Калыйнур Үсөнбеков, Үсөнбекович (1921—2003) — советтик аскер-саясый ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры (31.05.1945). Генерал-лейтенант (1985).
Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбекович | |
---|---|
Калыйнур Үсөнбеков |
|
Туулган датасы | 23-сентябрь 1921-жыл |
Туулган жери | Ой-Булак айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан |
Өлгөн датасы | 9-декабрь 2003 (82 жаш) |
Өлгөн жери | Бишкек, Кыргызстан |
Аскер түрү | жөө аскерлер |
Кызмат жылдары | 1942—1987 |
Наамы | Генерал-лейтенант |
Аскер бөлүк | 266-аткычтар дивизиясы |
Согушка катышуусу | Улуу Ата-Мекендик согуш |
Девиз | |
«Жашоо – бул ак ниет менен жашоо» |
Калыйнур Үсөнбеков 1921-жылдын 23-сентябрында Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылында туулган.
1938-жылы орто мектепти аяктаган. 1941-жылдын 21-июнунда фашисттердин Советтер Союзуна кол салууга бир күн калганда, Калыйнур Үсөнбеков Пржевальск педагогикалык университетинин бүтүрүү жөнүндөгү артыкчылык дипломун алган. Педагог болом деген кыялы ишке ашат.
1941-жылдын августунан тарта 1942-жылдын январь айына чейин Кичи-Жаргылчак орто мектебинде мугалим болуп иштейт. Көп өтпөй педагогикалык ишмердүүлүгү белгиленип, Үсөнбеков элдик билим берүү бөлүмүнүн райондук ардак грамотасы менен сыйланган.
1942-жылдын февраль айында Советтик Армия катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 266-аткычтар дивизиясынын, 1008-аткычтар полкунун, I аткычтар батальонунун курамында, 3-Украина жана 1-Белоруссия фронтторунда 1942—1945-жылдары согушка катышкан.
Суворовдун 2-даражадагы 266-аткычтар Артемовск-Берлин-Кызылтуулук ордендер дивизиясы Куйбышев облусунда 1942-жылдын август айында калыптанган. Үсөнбеков бул дивизиянын 1008-аткычтар полкуна 1942-жылдын сентябрь айында катардагы жоокер наамында Иркустк облусунан келген. 1942-жылдын октябрь айында дивизиянын курамында фронтко бет алып, салгылашуулар менен Волга жээктеринен Берлинге чейин болжолдуу 5 миң км басып өткөн. 1943-жылдын декабрь айында фронтто жүргөндө «кенже лейтенант» наамы берилген.
1945-жылдын 12-февралында Одер дарыясынын батышындагы плацдармды кеңейтүү кармашында, ага лейтенант болгон Калыйнур Үсөнбеков парторг болуп жүргөн аткычтар дивизиясына оор абал түзүлөт. Жыш ок атуулар менен фашисттер басып келе жаткандарды жерге жатууга аргасыз кылат. Рота жоготууларга учурайт. Ошондо, ага лейтенант Үсөнбеков «Коммунисттер, алга!» сөзү менен тура калып, жоокерлерди алга сүрөйт. Паторгдун мисалына шыктанган жоокерлер аймактын ачык жеринен өтүп, батальон ийгиликке жетет.
Бирок, эртеси душмандар советтик жоокерлерди курчап алышат. Катуу кармаш башталат. Чечүүчү учурда пулёмет тынчып калып, тейлөөчүлөр катардан чыгып калган болот. Ансыз деле оор абалдагы батальондун абалы огош бетер татаалданат. Бирок, күтүлбөс жерден пулемёт кайрадан жанданат. Ага лейтенант Үсөнбеков абалды баамдап, өмүрүнө тобокелдик жаратып, пулемётко жетип, кайрадан ок чыгара баштаган экен.
Алтымыштай гитлердин жоокерлери (анын ичинде офицерлери менен) кайраттуу паторг тарабынан жок кылынат. Үчүнчү күнү фашисттер батальондун жайгашкан аймакты кайрадан соккуга алышат. Кайрадан эле Кыргызстандык коммунист, өлүмдү тоготпой, өз жоокерлерин душманга карай көтөрөт.
Кол кармашта Үсөнбеков жети душмандын жоокерлерин өз колу менен өлтүрүп, экөөнү туткунга алат.
Одер дарыясын форсаждоодо баатырлыгы жана эрдиги үчүн СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1945-жылдын 31-майындагы жарлыгы менен Калыйнур Үсөнбековго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1945-жылдын 2-айында Берлин шаарында согушту «ага лейтенант» наамында аяктаган.
Советтер Союзунун Маршалы Георгий Константинович Жуков өзүнүн эскерүүлөрүндө Калыйнур Үсөнбеков жөнүндө Берлинди алуудагы оор кармаштардагы эмгеги баа жеткис Ата-Мекендин мыкты уулу катары эскерет.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Үсөнбеков 1946—1951-жылдары СССР коргоо Министрлигинин Аскер-юридикалык Академиясында билим алган (Москва ш.). Академияны «майор» наамында аяктаган.
Академияны аяктагандан кийин 1951—1953-жылдары Түркстан аскер аймагынынын аскер прокуратурасында аскер тергөөчүсү болуп эмгектенген, алгач Ташкентте, андан соң Фрунзе гарнизонунда.
1953-жылдын июнь айында Кыргыз ССРинин атайын иштер боюнча прокурорунун орун басары болуп, 1956-жылдын апрелинде Кыргыз ССРинин прокурорунун биринчи орун басары болгон. 1960—1962-жылдары Кыргыз ССРинин коомдук тартипти коргоо Министрлигинин бөлүмүндө начальник. 1962—1968-жылдары Кыргыз ССРинин Ички Иштер Министрлигинин №7412 аскер бөлүгүндө командирдин биринчи орун басары.
Кыргыз ССРинин Ички Иштер Министрлигинин аппаратында жана аскер бөлүктөрүндөгү кызмат өтөөдө «подполковник» жана «полковник» аскер наамдарына жеткен.
1968—1987-жж. Кыргыз ССРинин ААФЫКК (Армия, авиация жана флотго ыктыярдуу көмөктөшүү коому, орусча ДОСААФ — Добровольное общество содействия армии, авиации и флоту) Республикалык коргонуу коомунда жетекчи, ал мезгилде кубаттуу материалдык-базаны түзүүгө жетишкен.
50дөн ашык ААФЫКК объекттери түзүлүп, эксплуатацияга берилген. Республиканын дээрлик бардык райондук борборлорунда техникалык жактан жабдылган класстары менен 50 метрлик тирлери бар аскер-техникалык окутуу үйлөрү курулган. Андан тышкары, Токмок, Пржевальск, Нарын, Талас, Кара-Балта, Балыкчы шаарларында ошол кездеги эң жаңы техникалар менен жабдылган авто мектептер курулуп ишке берилген. Үсөнбековдун демилгеси менен Ош шаарында танк жана жөө аскерлердин аскердик машинасына механик-айдоочуларды даярдаган техникалык мектеп курулган, Фрунзе шаарында аэроклуб, Ош ш. — авиакордодром, Фрунзе ш. — деңиз, радиотехника жана Ала-Арча эллин суу станциясы.
Түзүлгөн мектептердин жана техникалык окутуу үйлөрдүн базасында жаштарды аскер кызматын өтөөгө жана аскер-прикладдык мааниге ээ болгон эл чарбалары үчүн массалык техникалык кесиптердин кадрларын даярдоо боюнча интенсивдүү окутуу жүргөн. 1971—1987-жылдарында Республиканын эл чарбаларына техникалык кадрлар дайындалган: бардык категориядагы айдоочулар, мотоциклисттер, радио адистер, трактористтер ж. б. Баш-аягы 174 178 адам дайындалган, башкача айтканда жыл сайын 34 000 техника кесибиндеги адистер.
Түзүлгөн ААФЫКК материалдык-техникалык база Республикада учактык, парашюттук, автомобилдик, мотоциклеттик, радио, суу астында сүзүү, аткычтык, моделдик жана башка спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген.
1971—1981-жылдар ичинде кийинкилер даярдалган: спорттун чеберлери — 142, спорт чеберине кандидаттар жана I разряд — 4962.
Ошентип, Калыйнур Үсөнбеков жаштарды аскер-патриоттук тарбиялоо ишине, аларды армияда кызмат өтөөгө даярдоого жана спорттун аскер-техникалык түрлөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу үчүн үчүнчү жолку «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин ААФЫКК кызмат кылуусунда 1973-жылы «генерал-майор» жана 1985-жылы «генерал-лейтенант» наамы ыйгарылган.
1953-жылдан берки ишмердүүлүгүндө Калыйнур Үсөнбеков Фрунзе шаардык Кеңешинин депутаты болуп 4 жолу шайланган, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 9, 10 жана 11-чакырылыштарынын депутаты, 1989-жылы СССР Жогорку Кеңешинин эл депутаты болуп шайланган.
1989-жылы Үсөнбеков СССР Жогорку Кеңешинин төр агасы А. И. Лукьяновго 1944-жылы танк колоннасын токтоткон учкуч Исмаилбек Таранчиев тууралуу тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү боюнча кайрылган. Таранчиевди Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөткөн документ Подольск шаарындагы СССРдин Коргоо Министрлигинин борбордук архивинде сакталып калган. СССР президентинин буйругу менен 1991-жылдын 5-майында Исмаилбек Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган, туугандары Алтын Жылдыз жана Ленин орденин алышкан.
Үсөнбеков 1987—1991-жылдары Кыргыз Республикасынын согуш жана эмгек ардагерлери Кеңешинде төр ага болуп эмгектенип, 1991—2001-жылдары Кыргыз Республикасынын ветерандар уюмунда төр ага болгон.
Сыноодон өткөн жоокер, ири коомдук ишмер Калыйнур Үсөнбеков көптөгөн күч кубатын улгайган адамдарды социалдык жактан коргоого да жумшайт. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптарынын жашоосун жеңилдетүү жана жакшыртуунун үстүндө көп эмгектенет. Кыргызстандын жаштарын жана жоокерлерин эл достугу, патриотизм жана Мекенге ак ниет менен кызмат кылуу духунда тарбиялоого көп көңүл бөлөт.
КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер уюмунун координациялык кеңешинин мүчөсү болуп турганда, Дүйнөлүк согуш ардагерлеринин комитети Эл аралык уюмуна тандалган. 1990—2003-жылдары «Память» китебинин редакциялык коллегиясында төр ага болуп иштеген. 2001-жылы 80 жылдыгына байланыштуу «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына татыктуу болуп, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланып, «Руханият» сыйлыгынын лауреаты.
2004-жылы «Айкөл Манас — жыл адамы» фестивал-сынагынын уюштуруу комитети «Память» номинациясында Үсөнбековду өлүмүнөн кийинки сыйлык менен сыйлаган. 2005-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна Үсөнбековдун ысымы берилген.
2006-жылдын 26-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын ветерандар уюмунун делегаттарынын IV съездинде Калыйнур Үсөнбековдун ысымын Республикалык согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ветерандары уюмуна берүүгө бир добуштан колдошккон.
Балыкчы шаарындагы ОСТО КР автомектеби Үсөнбековдун ысымын алып жүрөт. Калыйнур Үсөнбеков Советтик Армияда катардагы жоокерден генерал-лейтенант наамына чейин 44 жыл кызмат кылган. Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда согушка 1942—1945-жылдары катышкан. Бүткүл Донбассты, Түштүк Украинаны, Молдавия, жарым-жартылай Румыния, андан соң Варшавадан Берлинге чейин басып өткөн.
1963-жылы «Брестская крепость» китебинин автору С. С. Смирном менен Египетке, 1974-жылы Советтер Союзунун үч жолку Баатыры А. И. Покрышкин менен Монголияга, 1986-жылы ардагерлер уюмунун жетекчиси катары Бенинге, 1989-жылы Швецияга барып келген. 1995-жылы Кыргыз Республикасын мурдагы президенти А. А. Акаев менен Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине 50-жылдыгына жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун Европада аякташына карата Лондон, Париж, Москва шаарларына барууга жетишкен.
1985 жана 1990-жылдары кыргыз тилинде жана 1988-жылы «Путь к вершине» аталган орус тилинде Москва шаарында жарык көргөн китептерди жазган.
Бош убактысында шахмат ойногонду, адабияттарды окуганды, жөө сейилдөөлөрдү жүргүзүүнү жакшы көргөн. Эки жолу үйлөнгөн.
Биринчи жубайы — Мусаева Жумагүл (1992-ж. т.), Республиканын биринчи учкучу, география илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын геология жана география институтунун ага илимий кызматкери, 1980-жылы дүйнөдөн кайткан. Үч балалуу.
Согуш учурунда Калыйнур ыр жазып «Кызыл Кыргызстан» газетасынын редакциясына өзүнүн талаа почтасынын номерин көрсөтүп жөнөтөт. Бир канча убакыттан кийин кыргыз кызынан кат алат. Ал кыз Жумагүл Мусаева болгон экен. Жумагүл менен таанышуусу ушинтип башталган. Жумагүл менен Калыйнурдун «Почта романы» бир нече жылга созулуп 1947-жылы гана Фрунзе шаарында кезгишкен. Көп өтпөй үйлөнүшүп Москва шаарына окууга кетишет.
Экинчи жубайы 1983-жылтан тарта — Миристемова Сема (1937-ж. т.), пенсионер. Эки балалуу.
Калыйнур Үсөнбеков 2003-жылдын 9-декабрында (кээ бир маалыматтар боюнча 8-декабрь) дүйнөдөн кайткан, сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин алты Ардак грамоталары (1965—1971). СССРдин Коргоо, Маданият Министрилигинин, БК ААФЫКК ардак грамоталары
Сүрөттөргө түшүндүрмөлөр талап кылынат, кайсы бир сүрөткө түшүндүрмөлөр болсо билдип коюууну өтүнөбүз.
1963-жылы «Брестская крепость» китебинин автору С. С. Смирном менен Египетке баргандагы сүрөтү