Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бегемот

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бегемот

Байыркы римдиктер Африкадагы Нил дарыясынын деңизге куйган жеринен жоон-жолпу, эби-сыны жок долдойгон бегемотторду көрүшүп, аларды гиппопотам - дарыя жылкысы деп аташкан. Бегемот жылкы сыяктуу бышкырынганы болбосо ага такыр эле окшобойт. Бегемоттун териси сыйда, жылмакай, жалтырак келип, бат кургайт. Көздөрү менен таноолору баканыкы же крокодилдики сыяктуу дөмпөйүңкү тартып, башынын бет алдыңкы бөлүгүнөн орун алган. Бул ал үчүн өтө ыңгайлуу, анткени сууга жатып алып көздөрү менен таноолорун суу астындагы кеменин перискобу сыяктантып суу үстүнө аралча кылып чыгарып коёт. Бегемоттун кулактары кичинекей, дал төбөсүндө жайланышкан.

Буттарындагы манжаларынын арасында анчалык чоң эмес жаргак сүзгүчтөрү бар. Күн ысыкта бегемот суудан чыкпайт. Ондогон бегемоттон турган үйүрлөрү же балалуу жуп бегемоттор бышкырып, бышылдап-кышылдап сууну чалпылдатып жата беришет. Алардын күркүрөөсү бир топ аралыкка угулуп турат. Аларга өтө жакын барууга болбойт: бегемоттор адамдарга гана эмес, кайыктарга да чабуул коюшат. Алар кайыкты жаңгак чаккандай бычырата чайнашат. Бегемоттун оозу кудум эле чемодан сыяктанып, азууларынын узундугу 70смге чейин жетет. Айрыкча, астыңкы азуулары өтө чоң. Бегемот аларды экскаватордун сузгучу сымал пайдаланып, дарыянын түбүнөн балыр чогултуп жейт. Айрым учурларда дарыяга жакын жердеги айдоо аянттарына да барышат. Бегемоттор өзгөчө жүгөрүнү өтө жакшы көрүшөт.

Чоңойгон бегемоттун салмагы 300кгдан ашат, жаңы туулганда 35-40 кг болот. Туулгандан эки-үч жума өткөндөн кийин кичинекей бегемот энесинин артынан ээрчип басканга жарап калат. Бирок балалуу бегемот көбүнчө суу ичинде болот. Кичинекей бегемоттор жылмакай аска таштын үстүнө чыккансып атасынын же энесинин жонуна чыгып алат. Энеси сүзүп жөнөсө, кичинекей бегемот кеме капитанындай болуп энесинин жонунда тура берет.

Бегемоттун этине, калың терисине, баалуу азуусуна кызыгып, Түндүк жана Түштүк Африкада бегемотторду дээрлик кырып жок кылышкан. Азыр аларды Чыгыш жана Борбордук Африкадан гана кездештирүүгө болот. Бирок бул жерлерде да алар көбүнчө коруктарда гана сакталып калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1955, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо