Кандайдыр бир жаман, адилетсиз, абийирге жатпаган иш жасап, аны жашырып жүргөн адамдар да болот, мындай адат биздин заманда көнүмүш адатка айланган сыяктуу. Андайлардын бул жоруктарын эч ким билбесе деле алар өзүнчө эле тынчсызданып, жаман абалда болушат. Китеп окуй баштаса, ою бөлүндү болот, барып иштейин десе ага да көңүлү чаппайт. Мындай учурда адамды абийири кыйнап, тынчтык бербейт деп коюшат. Абийир - адамдын өтө ажайып сезимдеринин бири. Силердин жана башка адамдардын көңүлү тынч, баары жайында болсо, абийири да жарык күйүп, тегиз жарык чачкан шам сыяктуу таза, тынч. Айрым адамдар жөнүндө: Абийирдүү киши деп айтканын угуп эле жүргөндүрсүңөр. Мындай адамдар - дүйнөдөгү эң сонун адамдар.
Алар өздөрү дайыма адилет иш жасоо менен гана чектелбестен, адилетсиздикке да каршы күрөшөт. Мына ушундай адамдар кулдукка, эзүүгө, согушка, фашизмге каршы күрөшкө чыгышкан. Мындай адамдардын көбүнүн аты-жөнүн өзүңөр деле билесиңер. Ар бир адам өз абийирин өзү тарбиялай алат. Муну азыртан, мектепте окуп жүргөн мезгилден эле баштоо керек. Кээ бир адамдар менен достошмок түгүл, бирге баскың да келбейт эмеспи. Анткени алар ар-намысын, уятын сактабай, өздөрүн жосунсуз алып жүрөт. Митаамданып алдамчы болот, айрымдары убадага турбай айткан сөзүнөн танат.
Абийирге, арга жатпаган жорук жасап кармалса да, алар чын дили менен өкүнбөйт, атүгүл кайра: Көрдүңөрбү, мен кандай кыйынмын деп мактанат. Ар-намыссыз жана абийирсиз адамды эч ким жактырбайт, жек көрөт. Ар-намыстын эмне кереги бар? Ар-намыс деген эмне? Эмне үчүн кээде кимдир бирөө жөнүндө: Ал өзүнүн адамдык баркын, ар-намысын жоготкон жок дейбиз. Ар-намыстуу адам - эл барктаган, урматтап-сыйлаган адам. Ал эми ар-намыс дегенибиз - ошол адамды урмат-сыйга ээ кылган касиети, сапаты. Бекеринен адамдар ар-намысын сактап, аны жаман жорук менен булгабоого аракеттенишет.
Мындай адам өзүн да урматтоого акылуу. Силер ар-намыс деген сөздүн ар жана намыс деген эки сөздөн куралгандыгын байкадыңар го. Арданып кетти, намысты алдырба деп айтып жүрүшкөнүн уккан чыгарсыңар. Бул эки сөз бири бирин толуктап турат. Ары жок деп өз күчүн ашыра баалап, ар-кайсыга чарпылган, оозу менен орок оруп, кыялында ойлогонду иш жүзүнө ашыра албаган адамды айтат. Ал эми намысы жок адам өз колунан келчү ишти да жасабайт, эт менен челдин ортосунда күн көрөт. Өзүн негизсиз эле жогору баалап, башкалардан кыйынсынган адам арсыз, куру намыскөй, өзүн төмөн санап, башкалардай болууга аракеттенбеген адам намыссыз да, арсыз да. Арнамыска чынчыл, адилет, абийирдүү болгондо гана жетүүгө мүмкүн.
Чыныгы намыскөйлүк - жакшы сапат.
Сунуштайбыз: