Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Хоккей

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Хоккей

Спорт кийимчен хоккей оюнчусу болоттон жасалган зоот, чарайна, туулга кийген орто кылымдардагы рыцарга окшошуп кетет. Хоккейчилер ийин, чыканак, тизелерине каптамаларды, астары калың коюлуп тигилген чолок шым, сыртынан свитер кийишет. Колдорунда булгаары мээлей, башында туулга болот. Башкача болууга мүмкүн да эмес, себеби шамдагай, чапчаң ойнолуучу бул оюнда өтө ылдам келе жаткан оюнчулардын бири-бири менен кагылышуулары тосмого барып чабылуу же кулап түшүү сыяктуу кокустуктар өтө көп болот. Дарбазачы айтылган кийимдерден башка дагы бутуна калың калканчы тагынып, бетин калкалоочу тору бар атайын туулга киет. Анткени ага саатына 100 чакырымдан ашуун ылдамдыкта учуучу шайбаны тосууга туура келет. Айрым адамдар хоккейде оюнчулар кандай аракеттенсе да боло берет деп ойлошот. Бирок андай эмес. Мисалы, оюнчуга шайбаны ээлеп алган каршылашын өзүнүн тулку бою менен түртүүгө уруксат берилет, бирок аны тосмого түртүүгө же колу менен түртүүгө болбойт, чабуул коюп келе жаткан оюнчуну клюшка менен урууга же коньки менен тебүүгө жана бут тосо коюуга катуу тыюу салынат. Бул эрежелерди бузган оюнчу 2, кээде 5 минутага чейин оюндан чыгарылат.

Аны башка оюнчу менен алмаштырууга уруксат берилбейт. Кээде ушундай тартипте команданын эки оюнчусу оюндан четтетилип, калган үчөө беш кишиге каршы ойноого туура келген учурлар да болот. Ар бир командада 20дай хоккейчи болот, бирок муз аянтка алтоо гана чыгат: дарбазачы, эки коргоочу, үч чабуулчу. Майдандагы оюнчулар 1 - 1.5 минута сайын алмашылып турат, антпесе оюндун өтө жогорку темпте жүрүшүндө андан артык чыдоого мүмкүн эмес. Шайба менен ойнолуучу хоккейдин девизи: «Бардыгы чабуулга, бардыгы - коргонууга».

Жалгыз гана дарбазачы оюндун бардык үч мезгилинде (ар бир 20 минутадан ойнолот) тең алмаштырылбай ойнойт. Ар бир мезгилдин аралыгында 10 минута танапис берилет. Оюн узундугу 61м жана туурасы 30м келген муз аянтында өткөрүлөт. Аянттын айланасы бекем кырдуу (борт) менен курчалып, анын бурчтары айланмалуу кылынып жасалат. Муз аянты түстүү сызыктар менен үчкө: коргонуу, орто жана чабуул коюу бөлүктөрүнө бөлүнөт. Чабуул коюучулар атаандаштардын бөлүгүнө шайбадан мурда өтүүгө укугу жок. Эгерде өтүп кетсе, эреже бузулуп оюн токтотулат. Оюндун максаты шайбаны - жалпак уютулган тегерек резинаны атаандаштын дарбазасына чаап киргизүү.

Топ менен ойнолуучу хоккей да бар. Бул оюн көп жагынан футболго окшош: мындай ойнолуучу аянттын өлчөмү, оюндун узактыгы, командадагы спортчулардын саны да (ар биринде 11ден оюнчу) футболдукундай. Жогоркулардан башка чөптө ойнолуучу хоккей да бар. Бул топ менен ойнолуучу хоккейге окшош. Командада 11ден оюнчу болот, бирок алар узундугу 81-91м жана туурасы 50-55м болгон чөптүү талаада ойношот. Клюшкасы - уч жагы дого сымал ийилген таяк. Анын сол жагы жалпак жылма келип, ушул жагы менен топ урулат. Оюндун узактыгы - ар бири 35 минутадан турган эки мезгилге созулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1331, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо