Байыртадан эле дельфиндер жөнүндө жомоктор көп. Грек уламышында бир дельфин окуучу баланы кысык аркылуу күн сайын мектепке жана кайра үйүнө жеткирип турчу экен. Бир күнү бала ооруп, каза табат. Дельфин аны демейдегидей эле көнүмүш жерден көпкө күтүп, акыры өзүнүн кичинекей досуна болгон кусалыктан өлгөн экен. Грек тарыхчысы дельфиндер балыкчыларга балыкты торго айдап киргизгенге жардам дашып, ал үчүн балыкчылардан сый көрүшкөн, башкача айтканда шарапка чыланган бир сындырым нан жешкен деп айткан. Пилорус Жек аттуу дельфин 30 жыл бою кемелерди Адмиралтейство кысыгы аркылуу Жаңы Зеландияга узатып жүргөн. Бул дельфинди коргоо жөнүндө атайын мыйзам чыгарылган. Дельфиндер сүт эмүүчүлөргө кирет, алар сууда жашаса да, аба менен дем алат. Алар 14-40тан болуп тобу менен жашашат.
Эгер бир дельфин жардамга чакырса, калгандары тез сүзүп келишип, аны эки капталынан көтөрүп, дем алууга суунун үстүнө чыгарып кармап турат. Алар чөккөн адамга да ушундай жардам көрсөтүшөт. Көп учурда дельфиндер кемелерди ачык океанда узатып жүрүшөт. Алар жылтылдаган торпеда сымал денелери менен толкунду как жарып, өтө ылдам сүзүшөт. Капысынан эле макулдашкансып ар кайсы жерден түгөйү менен, учтөн жана тобу менен суудан эки метрдей бийикке секиришет. Анан жаа сыяктуу ийилип сууга чумкушат да, бир секунда өтпөй кайрадан секиришет.
Алар саатына 50 чакырымга чейинки ылдамдык менен сүзүшөт. Адамдар дельфиндерди изилдөөнү жакыңда гана башташты. Аны өлтүрүүгө тыюу салынган. Илимпоздор дельфиндин маймыл менен иттен зээндүү экендигин аныкташкан. Дельфиндер бири-бирине ышкырык сыяктуу үн менен кайрылышат. Алардын айрымдарын адам ажырата албайт. Бирок колго үйрөтүлгөн дельфиндер кишинин сөзүн тууроого тырышчаактык менен аракет кылгандыгы аныкталган. Алар бири-бирине кайрылууда ультра үн да чыгарышат. Биз аны уга албайбыз.
Ультра үн дельфинге ылай сууда жана караңгыда жол табууга, тирүү балыкты жансыз нерседен, ошондой эле ар кандай чоңдуктагы жана формадагы нерседен айырмалай алуусуна жардам берет.