Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Биографиялар

Чыңгыз хан

Чыңгыз хан (өз аты Тэмужин, монголчо Тэмүжин) — бүлүнгөн монгол жана түрк урууларын бириктирген Монгол империясынын негиздөөчүсү жана биринчи ханы. Кытай, Орто Азия, Жакынкы Чыгыш (заманбап Ирандын көпчүлүк бөлүгү), Кавказ жана Чыгыш Европага жеңип алуучулук жүрүштөрдү уюштурган полк башчысы. Адамзаттын тарыхындагы эң ири континенталдык империянын негиздөөчүсү.

Чыңгыз хан
Төрөлгөн жылы1155 же 1162
Каза болгон жылы1227-жыл, 25-август

Тарыхынан

Найман каны Тамтык өлгөндө, анын эки баласы Бүйрөк менен Байбука бир жесирди талашып кандык ыдырайт. Мындан Темир (Чыңгыз хан) пайдаланып аларга башчы болот. Чыңгыз хан үйсүн уруусунун жалайыр уругунан чыккан. Темучин Улуу Монгол мамлекетинин негиздөөчүсү. Онон дарыясынын боюнда, Делпун-Болдан деген жерде туулган. Моңгол урууларын кол алдына бириктирүү үчүн күрөштө татарларды, алардын өнөктөштөрүн талкалаган. 1206-жылы 46 уруу эл катышкан бүткүл көчмөндөрдүн курултайында аны Найман тоонун Дегелең өрөөнүндө аргын, найман, жалайыр ж. б. уруулар ак кийизге ороп хан көтөргөн.

«Чыңгыз» (түрк элинде Жеңгис, «Теңиз», «Деңиз») деген ысымды алып, хан жарыяланган. 1206-1207-ж. бир нече түрк, монгол элдерин караткан. Бийлик үчүн күрөштө Чыңгыз хан татарларга каршы согушуп көпчүлүгүн кырган. Татарлар «ак татар», «кара татар» болуп экиге бөлүнгөн. Ак татарлар түрк тилинде сүйлөшкөн. Орто кылымдагы кытай жылнамаасында татарлар «дада», «да-дань» деп белгиленген. Чыңгыздын энеси өлөң коңурат Көктүн уулу Асау хан дегендин кызы болгон. Чыңгыз хан уулдары Жоочу, Чагатай, Өгөдөй, Тулуй (энеси Бөртө коңурат уруусунан), Көлкан (энеси меркит Кулан Охыс баатыры Керимдин кызы), Көкөтай (энеси Күнжу кытай Алтан кандын кызы), Жолчутай (энеси найман Таян кандын кызы Көрүсүн) менен бирдикте 1211-1218-жылдары Түндүк Кытайды, 1218-1220-жылдары Орто Азияны басып алган. 1219-1224-жылдары Түндүк жана Чыгыш Иранга, Афганистанга жортуул жасап, кыйраткыч сокку урган.

Ошол жылдары Кавказ аркылуу Чыгыш Европага аскер жиберип, 1223-жылы түштүк орус княздарынын кошундарын жана кыпчактарды Калка өзөнүндө талкалаган. Басып алган өлкөлөрдө монгол феодалдарынын катаал эзүүсүн орноткон, бирок, диний жактан элге кысым жасабаган. Чыгыштагы Энесай кыргыздары 1207-жылы жалайыр Чынгыз канга баалуу тартуу менен келип баш ийип беришкен, бирок, 1218-жылы кайра меркиттерге кошулуп көтөрүлүшкө чыгышкан. Чынгыз хан уулу Жоочунун кошуунун жиберип бул кыргыздарды биротоло караткан. Күчүк наймандын бийлигине каршы күрөшкөн батыштагы (Теңир Тоодогу) кыргыздар 1218-жылы Чынгыз хандын бийлигине өткөн. Чынгыз хандын жана анын урпактарынын тушунда Саян Алтайдан Теңир Тоого кыргыздардын дагы бир жоон тобу журт которгон. Чыңгыз хан мезгилинде Алтай-Сибирде ага баш ийген төмөндөгү уруулар болгон: олкон, боржигин-кыят, коңурат, кыргыз, уйгур, ойрот, меркит, найман, таңгыт, татар, экерес, курулас, дөрбөң, катаган, селжут, корутумат, кыпчак, сарт (сартайыл), тайшит, керээт, жалайыр, кара кытай, журжең, кытай. 1218-жылы кыргыздар үчкө бөлүнүп, бири Саян (Саяк) тоонун түндүгүнө кетсе, бири Абакан өзөнүнө түшкөн, көбү Теңир Тоого (Жети Суу, Ысык Көл жакка) кетишкен (Кыргызстан монгол империясынын тушунда).

«Моңголдордун купия тарыхы» (Монголын нигуча табчийан) деген 1240-жылы жазылган тарыхында 1207-жылы Жуучу оң канат аскерин алып «токой элдерин» каратат. Ал ойрот, бурйат, бархун, урсут, хабжанас, ханкас, тубас урууларын баш ийдиргенден кийин, Жуучу түмөн кыргыздарга жетет. «Ошондо Жуучуга кыргыздардын төбөлдөрү Еди инал, Алдияр, Олобек деген келишти» деп жазат да алардын баш ийерин билдирип ак шумкар, ак боз ат, ак кундуз тартуу кылганын маалымдайт. Кыргыздар баш ийгенде башка саян-алтайлыктар — шибер, кесдини (кыштым), баит, тухас, тендек, төөлөс, тас, бачжиги уруулары да моңголдорго караган. Жуучу кыргыз төбөлдөрүн ээрчитип Чыңгыз ханга алып келгени жазылган. Чыңгыз хан кыргыздарга өзүнүн Алтан, Бура деген эки элчисин жөнөткөн. Кыргыз иналдары анын эки элчиси кайра кайтканда өздөрүнүн Элик Темир, Аткарак деген элчилерин кошуп берип Чыңгыз тарабында экендигин билдиришкен.

Туматтар (туба түрк урпагы) Чыңгыз хан жиберген кол башчы Барагул нойонду өлтүрүп көтөрүлүш чыгарган, натыйжада тумат уругу Чыңгыз тарабынан кырылган. Рашид-ад Дин боюнча: Чыгыш Тубада (Баргужин Токумда) туматтын бир бөлүгү 1218-жылы кайра көтөрүлүш чыгарганда бул козголоңду басууну моңголдор кыргыздарга тапшырган. Бирок, кыргыздар өздөрү туматтарга кошулуп көтөрүлүштү күчөткөн. Бука нойон Энесайдын башына барып кыргыздарды жазалаган. Жуучу өзү кышында Селенга дарыясына келгенде ал жерде кыргыздардын бир бөлүгү жашаганы аныкталган (Хамдуллах Казвини. XIIIк.).

Жуучунун аскери Селенгадагы кыргыздарды, кыштым, хоин (хор) ж. б. урууларды караткан. Курыкан өлкөсү Моңгол чапкынына чейин кыргыздарга көз каранды абалда болгон. Дүйнөгө алакандай аз монголдордун атын чыгарган менен Чыңгыздын түбү кыргыз экенин 1776-жылы казак тарыхын жазган Шапарашты Казыбек Тауасарулы өз далилин келтирген. Чыңгыздын иш кагаздары, «Мыйзамдар жыйнагы» уйгурча жазылган. Эгер Чыңгыз улуту калмак-моңгол болсо түрк тилиндеги иш кагазды кантип түшүнмөк? Чыңгыз түрк тилинде сүйлөгөн. Махмуд Кашгари: түрк тилдеринин тазасы «Чагатай тили» деп жазат. Чагатай Чыңгыздын уулу. Чагатай тили — кыргыз тили. Себеби, кыргыз Чагатайдын үлүшүнө кирген.

Өлүмү

1226-1227-жылдары Чжунсиндин (Кытайдагы шаар) акыркы курчоосу башталган. 1227-жылдын жазында жана жайында тангуттук мамлекет жок кылынып, борбору да жок болууга бет алган. Тангут падышалыгынын борборунун кулашы түздөн-түз Чыңгыз хандын өлүмү менен байланыштуу, ал ошол шаардын алдында каза болгон. Рашид-ад-диндин маалыматына ылайык, ал тангуттардын борборуна кол салууга чейин каза болгон. «Юань-шинин» маалыматына ылайык Чыңгыз хан борбордун жашоочулары багына баштаганда каза болгон. «Сырлар айтымы» тангут башчысынын белектери алып, бирок, өзүн жаман сезгенде, жанжөөкөрлөрүнө өзүн өлтүрүп салууну, андан кийин борборду алып тангут мамлекетин жок кылууну буйрук кылып, ошондон кийин өлгөн делет. Булактар, анын өлүмүнүн ар кандай себептерин айтышат — күтүлбөгөн оору, тангут мамлекетинин климатынын начарлыгынан оору, аттан жыгылуу ж. б. Бирок, анын 1227-жылдын күз айларынын башында (же жайдын аягында) тангут мамлекетинин аймагында, тангут мамлекети (элдери тибет тектүү мамлекет, Батыш Ся) жок кылынып, борбору Чжунсин (заманбап Иньчуань шаары) кулагандан кийин каза болгону ишенимдүү аныкталган. Каза болгон датасы катары заманбап изилдөөлөрдө ар кандай даталар кездешет: 25-август, 18-август.

Керээзине ылайык Чыңгыз хандын ордун анын үчүнчү баласы Уэгэдей баскан.

Чыңгыз хандын бейити

Чыңгыз хан кайсыл жакта жерге берилген азыркыга чейин белгисиз (2025), булактар ар кандай жерлерди жана жерге берүү ыкмаларын айтып келишет. XVII кылымдын жылнаамачысы Саган-Сэцэндин сөзү боюнча «анын накта сөөгү, айрымдар айткандай Бурхан-Халдунда жерге берилген. Башкалары болсо, Алтай-хандын түндүк капталында же Кэнтэй-хандын түштүк капталында, же Йэхэ-Утэк аталган аймакта дешет».

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 184, Акыркы оңдолгон дата: 2025-01-24 11:48:55 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо