Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Безетки деген эмне

Баш барак | Медицина | Безетки деген эмне

Урматтуу окурман, бүгүнкү макалабызда биз безетки жонундо боюнча кеп кылмакчыбыз, андыктан билип алсаңыз ашыкча болбойт. Бул нерсени ар бир адам билүүсү кажет. Көп окуудан эрингендерге кабарлайбыз:

  1. Безетки, адатта, гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам пайда болот, андыктан жоготуу кыйын.
  2. Безеткинин көп түрлөрү бар: жөнөкөй кичине кара чекиттерден баштап түрү суук ириң баскан шишикке чейин.
  3. Безеткиси бар бардык териге өзгөчө, назик кам көрүү талап кылынат.
  4. Безеткини дарылоонун эки жолу бар: үй шартында өз убагы менен териге кам көрүү жана күчтүү медициналык, жада калса, хирургиялык каражаттарды колдонуу.

Безетки деген эмне?
Безетки оорусу, же медициналык тил менен айтканда акне - бул теринин туура эмес иштөөсүнүн натыйжасы. Өлүмгөучураган клеткалар жана тери майы, май бездери жайгашкан чач тамырынан(чач фолликулу) чыгуусуна бөгөт коёт, бирок бул жерге бактериялардын кирип кетүүсү мүмкүн. Бүтөлүп калган тешиктерде азык көп болгондуктан, бактериялар көбөйүп, шишикти, башкача айтканда, безеткини пайда кылат. Безетки көпчүлүк учурда бетке, дененин арка, төш бөлүктөрүнө жайылат. Акне - бул эң кеңири тараган тери оорусу. Күрөшүү кээ бир учурларда кыйынга турат, бирок мүмкүн.

Безетки эмнеден пайда болот?
Безеткинин пайда болуусунун бир нече себеби бар. Тилекке каршы, кеп жеке гигиенада эмес, себеби кыйлатереңдикте.

Гормондор
Биринчи кезекте акне - гормондор маселеси. Дал ушул гормондор майды көп өлчөмдө иштетип чыгып, тешикчелер болсо бардыгын чыгарууга жетишпей калат. Адатта, мындай көрүнүш өспүрүм куракта байкалып, 30 жаш куракка чейин жоголот, бирок дайыма эле эмес. Кээде бул жүрүшкө ген боюнча аныкталуучу гормоналдык өзгөчөлүктөр, кээде оорулар тоскоолдук кылат. Кандай натыйжаларды чыгарууга болот? Анча жакшы эмес. Гормондор ойноп турган өткөөл курактан өтсөңүз, бирок безеткилер калып калса, демек жашооңуздун бүткүл активдүү бөлүгүн безеткилер менен жашоого үйрөнүү зарыл болот.

Безетки эмнеден чыгат? туура эмес косметика
Май кошулуп жасалган нерсенин баары безеткинин пайда болуу коркунучун жогорулатат. Өтө агрессивдүү тазалоочу каражаттар да зыян, андыктан суунун негизинде жасалган назик каражаттарды колдонуу, безеткилерди катуу сүртпөө жакшы.

Безетки деген эмне

Тамактануу
Дароо айталы: изилдөөлөр көргөзөндөй, тамактануунун бул жерде эч кандай тиешеси жок. Бирок бул эрежеден тышкары нерселер бар. Безеткиден арылуу үчүн кээ бир адамдарга таттуу жана сүттөн жасалган азык-түлүктөрдөн, майлуу, куурулган, туз-мурчу көптамактардан баш тартуу жетиштүү, андыктан кылып көрүңүз, балким сизге да жардам берет.

Стресс
Стресс түзгөн-түз гормоналдык системага байланыштуу болгондуктан, дайыма кайгыруу, сары санаа тартуу теринин акыбалын начарлатат. Эгер сиз түнгө карай бир нерсеге жиниңизди келтирсеңиз, эртең менен безетки пайда болсо, бул жагымсыз болсо да норма болуп саналат.

Безеткилер кандай болот?
Безетки - бир адамда эле дароо бир нече түрү чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Акне жарасынын айрым түрлөрү чындыгында жөнөкөй эле бактериалдык инфекция, кээ бири тез арада клеткалар түркүмүн өлтүрүп, системалык оорулар менен байланыштуу болот. Бирок биз азырынча жөнөкөй безеткилер тууралуу сөз кылабыз.

Ачык комедондор
Кара чекит деп атап жүрүшкөн нерсе. Бул чекиттер ширеңке талынын башынан чоң, тереңдиги бир сантиметрге жакын болуп, ичинде көп өлчөмдөгү май болуусу мүмкүн. Кара түстүүлүгүнүн себеби биз ойлогондой булганычта эмес, абанын тийүүсүндө. Кээ бир учурда карарып кетпестен, күңүрт сары түстө болот.

Жабык комедондор
Ачык комедондор сымал болот, бирок үстүн жука тери катмары жаап тургандыктан, ичиндеги зат кычкылданбай, ак түстө калат.

Тери папулалары
Ичинде ак түстөгү тактары жок кызыл шишиктер. Кээде ооруксунтат. Тери алдындагы безетки деп да атоого болот.

Ириң баскан безетки (пустулалар)
Көрүнүшү кадимки безетки сыяктуу: айланасы кызыл, шишиген, ортосу адегенде ак түстөгү суюк, кийин катып баштайт (суюк кезинде тийбегениңиз жакшы). Курамы - ириң, андыктан сизге ал жерде жакшы эч нерсе жок.

[ushka=seredina]

Безеткини эмне үчүн сыкпоо керек?
Мындай „операциядан” соң бетиңизде жаракаттар калып, калыбына келүүсүнө жок дегенде бир жума керектелет. Безетки бардык адамдарда пайда болот, айрымдары гана өзүн кармап, сыгуудан баш тарта алат. Бактерияны, инфекцияны киргизип алуу коркунучу, ириңди акырына чейин чыгарбагандыктан, папуланын көлөмү мындан да чоңоюп кетүү коркунучу кыз-жигиттерди токтото албайт. Бул жагымсыз процедура убагында тери жабыркап, айрылып жаткандыгын эч ким этибар албайт.

Сиз безеткини сыккан соң, ичиндеги зат бир калыпта чыкпай, тери жабыркагандыктан, ордунда так калып калуу мүмкүнчүлүгү чоң. Безеткинин курамы канга кошулуп, бетке жайылып кеткен учурлар кездешет. Эгер бетиңиздин кара түстөгү тактарга(пигментация) кабылуу мүмкүндүгү жогору болсо, безеткини сыкканда териде кара тактар калып, кетирүү абдан татаал болот.

Экинчи безетки биринчинин ордуна же жанына чыкканын байкагандырсыз. Косметологдордун айтымында, безеткидеги бактериялар, тери майлары, ириң жакын жайгашкан жерлерге жайылуусу мүмкүн. Дагы бир себеби катары безеткини туура эмес сыгууну кароого болот. Сыгуу бир калыпта болбой, теринин жакынкы бөлүктөрүнө да тийгендиктен, кан тамырлары жабыркап, бетиңизде кызыл тактар жаралат.

Көпчүлүк дерматологдордун айтымында акне жарасынын пайда болуусу организмиңиз сизге тешикчелериңиз бүтөлүп калгандыгынан кабар берет. Андыктан, дароо сыкпай, пилинг жасаңыз же тазалоого барыңыз.

Жыбырап чыгуучу безетки түрү (нодулалар)
Кистага айлануучу нодулалар.Териге терең орношуп жана жогору чыгып турган катуу түйүнчөлөр. Катуу ооруп, кычышып, жагымсыз акыбалды жаратат.

Киста
Безеткинин эң татаал түрү. Тери алдында колдо бар каражаттардын жардамы аркылуу алууга мүмкүн болбогон көп өлчөмдөгү нодулалар бар. Мындай кисталар тырыктардын пайда болуусуна алып келет.

Бөбөк жашындагы акне
Наристелерде эч кандай кийлигишүүнү талап кылбаган безеткилер кезигет, дарылоонун да, тийүүнүн да кереги жок - бул жөн эле ымыркайдын канындагы энелик гормондордун таасири. Ата-эне бул таасирге канчалык аз маани берсе, ошончолук бат жоголот.

Акне бар териге кантип кам көрүү керек
Безеткинин кандай түрү болсо да, териге баары бир кам көрүүнү талап кылат. Териге кам көрүү жана безеткини дарылоо эки башка нерсе экенин эске алуу зарыл.

  1. Тазалоочу каражаттар. Күнүнө эки жолу нымдалган бетти, безетки баскан башка жерлерди тазалоочу каражаттарды колдонуп укалаңыз, бүткөн соң кылдат жууп кетириңиз.
  2. Эч качан бардыгы колдонгон сүлгү менен аарчынбаңыз, бир жолу пайдаланылуучу чачыкты колдонуңуз, болбосо кичине бет аарчыларды (пачка) сатып алып, ысык сууда жууп, кылдат үтүктөңүз - бул бир жолу колдонуучу каражаттарды алмаштырат.
  3. Скраб. Безеткинин жеңил түрү болсо жумасына бир жолу колдонууга болот. Курамында майда бөлүкчөлөр барын колдонуңуз, андан соң жууп кетириңиз.
  4. Дары каражаттарын терини тазалаган соң жабыркаган жерлерге кылдат сүйкөңүз.
  5. Жуунууда колдонулуучу гелди жана самынды жумшак дене жуугуч менен күнүнө бир жолу сүртүңүз.
  6. Безелкилерге дагы бир эффективдүү нерсе бул – кадимки кир самын, 3 жума же 1 ай кир самын менен күнүнө 2 жолу, эртең менен кечинде жууп турсаңыз безеткилер кетет.

Безеткини кантип кетирсе болот
Безеткини жоготуп тим болбостон, пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайткан олуттуу дарылоо тууралуу сөз кыла турган болсок, бул жерде ар түрдүү маскалар же сулу жардам бербейт.

Дарылоого колдонулуучу каражаттар:

  1. Антибиотиктер. Териге сүйкөлүүчү жана таблетка түрлөрү.
  2. Ретиноиддер. Бул сыртына сүйкөлүүчү каражат.
  3. Оралдык контрацептивдер. Аялзатына жазылып берилет. Таблеткалар гормоналдык жактан өзгөрүүлөргө алып келгендиктен, теринин акыбалын олуттуу түрдө жакшырта алат.
  4. Кычкылдыктар (мисалы, салицил же азелаин) жана бензоил пероксид.
  5. Изотретиноин. А витаминин бир түрү сыяктуу, бирок өтө оор учурларда дайындалат, анткени кыйыр таасирлери бар (побочные эффекты): баш оору, тамактын кургап калуусу, ачуулукту, жарыкты начар кабыл алуу, кусууну чакыруусу мүмкүн. Препаратты колдонуп жаткан аялзатынын боюна бүтүүгө болбойт, себеби түйүлдүккө таасирин тийгизет. Бирок пайдалуу үзүрү абдан жакшы байкалат. Албетте, каражаттарды дарыгер дайындайт.

Үй шартында даярдалуучу жана табигый каражаттар
Безеткиде жардам берүүчү натуралдык каражаттар:

  1. Чай дарагынын майы.
  2. Ири мүйүздүү малдын кемирчектери.
  3. Цинк.
  4. Сыра ачыткысы.

Бул каражаттар түрдүү косметикага кошулат, ушул кошулмалар кошулгандарын тандаңыз. Безеткиден биротоло арылууга мүмкүндүк берген үй шартында даярдалган каражаттар жокко эсе. Кычкылдыктарды көп колдонуп терини күйгүзүп салсаңыз, безеткиден да олуттуу маселе жаралат. Сиз тапкан бардык маскалар жардам берүүсү да, бербөөсү да мүмкүн, андыктан үй шартында даярдалуучу маскалар качан, кантип жардам бере турганына карап тандалат. Биз бул жөнүндө айтканбыз, ошондуктан кайталабай эле коёлу.

Безеткилерди кетируу
Башында айткандай кир самын менен күнүнө 2 жолу тынбай жууп турса андан артык нерсе жок. Бирок негизи, дерматологго же косметологго кайрылганыңыз оң болот. Бирок көпчүлүк учурда тери тешикчелери абдан толуп калгандыктан, жумушка барууга караганда дарыгерге баруу көп болуп калат. Мындай кырдаалга теринин алдынан бардык ашыкча заттарды алып чыгууга жардам берген атайын аспаптардын жыйнагы бар.

Безеткини жок кылуу, негизи, бул кадимки эле баарын сыгып чыгаруу ыкмасы, болгон айырмасы - аспаптар теринин көп жабыркоосуна жол бербей, инфекция кирип кетүү, так калып калуу коркунучун азайтат. Башында болсо эмне үчүн безеткини сыкпоо керектигин айткан элек. Косметикалык аспаптарды колдонуунун өз эрежелери бар:

Безеткиден калган тырыктарды кантип дарылоого болот
Көптөгөн безеткилер тырык калтырат. Жада калса кадимки безеткини туура эмес сыксаңыз, тырык же кара так пайда болуусу мүмкүн. Безеткиден калган тырыктарды дарылоо ыкмалары анча көп эмес. Бардыгы эле жаракат алып келет же үзүрү аз болот.

Безеткиге каршы маскалар
Безетки оору болгонуна байланыштуу ар бир масканы аллергияга текшерүү керек, мисалы, колго же чыканакка сүйкөп көрүп. Өтө көбөйүп кеткенде учурда ооруканага кайрылуу зарыл.

Маскалар косметикалык касиеттерге ээ болбостон, дарылык жагы да бар. Ар бир масканы 10-20 мүнөттөн ашык колдонубош керек.

Бал маскасы
Липа, горчичник болбосо кадимки балдан 50гр, олива майы (50гр) жана жумуртканын сарысы менен аралаштырабыз.

Банан маска
Азыктандыруучу кремге 3 кашык бананды эзип кошуп, 1 кашык олива майын кошобуз.

Белок маскасы
Жумуртканын агын жакшылап аралаштырып, бетке 20 мүнөткө сыйпабыз.

Достор, кандай гана болбосун, алгач тартынбай дарыгерге барыңыз, үйдө дарылануу абайлабаса олуттуу нерсе болуп саналат. Угрини кантип жок кылса болот жана башка ушул сыяктуу суроолор болсо жазып койгула. Даярдаган: Мүсүралиев Н.

Жайгаштыруу: 2019-01-28, Көрүүлөр: 7780, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-28, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу