Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Корком окуу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Корком окуу

"Корком окуу" сөз айкалышы 19-кылымдын ортосунда активдүү колдонула баштап, көркөм сөз чеберчилигин жана бул нерсеге балдарды үйрөтүүнүн тартиби болуп саналган. Көркөм окуу - бул сөз аркылуу жогорку көркөм эмгек толгон сезимталдык жана ой жүгүртүү, автордун чыгармасына аткаруучунун жеке баасын берүү.

Көркөм окуу - бул эске тутуп көркөм айтып берүү же адабий сүйлөөнү кармоо менен китепти окуу. Ошол эле убакта чыгарманын образдык жана идеялык мааниси толук берилет. Көркөм окуу тилди үйрөнүү ыкмасы катары колдонулат:

Окуп чыгуу ченөлчөмү. Окуу төрт ченөлчөм аркылуу мүнөздөлөт:

Текстти көркөм окуп чыгуу - оозеки сүйлөө аркылуу дилбаяндагы ойду жана сезимди чынчыл, так алып берүү жөндөмүн издеп табуу. Алып берүүнүн бул түрү - интонация.

Интонация - бул оозеки сүйлөөнүн түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттенишүүсү (ылдамдык, угулуу, басым, ритм, тыныгуу). Түзүүчүлөр бири-бирин коштоп турат. Алардын өз ара аракеттенишүүсү тексттин мазмуну жана эмоциялары аркылуу, автордун окуй турган адам алдына койгон максаты аркылуу пайда болот.

Көркөм окууга үйрөтүү принциптеринин мүнөздөмөсү
"Корком окуу" принциби - көркөм мааниге жана дилбаяндын көздөмүнө жетүү. Угуучуларга текст канчалык деңгээлде түшүнүктүү болуп жатканын билүү маанилүү. Окууну таасирдүү кылууга окуп жаткан учурдагы тапшырманы, максатты түшүнүүгө жардам берет. Чыгарманы алып берүү ийгилиги көпчүлүк учурда окуп жаткан адамдын сүйлөөсүнүн кооздугунан, тууралыгынан, ачыктыгынан көз каранды. Мазмуну текстти алып берүүдө кайсы ыкманы колдонуу керектигин так аныктоого шарт түзөт.

Көркөм окууда төмөнкү ачыктык түрлөрү колдонулат:

Интонация
Окуу убагында интонациянын жана анын элементтеринин орду абдан чоң, андыктан сүйлөө көркөмдүүлүгүнүн калыптануусунда интонациялык ачыктыкка өзгөчө көңүл бөлүү керек.

Интонация компоненттери:

[ushka=seredina]

Адабий эмгектин мугалимдин, окуучунун, актёрдун аткаруусундагы көркөм окуу бири-биринен айырмаланат, анткени көркөм окуу шарттары ар кандай. Актёрдун абдан жакшы үнү жана башка каражаттары бар, мындан сырткары, окууга жакшылап даярдануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мектеп окуучусуна башкача талаптар коюлат. Мыкты окуган адамдардын эл алдында окуп жаткан видеолорун көрүп, чыгарманы туура интонациялык түрдө окууну үйрөнүүгө болот.

Көркөм окуу принциптери
Көркөм окуу эрежеси мектеп окуучуларына адабий окууну тез жана үзүрлүү окуп үйрөнүүсүнө жардам берүүчү сунуштардын бирикмеси болуп саналат. Окуу боюнча колдонмо катары китепче китептерге мамиле жасоо маданиятын иштеп чыгууга багытталып, мазмунуна туура окуу жана даярдануу тууралуу сунуштамаларды камтыйт.

Көркөм окуу сабагы адабий чыгармага кызыгууну жаратып, образдык сөздү сүйүүнү жаратуусу керек.

Ата-энелерге баланын окууга болгон кызыгуусунун калыптануусу боюнча кеңештер

Көп жылдардан соң, наристеңиз чоңойгондо китептер аркылуу жакын жана кымбат адамдардын, өз үйүнүн жылуулугун ала алат.

Ата-энелердин эсине:

Наристелерге сунушталуучу адабият
Балдардын адабий чыгармалары жана алардын авторлорунун чыгармачылыгы тууралуу билүү ата-энеге наристеси үчүн китеп тандоого жеңилдик берет. Бул мындан сырткары, мугалимдин, тарбиячынын, балдар менен иштеген адистин кесипкөйлүүлүгүнүн алмашкыс бир бөлүгү болуп саналат. Көркөм окуу боюнча практикуму бар балдар адабияты ата-энелерди жана мугалимдерди балдардын акындарынын жана жазуучуларынын адабий чыгармалары менен тааныштырат, максаты балдарга арналган адабий чыгармаларды анализдөө болуп саналат. Наристенин адам катары калыптануусундагы адабий окуунун маанилүүлүгү да каралат.

Балдар адабияты жана балдарга арналган адабият боюнча тарыхий, хронологиялык жактан алып берүү ыкмасы. Мындан сырткары, бул жерге көркөм окуу боюнча логикалык негизделген практикум да кирет.

Мектеп окуучусу үчүн окуу боюнча колдонмо
Мектеп окуучуларына арналган окуу боюнча сунушталмалар текстти жана ырды көркөм окууну тез жана үзүрлүү үйрөнүүгө жардам берет, китеп менен иштөөгө үйрөтөт.

Эскертме №1: Окуу эрежелери

Эскертме №2: Көркөм окуу

Эскертме №3: Китеп менен туура иштөө
Китеп менен туура иштөөнү, басма булактардан алынган маалыматты иштеп чыгууну билүү жогорку класстардын окуучулары үчүн абдан маанилүү. Үй тапшырмалары, класстан иштөө көп убакытты алгандыктан, китеп менен туура иштөөнү билбегендик мектептеги жетишкендиктерге таасирин тийгизет. Иштин мындай жагдайы окуучу чарчап, билимди начар кабыл алуусуна алып келет.

Ырды көркөм окуу
Поэзия наристеге көркөм окуунун маанисин эң мыкты түшүндүрүп бере алат. Жакшы окуй алган адам белгилүү ырды же текстти окуп жатканда угуучулар жаңыча түшүнө башташат. Окуп жаткан адамдын маанайы угуучуларга өтөт.

Мектептеги адабият сабагы көркөм образдык сөзгө кызыгууну, китепке болгон сүйүүнү жаратат. "Корком окуу" - угуучуларга чыгармадагы ойду, анын идеялык мазмунун жеткирүүчү маанилүү ык. Көркөм тексттеги же ырдагы каармандын эмоцияларын ачып берүү. Текстти окуп жатып угуучунун жүрөгүнө сүңгүп кирүү жөндөмүн табууга кесипкөй окуган адамдардын аткаруусу чагылдырылган видеолор жардам берет.

Дайындагандар: Мүсүралиев Н., Желденов Б.

Жайгаштыруу: 2019-02-11, Көрүүлөр: 30837, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо