Алыскы Атлантика океанында, Түндүк Американын дал жанында кичинекей арал жатат. Аны асмандан карасаң Кариб деңизинде калкып сүзүп, күндүн ысык нуруна балкый кактанып жаткан жашыл кескелдирик сыяктанат. Кубанын кайсыл гана жеринде болбосун эгер адам сууга чөмүлгүсү келсе, автобус менен деңизге барып, каалашынча сууга сүзүп, ошол эле күнү кайра үйүнө келе алат. Анткени узатасынан созулуп жаткан бул аралдын эң эндүү деген жеринде жээктердин ортосундагы аралык болгону 230 чакырым. Ал эми Кубанын климатычы! Эң суук ай - январда термометрдин сымап мамычасы 21 градус жылуулукту көрсөтөт.
Ырас, кубалыктар мындай температураны суук деп эсептешет. Куба тропиктик өлкө, мында банан жана ананас, кофе жана балкамыш өсөт. Дүйнөдөгү эч бир өлкөдө балкамыштан Кубадагыдай мол түшүм алынбайт. Куба аралы 1492-жылы Христофор Колумб тарабынан ачылган. Испандык колониячылар келгенге чейин аралды араваки индейлери жердеген. Испандыктар жергиликтүү индейлерди аёосуз кырышып, плантацияларды иштетүү үчүн Кубага Африкадан негрлерди алып келишкен. Куба Испаниянын эң бай колонияларынын бири болгон. Ага көз арткан АКШ 1898-жылы Испанияга каршы согуш жарыялап, 1907-жылы Куба көз каранды эмес мамлекетке айланган. Бирок Куба экономикалык жактан АКШга көз каранды болуп калган.
1959-жылы Фидель Кастро бийликке келип, кубалыктар өнүгүүнүн социалисттик жолуна түшкөн.