TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Кит макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кит, же киттер (грекче κῆτος — «деңиз чоң жаныбары» же «деңиз ажыдаары») — дельфиндер жана деңиз чочколоруна таандык болбогон кит сымалдуулар (латынча Cetacea) инфраотрядындагы деңиз сүт эмүүчүлөрү. Косатка жана гриндалар өзүнүн официалдуу эмес аталыштарында «кит» сөзүнө ээ («өлтүргүч кит»), бирок, таксономия боюнча алар дельфиндерген таандык. Эскирген классификацияда кит деп жылмакай киттерди аташкан (латынча Balaenidae). Эзелки убакта «кит» деп левиафандарды дагы аташчу. Бир караганда кит өтө зор балыктай көрүнөт: денеси да окшош, сүзгүч канаттары деле анча айырмаланбагандай. Бирок, кит балык эмес — анын бакалоору болбойт, өпкөсү менен дем алат. Макала мазмуну Жалпы маалымат Кызыктуу фактылар Жалпы маалымат Кит суу астында көпкө жүрө алат, бирок баары бир аба жутуу үчүн суу үстүнө калкып чыгышы керек. Кит дем алып чыгарган абада суу буулары көп. Дем чыгарганда суу буулары таноолордон чыгып баратып муздайт да, эң майда суу тамчыларынан турган мамычага айланат. Деңизде кээде киттин өзүнөн мурда анын фонтаны көзгө чалдыгат. Кит — сүт эмүүчү жаныбар. Алар балдарын тирүү тууп, сүт эмизип багышат, ошондуктан сүт эмүүчүлөр түрүнө кирет. Киттердин түрү көп. Окумуштуулар аларды тиштүү жана тишсиз (муруттуу) киттер деп эки топко бөлүшкөн. Тиштүү киттердин эң чоңу — кашалот. Анын узундугу 15-20 мге жетет. Ал кальмарларды жегенди жакшы көрөт. Аларды кууп, 1 чакырым тереңге да чумкуйт. Кашалот суу үстүнө чыкпай 1-2 саат жүрө алат, анткени өпкөсү өтө чоң. Анын оң таноосу бүтөлүп, аба чогулуучу зор баштыкка айланган. Түндүктөгү деңиздерде тиштүү башка киттер — түндүк дельфиндер менен найза тумшуктар көп. Түндүк дельфиндердин үйүрү жээкке жакындаганда алардын кулак тундурган ызычуусу угула баштайт. Найза тумшук киттин тиштери анча өнүккөн эмес, бирок маңдай тиштеринин бири өтө узарып, найза сымал куралга айланган (бир караганда найзасы тумшугунда болгонсуп көрүнөт, ошондуктан найза тумшук аталган). Түндүк дельфиндер менен найза тумшуктар көп жагынан дельфинге окшош жана ал сыяктуу эле балык менен азыктанышат. Тиштүү киттердин дагы бир түрү — колоң киттер (косаткалар). Алар башка киттерден кичирээк келип, узундугу 8-10м болот. Колоң киттер тюлендер менен деңиз мышыктарына кол салышат. Олжосун курч тиштери менен бөлө чайнайт. Алар ал түгүл өз уруусундагы тишсиз киттерге да чабуул коюп, бул коргоно албаган жаныбарлардын жумшак жана майлуу тилин жулуп жегенге аракет кылышат. Алп киттер колоңдордон качып, коркконунан кээде дарыялардын чатына сүзүп кирип, кээде жээкке чыгып калышат. Тишсиз киттерге жаян киттер (жол-жол же сызыктуу киттер деп да аташат, анткени курсак териси жол-жол болуп катмарланып турат), боз киттер (моюн терисинде гана эки—үч катмары болот), жылма киттер кирет. Жаян киттердин ичинде дүйнөдөгү эң чоң жаныбар болгон көгүш кит бар. Анын узундугу 33 метрге, салмагы 150 тоннага жетет. Мындай кит 50 пилден да салмактуу! Бул киттин жаңы туулган баласынын узундугу 6-8м болуп, 100л сүттү бир эле эмет. Тишсиз киттердин оозу абдан чоң. Эмнени болбосун жутчудай көрүнөт. Бирок, ал планктондогу майда рак сымалдар менен азыктанат. Анын кызыл өңгөчү өтө тар. Үстүңкү жаагында эки катар мүйүз калакчалары салаңдап турат. Ал киттин муруту сыяктанат (ошондуктан тишсиз киттерди муруттуу киттер деп да аташат). Кит оозуна сууну толтуруп муруту аркылуу сызылтып чыгарат. Рак сымалдар мурутка кептелип оозунда калат. Бир суткада кит 2-4 тонна азык жейт. Бир жолку азыгына гана миллиарддаган рак сымал талап кылынат. Тоё азыктануу үчүн ага көп эмгектенүүгө туура келет. Жазында бардык киттер семирип келүү үчүн жайлоого — суусу муздак деңиздерге кетишет. Күзүндө төлдөө үчүн жылуу деңиздерге кайтышат. Бул саякатында алар 10 миң км чейинки аралыкты сүзүп өтүшөт. Китке илгертен эле анчылык кылышкан. Анын эти, майы, сөөгү, териси — баары тең керектелет. Бездеринен дары жасалат. Муруту да өтө баалуу. Киттерге ач көздүк менен анчылык кылуудан алар өтө азайып кеткен. Азыр аңчылык кылууга катуу чек коюлган. Кызыктуу фактылар Киттер кургакта жүрүүчү ача туяктуу сүт эмүүчү жаныбарлардан келип чыккан, бул 54 миллион жыл мурда болгон. Ошого карабастан киттердин ири денелеринде азыркыга чейин кургакта жүрүүчү жаныбарлардыкындай түктөр бар. Терисинин калың май катмарынын жардамы менен булар өтө муздак сууда да кыңк этпей жүрө беришет. Уйкуга киргенде булар кез-кез суу үстүнө дем алуу үчүн чыгып турушат, ушуга байланыштуу белгилүү бир убакта киттердин жарым мээси гана иштейт, калга жарымы уйкуда болот. Көк киттин тили 4 тонналык салмакта болот. Бул жандык ушунчалык зор дейсиңер, көзүңөр менен көрмөйүнчө элестетүү мүмкүн эмес. Киттер 100 күн уктабай, ошондой эле 10 ай тамак жебей жүрө алат. Киттер секундасына 2000литр абаны дем алышат, оозу менен дем албай, баш жагынын артындагы, жонундагы дем алуучу органы менен дем алат. Грендландия киттери суу үстүнө чыкканда 6 метрге чейинки фонтандарды чыгарышат. Киттердин кан тамырлары орточо чаканын диаметри менен теңдеш. Ири жүрөк органы 8000 литр канды организми аркылуу айландырып турат. Айтмакчы, көлөмү 2-4 метрдей, салмагы 200-500 кг чамалуу. Күнүнө 8 миллионго чейин каллорий тамак жей алат. Билесиңерби, киттердин кулагы жок болот, алар ылдыйкы жаагы менен угат. Көрүүсү начар, жыт жана даам сезүүсү таптакыр жок. Өтө терең сууларда киттердин көзүнөн майлуу жаш агат, ал алардын көздөрүн туздардан сактап, жакшы көрүүгө жардам берет. Киттердин куйруктары адамдардын манжа изиндей уникалдуу болот - окшошторун табуу мүмкүн эмес. Киттер 3,5 чакырым тереңдикке чейин чуңкуй алат. Тереңдикте жүргөндө ички органдарынын иштөөсү жайлайт, мисалы, жүрөгү мүнөтүнө 10 жолу эле согуп калат. Бул сүт эмүүчүлөр суу ичпейт, сууну, башкача айтканда нымдуулукту жеген тамагынан алат. Айрым киттердин жашоосу 100 жылга чейин жетет. Киттердин сүтү өтө коюуу болот, тиш пастанын коюуулугундай, буга себеп андагы май менен белоктун 50 пайздан ашык болушу. Киттердин майрам күнү бар - бул 19-феврал бүткүл дүйнөлүк киттер күнү.