TYUP.NET
Баш барак | Жаныбарлар | Керик (носорог)

Керик (носорог)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Кериктер (орусча носорог, латынча Rhinocerotidae) — ача туяктуулар эмес түркүмүндөгү керик сымалдуулар түркүмчөсүнө таандык сүт эмүүчү жаныбар. Өзүнө Африка жана Азияда жайылган беш заманбап түрүн камтыйт.

Африкалык түрлөрү: ак (Ceratotherium simum) жана кара керик (Diceros bicornis).

Азиялык түрлөрү: Индия кериги (Rhinoceros unicornis), Яван кериги (Rhinoceros sondaicus), Суматра кериги (Dicerorhinus sumatrensis)

Эл аралык илимий аталы: Rhinocerotidae Gray, 1821 (Джон Эдуарт Грей тарабынан). Болжолдуу 46,2 млн жыл мурун пайда болгон.

Жаныбардын эң негизги айырмалоочу белгиси — анын мурдунун үстүндөгү мүйүзү, аталышы да ушундан келген. Бизде болсо керик деп коюшкан. Түрүнө жараша мүйүзү бирөө же экөө болушу мүмүкүн. Денеси салмактуу, буттары кыска жана жоон.

Керик кандай жаныбар? Илгери бул жаныбарлар жердин дээрлик бардык булуң-бурчтарында жашаган десе да болот. Азыр алар Африка менен Азиянын айрым жерлеринде гана сакталып калды. Бирок бул жерлерде деле болгону бир нече миң керик жашайт. Мындай болуунун себеби да түшүнүктүү: кериктерди жергиликтүү эл эти менен майы үчүн, ал эми аңчылар мүйүзүн алып сатуу үчүн кырышкан. Мындан бир нече ондогон жыл мурда эле Африкадан он миңдеген килограмм керик мүйүзүн алып келип турушкан.

Ал эми кериктин мүйүзү чоң болгону менен (айрым түрлөрүндө мүйүзүнүн узундугу 70 смден ашат) анча деле оор эмес. Анткени анын ичи көңдөй, мүйүз жипчелерден турат, бирок өтө катуу болот. Жүз килограмм мүйүз жыйноо үчүн канча керик өлтүрүү керек? Ошондуктан кериктер өтө аз калды. Кериктин мүйүзү назик жипчелерден турса да, өтө коркунучтуу курал.

Узундугу 2-4 м, бийиктиги дээрлик 2 м, салмагы 2-3 т болгон зор жаныбар оркойгон чоң мүйүзүн кезеп, чуркап келатканын элестетип көргүлөчү! Ал жолуна туш келгенди оңдурбайт го.

Бирок каарданган керик жакын келгенде бир аз четке чыга берсең, ал күүлөнгөн бойдон жандап өтүп кетет. Себеби көзү начар көрөт.

Каары келгенде керик эмнени болбосун талкалап, жанчат. Ири жаныбарлар бул алпка кол салууга батынбайт, бирок чымын-чиркейлер аны каалагандай талашат. Калың териси да алардан коргой албайт. Ал күндүзү көлөкөлүү жерде буттарын бүгүп, капталынан жата берет. Анын карылдап-шарылдаганы ошол тегерекке угулуп турат.

Түнкүсүн азык издеп жөнөйт. Кериктин карыны абдан чоң: узундугу — 1,5 м, туурасы — 75 см. Курсагын тойгузуу үчүн керик түнү бою чөп, жалбырак жана башка бардык эле жарактуу өсүмдүк тоюттарын тынбай жейт.

Жашоо образы

Кериктер жалгыз жашашат, бирок саванналарда анча чоң эмес топторго биригиши мүмкүн. Эркек кериктер ургачылары үчүн олуттуу кармашка түшүшү мүмкүн. Ургаачы керик баласын 15-18 ай боюнда көтөрөт. Баласы туулгандар тарта энесинин жанында эки жарым жылдай болот. Эгер бул убакта дагы бир баласы туулса, улуу баласын энеси убактылуу кууп жиберет.

Айтылгандай эле күндүзү кериктер уйкуда болот, күн батканда же түнкүсүн активдүү азыктанып же азык издеп жүргөнү байкалат. Сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен булар коркок жана сак жаныбарлар, адамдан оолак жүрөт. Бирок өзүнө кандайдыр бир коркунучту сезсе кол салышат. Кол салуулары көзүнүн начар көргөндүгүнөн таамай болбосо да, ири салмак жана курч мүйүзүнүн эсебинен өлүмгө алып келүүчү жаракаттарды жаратат. Жаныбардын чуркагандагы ылдамдыгы саатына 45 кмге чейин жетет.

Көп учурда кериктердин үстүндө чымчыктар конуп турганын көрүүгө болот. Булар анын терисиндеги курт кумурскаларды жеп, мителерден тазалайт. Бала кериктер мышыктар түркүмүндөгү ири жырткычтардын жеми болушу мүмкүн, чоң кериктин болсо адамдан башка душманы жок.

Керик жонундо кызыктуу фактылар

Кошумча шилтеме

Көрүүлөр: 3700
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо