Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Китеп жөнүндө ырлар, учкул сөздөр

Баш барак | Адабият | Китеп жөнүндө ырлар, учкул сөздөр

Кезектеги макалада "китеп жөнүндө ырлар", атактуу адамдар китеп тууралуу айткан учкуч сөздөрүн чогултуп, чакан текст даярдадык. Бул макалага Силер дагы китеп тууралуу өз ырларынарды, макал-лакаптарынарды жаза кетсеңиз болот.

Адаттагыдай темага байланыштуу маалыматтар ылдый жакка, шилтеме менен берилмекчи.

Китеп тууралуу ырлар

Билим кенчи
Ким китеп окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.

Бул китептин баркын билет окуган,
Билимсиздин эмне келет колунан.

Китепте акылмандын насааты бар,
Башкаруу ыкмалары эсте турат.

Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде.

Билимдүү китептердин баркын билет,
Окуган - акыл оюн эске түйөт.
(Жусуп Баласагын)

Китеп
Билбегенди билгизген,
Мээге сезим киргизген.
Ак булуттун үстүндө,
Айга жакын жүргүзгөн.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.

Турмуш сырын үйрөткөн,
Көркөм, чечен сүйлөткөн.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Табиятты бийлеткен.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.

Эл достугун сактаган,
Эрк, таалайды мактаган.
Согуш өртүн өчүрүп,
Бейкуттукту жактаган.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.
(Аалы Токомбаев)

Китепти сүй
Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук, акыйкат,
Анын ар бир барагы.

Таалайдын жолун көрсөтүп,
Чакырып турат келчи деп.
Арамдыктан тазалап,
Жакшылыкка ээрчитет.

Ошондуктан баркын бил,
Кирдебесин бир чети.
Айрып, жазып булгабай
Жакшы сакта китепти.
(Алыкул Осмонов)

Китептин душманы
Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын
Орой койсо бир нерсе:
Ал - китептин душманы.

Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Барактарын шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө:
Ал - китептин душманы.

Бардыгынан ким жаман?
Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан
Наалат алсын ал адам:
Ал - китептин душманы.
(Алыкул Осмонов)

Китеп
Китеп деген бир укмуш,
Камтыйт аалам сырларын.
Талбай окуп, түшүнүп,
Акылдуу бол, бил баарын.

Китеп өзү сыйкырдуу,
Бүт кубулуш ичинде.
Үйрөнгүнүң бүт жумшап
Эркиң менен күчүңдү.
(Алматай Чойбекова)

Белгисиз авторлордон төрт сап ырлар

Окугула китепти,
Окугула жадабай.
Жакшысынан, пайдасынан,
Чогулткула назданбай.

Алиппенин барактарын,
Тытпагыла балдар ай.
Калбайлы биз заманадан,
Калың китеп окубай.

Акыл калчап, түшүнүп,
Маанисин биле окугун.
Түшүнбөсөк жазганды,
Не кереги окуунун.

Жазуучулар жазышат,
Мемуарды, повестти.
Жазма, дептер, күндөлүк,
Жаралат китеп ушинтип.

Акылы "китеп" - деп турган,
Адамды теңтуш кылгыла.
Жалкоом кармайт окубайм,
Дегендерден качкыла.

Жакшы китеп жан-досту,
Камдагыла кыздар ай.
Өткүчө өмүр аягы,
Курбуң болот ал дагы.

Окуп жүргөн китепти,
Кордобогун балакай.
Жакшылыктан эч нерсе,
Каалабастыр ал сага.

Китепти таштап талаага,
Жакпа отко балам ай.
Кулагыңа ар сырга,
Унутпагын кызым ай.

Үй жасагын китепке,
Жакшынакай текчеден.
Кызматыңда дайыма,
Сенин болсун ал пендең.

Чыгарманын баарысы,
Поэма, роман, аңгеме.
Бул да болсо китептин,
Туугандары достору.

Сыртын каптап тон менен,
Жакшы ичик токуймун.
Чаң баспасын, үшүбөсүн,
Алтындан кымбат китебим.

Илим-билим пайдалуу,
Талыкпастан сен дайым,
Көп-көп окуу ардагым.

Сайрап турсун ар үйдө,
Тамгалары китептин.
Заманы жакшы, турмушу,
Китеби бар адамдын.

Адепсиз жолго түшпөйлү,
Китептин жолун тоспойлу.
Жамгырдай төксүн билимин,
Кагылайын коркпогун.

Таш тергендей тергиле,
Тамгаларын, сөздөрүн.
Окудум деп мактанбай,
Маанисин түшүнө билгиле.

Айдан-айга сугарып,
Өстүргүлө билимди.
Өсүп чыкса чоңоюп,
Түшүмдү берер кеңири.

Иштей турган акылды,
Курчутуп тургун ар дайым.
Өгөө болот бул үчүн,
Китеп аттуу жан-курбуң.

Орундайт максат, кыялдар,
Курчуган акыл китеп менен.
Алгалатат ар ишти,
Ушул адам шериги.

Көп томдуу барактар,
Журнал, сөздүк, альбомдор
Бул китептин туугандары,
Чыгарбагын эсиңден.

"Китеп жөнүндө ырлар" чакан жыйнак менен таанышкан соң, атактуу адамдардын цитаталарына орун берели. Сиз дагы бул жерге өз салымыңыздарды кошууга толук мүмкүндүк бар. Китеп эзелтен бери адамдын руханий ички дүйнөсүн байытып, билим деңгээлин көтөрүп келгенинде шек жок.

Китеп жөнүндө учкул сөздөр

  1. Китептер - акыл-эстин перзенти. Свифт
  2. Китеп адамды канаттуу кылат. Ф. В. Гладков
  3. Сен китепти ачасың, ал сени... Ч. Айтматов
  4. Китептери жок үй, жаны жок денедей. Цицерон
  5. Дүйнөдө китептен сүйкүмдүү дос жок. А. Навои
  6. Ар бир китепти окуганды билүү керек. Б. Паскаль
  7. Китептер адам үчүн ажайып дүйнө ачат. Д. Гершель
  8. Эч качан жеңил-желпи китептерди окубагыла. Р. Эмерсон
  9. Китептер - акылмандыкты арбыткан шайман. Я. Коменский
  10. Көп китептен пайда жок, мыкты китептерден гана пайда бар. Сенека
  11. Китептерди коллекциялоо - ал дагы өзүнчө Университет. Т. Карлейль
  12. Колунда жакшы китеби бар адам эч качан жалгыз болбойт. К. Гольдони
  13. Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар. Э. Борк
  14. Адамдын ким экенин, анын кызыккан китебинен байкоого болот. С. Смайлс
  15. Бизди терең ойлонууга мажбур кылган китептер, эң пайдалуу китептер. Т. Паркер
  16. Жакшы, кызыктуу китеп көп билим берет, көп жакшы ойлорду ойготот. К. Крупская
  17. Жакшы китеп, автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас. А. Аддисон
  18. Китеп окууну жакшы көрбөгөн адамдар, ой жүгүртүүнү да жакшы көрүшпөйт. Д. Дидро
  19. Жаман жолдоштун таасири кандай болсо, жаман китептин таасири да ошондой. Филдинг
  20. Окуу, окуу жана окуу!, мен аз билем, бирок көп билүүгө далалат кылам. В. И. Ленин
  21. Жакшы китепти окуган соң, адам өзүн кубаттуу, акылдуу, адептүү сезет. Я. Судрабкалн
  22. Дүйнөдө мыкты китептер көп, бирок алар окуй билгендер үчүн гана мыкты. Д. И. Писарев
  23. ...билим алууга жана анын жемишинен пайдаланууга бардык адамдардын укугу бар. Ф. Энгельс
  24. Китеп - биздин доордун күзгүсү. Анын кары-жаштын бардыгына бирдей кереги тийет. Г. Белинский
  25. Ар түрдүү жолдор менен адамзатты начар жана керексиз китептерден куткаруу керек. С. И. Вавилов
  26. Китеп - өмүрдүн ыраакы жана караңгы жолунда адамга нур тартуулаган, жомоктогудай шам чырак. А. Упит
  27. Жакшы китеп жазуу үчүн өмүрдүн жарымы аздык кылса, аны оңдоо үчүн өмүрдүн калганы аздык кылат. Ж. Руссо
  28. Китеп адамды ааламдын кожоюну кылат. Китеп окушпаган үй-бүлө - жан дүйнөсү өксүк үй-бүлө. П. А. Павленко
  29. Китептер - булар мыкты достор. Өмүрдөгү кыйчалыш учурда ага кайрылууга болот. Алар эч качан жазгырбайт. А. Додэ
  30. Китепсиз адам жашоосунун маңызы жок. Китеп биздин досубуз гана эмес, китеп биздин түбөлүк жандоочубуз. Д. Бедный
  31. Эгер китепти кунт койуп окуп, андан даанышмандыкты издесең, анда өзүңдүн жан дүйнөңө зор пайда келтиресиң. Нестор
  32. Бардык нерсенин көп болуп жаман болгонунан көрө, аз болуп жакшы болгону дурус. Китеп да дал ошонун сыңарындай. Н. Толстой
  33. Китептер - тилекти пайда кылып, аны өмүргө чакырып, ой толгоого кириптер жасап, ой пикирдин өз алдынчалыгын тарбиялайт. С. Г. Струмилин
  34. Китеп - өзүнүн баа жеткис жүгүн жүктөп алып кылдаттык менен мезгилдин толкунун жиреп укумдан тукумга карай багыт алган ойдун кемеси. Ф. Бекон
  35. Дүнүйө абдан кең. Өз көзүңөр менен анын кыпындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле. В. А. Обручев
  36. Накта чыныгы билимдүү болуш үчүн адам мыкты китептерди, башкача айтканда акыл эстүү жана терең ой жүгүрткөн адамдар жазган китептерди тандоосу керек. У. Чэннинг
  37. Китеп - сыйкырчы. Дүйнөнү жаңырткан да китеп. Адамзаттын өлбөс-өчпөс изи да китепте. Ал адамдын оюнун жарчысы. Китепсиз дүйнө жапайылардын дүйнөсү. Н. А. Морозов
  38. Китеп - биздин ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүбүздү кыймылга келтирген чакан курал, ал биздин акыл-эсибиздин ыкшоолугу менен болгон күрөштө көмөк берген кыймылдаткыч. Э. Фагэ
  39. Китепке ээ болуу биздин ата-бабабызга азапка турган. Азыркы убакта биз китепти тандай албай кыйналабыз. Биз окуу үчүн китепти тандоодо көсөм болушубуз керек. Д. Леббок

Асыл ойлор

Колдонуучулардан

Ким китепти окуса,
Китеп ошонун жакыны.
Ким китепти айрыса,
Ошол китептин душманы.
(Адем Максатбек кызы)

Турмуш сырын үйрөткөн,
Көркөм чечен сүйлөткөн.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Табиятты бийлеткен.
Китеп-менин акылым,
Китеп-менин жакыным.
(Нурай)

Ардактуу колдонуучу, Сизден дагы өтүнүп кетээр элек "китеп жөнүндө ырлар", макал-лакаптар болсо ушул макаланын астына кошуп койгула, авторун көрсөтүүнү унутпагыла. Сын-пикирлер, калоо-тилектер дагы жакшы кабыл алынат. Увраж, фолиант, альманах, новелла, эскерүүлөр, памфлет, очерк, этюд дегендердин китепке кандай тиешеси бар?

Жайгаштыруу: 2019-12-04, Көрүүлөр: 250754, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу