толуп жаткан аралдарды басып өтүштү. Деңизчилер бул жерден Европада жок өсүмдүктөрдү - жүгөрү, тамеки, картошканы алгач ирет көрүштү.

Бардык жерде аларды жүздөрү кызыл табылгыдай болгон, узун бойлуу, сулуу адамдар тосуп алып жатышты. Индияга келдим го деп ойлогон Колумбдун айтуусу боюнча саякатчылар буларды индейлер деп аташкан. "Христофор Колумб" бар болгону Индияга барчу батыш деңиз жолун гана таптым деп эсептеген. Ал жаңы, али эч кимге белгисиз материкти ачкандыгын билген эмес. Акыры үчүнчү жана төртүнчү жолку сапарында, өмүрүнүн акыркы жылдарында гана ал Индияны эмес, кандайдыр бир башка дүйнөнү ачкандыгы жөнүндө шектене баштайт. Колумб Американы ачкандан кийин, испандыктар жаңы жерди басып ала баштайт. Алар өздөрүнүн турак-жайларын куруп, жергиликтүү калкты кулга айландырып же кырып жок кылышат. Көп узабай Колумб өзү да королдун сарайында касапка калып, эч кимге белгисиз жагдайда өлөт. Бирок тарых бардык нерсени өз ордуна коё тургандыгы белгилүү.

Ошондуктан азыр биз Колумбдун ысымын урматтап, аны жаңы жерлерди ачкан эр жүрөк жана кайраттуу деңиз саякатчысы катары билебиз. Христофор Колумб жонундо маалыматтка кошумча:

Достор Христофор Колумб жонундо кызыктуу фактыларды билесеңер бизге жазып койгула. Ал эми бул саякатчы тууралуу макалабызды кыргызчалап дайындаган Жеңишбеков Арзымат

Шилтемелер

Жайгаштыруу: 2018-05-16, Көрүүлөр: 9390, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо