TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Керик (носорог) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Керик кандай жаныбар? Кезектеги макалабызда керик жонундо маалымат берүүгө аракет кылалы достор. Илгери бул жаныбарлар жердин дээрлик бардык булуң-бурчтарында жашаган десе да болот. Азыр алар Африка менен Азиянын айрым жерлеринде гана сакталып калды. Бирок бул жерлерде деле болгону бир нече миң керик жашайт. Мындай болуунун себеби да түшүнүктүү: кериктерди жергиликтүү эл эти менен майы үчүн, ал эми аңчылар мүйүзүн алып сатуу үчүн кырышкан. Мындан бир нече ондогон жыл мурда эле Африкадан он миңдеген килограмм керик мүйүзүн алып келип турушкан. Ал эми кериктин мүйүзү чоң болгону менен (айрым түрлөрүндө мүйүзүнүн узундугу 70 смден ашат) анча деле оор эмес. Анткени анын ичи көңдөй, мүйүз жипчелерден турат, бирок өтө катуу болот. Жүз килограмм мүйүз жыйноо үчүн канча керик өлтүрүү керек? Ошондуктан кериктер өтө аз калды. Кериктин мүйүзү назик жипчелерден турса да, өтө коркунучтуу курал. Узундугу 2-4 м, бийиктиги дээрлик 2 м, салмагы 2-3 т болгон зор жаныбар оркойгон чоң мүйүзүн кезеп, чуркап келатканын элестетип көргүлөчү! Ал жолуна туш келгенди оңдурбайт го. Бирок каарданган керик жакын келгенде бир аз четке чыга берсең, ал күүлөнгөн бойдон жандап өтүп кетет. Себеби көзү начар көрөт. Каары келгенде керик эмнени болбосун талкалап, жанчат. Ири жаныбарлар бул алпка кол салууга батынбайт, бирок чымын-чиркейлер аны каалагандай талашат. Калың териси да алардан коргой албайт. Керик тууралуу маалыматыбызды улай айтсак, ал күндүзү көлөкөлүү жерде буттарын бүгүп, капталынан жата берет. Анын карылдап-шарылдаганы ошол тегерекке угулуп турат. Түнкүсүн азык издеп жөнөйт. Кериктин карыны абдан чоң: узундугу - 1,5 м, туурасы - 75 см. Курсагын тойгузуу үчүн керик түнү бою чөп, жалбырак жана башка бардык эле жарактуу өсүмдүк тоюттарын тынбай жейт. Керик деген эмне? - деп эжейиңер суроо берсе эми силер даярсыз деген үмүттөбүз. Керик жонундо кызыктуу фактылар: Кериктер салмагына карабастан саатына 50 чакырымга чейин чуркай алат. Кериктин мүйүзү өтө бекем, бирок ал сөөк эмес, ал кератин (адамдын тырмагында жана чачында болгон зат) жана чачтын тышкы катмарынан турат Кериктер курсагын тойгузуу үчүн аларга суткасына 70 кг өсүмдүк талап кылынат. Терисинин калыңдыгы 8 сантиметрге чейин жетет Кериктер күнгө чыкканда адамдай болуп күнгө күйүп калышы мүмкүн, ошондуктан күнгө күйбөш үчүн алар баткактарга оонашат Кериктердин угуусу жана жыт сезүү органы абдан сезгич келет. Индиялык махараджилер индия керигин аскер кармаштарында колдонушкан. Учурдагы эң ири керик "Ак керик" Кериктердин ашказаны жегенин жакшы иштетет, бирок пайдалуу заттарды начар сиңирет. 1948-жылы Кениянын аймактарын айыл-чарба үчүн кериктерден тазалоого лицензиясы бар аңчылар жалданчу. Мындай аңчы күнүнө 500дөй керик өлтүрчү. Бойго жеткен кериктер өсүмдүктүн 200дөй түрүн тамак-аш катары жешет. Буларга өзгөчө катуу жана тикенек өсүмдүктөр жагат. Бул жаныбарлар жыттар менен сүйлөшөт, алардын кыгы жана заарасы маалыматка толгон болот. Табиятта кериктердин жашоо узактыгы 40 жылга чейин Ургаачы керик эң көп дегенде 8 кичинекей керик төрөйт Суматра керигинин жакынкы биртууганы түктүү керик - ал биздин заманга чейин 9-14 кылымдарда өлүп жок болгон Индия керигинин эң узун мүйүзү - 60 сантиметр, ак кериктики болсо 1,58 метр, коркунучтуу кылыч десек ашык болбос Керик мүйүзүнүн негизги функциясы - тамак-ашка жетүү үчүн бадалдарды жана чырмоокторду бөлүү, арасын ачуу Индия кериктери ысык күндөрү сууга кирип алып, кечке чейин чыкпай жата берет, Африкалык биртуугандары андай кылбайт Кериктер табигый өрт өчүргүчтөр, күйүп жаткан очокту көрүп калса алар, чуркап барып, буту менен тепкилеп өрттү өчүрүп салышат Кошумча шилтемелер: Кериктер-2 Индия олкосу Африка жонундо маалымат Бегемот жонундо маалымат