Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы Индия

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Байыркы Индия

Байыркы Индия цивилизациясы Чыгыштын эң байыркы жана алгачкы цивилизацияларынын бири болуп эсептелет. Бул мамлекеттин тарыхы миң жылдап саналат.

Байыркы Индия

Тарых булактары маалымдагандай, Индия байыркы заманда Инд дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Улуу цивилизацияны баштаган байыркы калк инддер деп аталган. Индияда эзелтеден бери илим, маданият өнүккөн, жазуу адабияты пайда болгон. Байыркы инддиктер айыл чарбасынын жогорку деңгээлине жетип, коом тез өнүккөн. Инддиктер кант камышын өстүрүү, кездеме токуу, соода менен алек болушкан.

Инддиктердин диний ишеними маданияты сыяктуу көп түрдүү болгон. Ар башка Кудайларды жана Веданы ардакташкан, жаныбарларды Кудай деп билишкен, брахмандарга - диний ырым-жырымдарды сактагандарга сыйынышып, аларды тирүү Кудайга теңешкен.

Өзүлөрүнүн көптөгөн жетишкендиктеринин негизинде Индия жада калса байыркы заманда да өтө чоң тарыхый мааниге ээ болгон.

Географиялык жайгашуусу жана жаратылышы

Индия Азиянын түштүгүндө жайгашкан. Байыркы заманда түндүгүнөн Гималай - дүйнөдөгү эң бийик тоо системасы менен чектешкен өтө чоң аймакты ээлеген. Индия өнүгүү жагынан абдан айырмаланган түндүк жана түштүк бөлүктөргө бөлүнгөн. Мындай бөлүнүү аймактардын тоолор менен бөлүнгөн жаратылыш шарттарына байланыштуу.

Түштүк Индия жарым аралдын түшүм берүүчү жерлерин ээлеп, түздүк ландшафттарына, дарыяларга бай келет. Тоолор океандан келе турган нымдуу шамалды тозуп тургандыктан, жарым аралдын борбордук аймагы кургак климат катары мүнөздөлөт.

Түндүк Индия материкте жайгашып, өзүнө чөлдөрдү, жарым чөлдүү жерлерди камтыйт. Батыш жагында Инд дарыясы ири куйма дарыялары менен агып өтөт. Дарыяларды пайдаланып, каналдар аркылуу кургак жерлерди сугарып, жер иштетүүнү өнүктүрүү мүмкүн болгон.

Байыркы Индия чыгыш жагында Ганг дарыясынын куйма дарыялары менен агып өтөт. Бул жердин климаты нымдуу. Жаан-чачын көп жаагандыктан, аймакта күрүч, камыш өстүрүү ыңгайлуу болгон. Илгери бул жерде жапайы жаныбарлар байырлаган жыш токой болгондуктан, алгачкы жер иштетүүчүлөргө бир кыйла кыйынчылык жараткан.

Индиянын географиялык шарттары такыр ар башка - кар баскан тоолор жана жашыл түздүктөр, өтө алгыс нымдуу джунгли жана ысык чөлдөр. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн дүйнөсү да түрдүү келип, көптөгөн уникалдуу түрлөрдү өзүнө камтыйт. Климаттын, аймактык жайгашуусунун дал ушул өзгөчүлүктөрү Байыркы Индиянын бир аймакта өнүгүүсүнө, барууга кыйынчылык жараткан башка аймактарда алдыга жылуунун жайлап калуусуна таасирин тийгизген.

Байыркы индия мамлекети жана анын пайда болуусу

Аталган мезгилдеги жазуу булактары чечилбегендиктен, инддиктердин байыркы мамлекетинин түзүлүшү тууралуу окумуштууларга көп маалымат белгисиз. Байыркы цивилизациянын борборлорунун - Мохенджо-Даро жана Хараппа шаарларынын жайгашкан жери гана анык белгилүү болгон. Аталган шаарлар алгачкы байыркы мамлекеттик түзүлүштүн борбору болушу ыктымал. Археологдор тарабынан табылган айкелдер, курулуштун калдыктары, сыйынуу жерлери ошол кездеги өнүгүүнүн жогорку деңгээлинен кабар берет.

Индия фреска

Биздин заманга чейинки 2 миң жылдыктын ортосунда Байыркы Индиянын аймагына арийлер уруусу келген. Индия цивилизациясы баскынчылардын кысымынан улам жоголо баштаган. Жазуу адабияты жоголуп, коомдук түзүлүш ураган.

Арийлер инддиктерге өзүлөрүнүн коомдук бөлүнүүсүн таңуулап, адам төрөлгөндө эле берилүүчү артыкчылыкты (сословный строй) - варнаны колдонушкан. Брахмандар же кечилдер өзгөчө орунга ээ болушкан. Кшатрия бөлүгүн жоокерлер, вайшья бөлүгүн дыйкандар, соодагерлер түзгөн. Шудралар төмөнкү баскычты ээлешкен, бул варна - кул дегенди түшүндүрүп, ага арий эмес адамдардын баары кирген. Оор жумуштарды бир дагы бөлүккө кирбегендер жасашкан.

Кийинчирээк кылган жумушуна карата касталык бөлүү калыптана баштаган. Кайсы кастага кирээри адам төрөлгөндө аныкталып, коомдун ар бир мүчөсүнүн өзүн-өзү алып жүрүүсү каралган.

Биздин заманга чейинки 1 миң жылдыкта Индиянын аймагында башкаруучулар — падышалар, же раджалар пайда болгон. Алгачкы күчтүү бийлик түзүмдөрү пайда болуп, экономканын өнүгүүсүнө, соода байланыштарына, мамлекеттүүлүктүн жана маданияттын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген. Биздин заманга чейинки IV кылымдын акырына жакын күчтүү империя калыптанып, соодагерлердин эле эмес, башында Александр Македонский турган баскынчылардын көңүлүн бура баштаган. Македонский Индиянын жерлерин басып ала алган эмес, бирок түрдүү маданияттардын аралашуусу өнүгүүнүн жүрүшүнө жагымдуу болгон.

Индия Чыгыштагы ири, күчтүү мамлекеттердин бирине айланууда, ошол кездеги калыптанган маданият болсо бир аз өзгөрүүлөргө учурап, биздин күнгө чейин жетти.

Индиялыктардын чарбачылык жашоосу жана иштери

Инд дарыясына жакын жайгашкан түшүмдүү жерлерге отурукташышкан инддиктер дароо жер иштетүүнү өздөштүрүп, дан эгиндерин эгүү, бак-дарак тигүү менен алек болушкан. Индиялыктар мышык, ит сыяктуу жаныбарларды колго көндүрүүнү үйрөнүшкөн, тоок, кой, эчки, уй багышкан.

Байыркы Индия өлкөсүндө түрдүү кесиптер кеңири жайылган. Байыркы усталар кездеме токуп, зергердик жумуштарды, пил сөөгүнөн жана таштардан түрлүү нерселерди жасашкан. Индиялыктар тарабынан темир ачыла элек болчу, бирок, курал катары жезди жана колону колдонушкан. Ири шаарлар кызуу соода борборлору болуп, соода шаардын ичинде да, аймактан сырткары да жүргүзүлгөн. Археологиялык табылгалар байыркы заманда эле деңиз жолдору салынгандыгын, Индиянын аймагында Месопотамия жана башка чыгыш өлкөлөрү менен байланышууга арналган деңиз порттору болгондугун тастыктайт.

Индиянын цивилизациясынан артта калган көчмөн арийлердин келиши менен начарлоо башталган. Биздин заманга чейинки 2-1 миң жылдыктарда гана кайра жандана баштап, жер иштетүүгө кайрылып келишкен. Индиялыктар дарыялардын өрөөнүндө күрүч, дан өсүмдүктөрүн, буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүшкөн. Чарбачылыктын өнүгүшүндө арийлер келгенче индиялыктарга белгисиз болгон жылкылардын пайда болуусу маанилүү орунду ээлеген. Себүү алдында жерди тазалап иштетүүдө пилдерди колдонушкан. Ошол кездеги иштетүүгө жарамдуу жердин дээрлик бардыгын ээлеген өтө алгыс джунгли токойлору менен күрөшүүнү бул абдан жеңилдеткен.

Унутта калып бара жаткан кесиптер - кездеме токуу жана карапа өнөрчүлүгү кайрадан жандана баштаган. Темирди казып алууну үйрөнүү чарбачылыктын металлургия тармагына чоң түрткү берген. Бирок соода тармагы керектүү деңгээлге чыга албай, жакын жайгашкан калктуу конуштарга товар алмашуу менен чектелген.

Жазуу адабияты

Индия цивилизациясы жакшы өнүккөндүктөн, өзүнүн өзгөчө тили болгон. Табылган жазуу адабиятынын жаш курагы миң жылдап саналат, бирок окумуштуулар белгилерди дагы да болсо чече албай келишет.

Байыркы инд элинин тил системасы абдан татаал, көп кырдуу. Системада 400гө жакын иероглифтер, белгилер, тик бурчтуу фигуралар, толкун сымал чиймелер, квадраттар бар. Бизге жеткен алгачкы жазуулар топурактан жасалган жадыбалдар болгон. Археологдор тарабынан курч таш аспаптарынын жардамы менен ташка түшүрүлгөн жазуулар табылган. Бирок жазуулардын мазмунун компьютердик техниканы колдонуу аркылуу да чечүүгө мүмкүн болбой келүүдө.

Байыркы индиялыктардын тили, тескерисинче, тил изилдөөчү адистер тарабынан жакшы изилденген. Көптөгөн индиялык тилдердин негизин түзгөн санскрит колдонулган. Жерде тил сактоочулары катары брахмандар эсептелген. Санскритти изилдөө артыкчылыгы арийлерге эле багытталган. Коомдун төмөнкү бөлүктөрүнө киргендердин жазууну үйрөнүүгө укугу жок болгон.

Адабий мурас

Байыркы инддиктер анализдөөгө, чечүүгө мүмкүн болбогон чачыранды бир аз жазууларды калтырышкан. Индиялыктар, тескерисинче, көптөгөн жазуу байлыктарын түзүшкөн. Ведалар, Махабхарата, Рамаяна поэмалары жана ошондой эле бизге жеткен уламыштар, мифологиялык аңгемелер салмактуу адабий чыгармалар болуп саналат. Санскрит ыкмасында жазылган көптөгөн тексттер кийинки чыгармалардын жаралуусуна бир кыйла таасирин тийгизген.

Ведалар эң байыркы адабий булак жана диний китеп катары эсептелет. Китепте байыркы индиялыктардын негизги билими, акылмандыгы, Кудайларды даңазалоо, ырым-жырымдардын түшүндүрмөсү, диний жөрөлгө ырлары жазылган. Ведалардын руханий жашоого жана маданиятка болгон таасири күчтүү болгондуктан тарыхта миң жылдык убакыт Ведалардын маданияты аталышында болгон.

Ведалар менен биргеликте философия адабияты өнүгүп, максаты жаратылыш кубулуштарын, ааламдын жана адамдын жаралуусун мистикалык көз караш жактан түшүндүрүү болгон. Мындай чыгармалар упанишаддар деп аталган. Адамдардын руханий жашоосунун маанилүү идеялары табышмак же маек түрүндө сүрөттөлгөн. Мындан сырткары, окутуп-үйрөтүү мүнөзүндөгү тексттер болуп, грамматикага, астрологиялык билимге, этимологияга арналган.

Байыркы индия философиясы

Байыркы индия философиясынын башкы идеясы бүт жандыктар, бир болуп, бири-бири менен тыгыз байланышта, жолдору кесилишип, формасын өзгөртүп, башка жандыкка айланышы мүмкүн деген түшүнүктө болгон.

Байыркы Индия философиясы

Тирүү жандын, анын ичинде адамдын жаны чогулган кармасына ылайык башка калыпка өтүшү мүмкүн. Карма болсо кандайдыр бир асман эсептешүүсүн элестетет: адамдын жердеги көптөгөн жашоосундагы бардык жасаган иштери, ойлору жазылып калат. Жашоосунун аягында жыйынтык чыгарылат: эгер кармасы терс болуп чыкса, адам өзүнүн коомдогу жогорку абалын жоготот, же таптакыр жаныбар же өсүмдүк болуп жаралышы мүмкүн, эгер карма оң болсо, кийинки жашоосунда бийигирээк кастага таандык үй-бүлөөдө жаралууга мүмкүндүгү бар.

Высоцскийдин ыры эсиңердеби?
Мейли шыпыруучу болуп жашагын — прораб болуп кайра жараласың.
Андан соң прорабдан министрге чейин өсөсүң.
Бирок эгер, дарактай аңкоо болсоң сен, жараласың баобаб болуп,
Миң жыл баобаб болосун, өлүп жаның тынгыча.

Адам кармасы канчалык жакшы болсо, бир күнү өлүмдөрдүн жана жаралуулардын каруселинен сансарага секирип, мокша (будда салттарында бул нирвана деп аталат) алууга мүмкүндүк болот дешет, башкача айтканда көзү ачылып (акыл-эси тазарып деген мааниде), жыргалдыкка батат. Адамдын көзү ачылуусу үчүн дхарманын артынан түшүү зарыл делет, сопу же такыбалык кылуу.

Байыркы индустардын философиялык тексттери (Ведалар), санскрипт - мистикалык тилде жазылган, ал тилде адам менен аалам сүйшөлөт деген ишенимдер бар. Ведалар (Веда сөзү санскриптен которгондо билүү, таануу дегенди билдирет) биздин заманга чейин 15-кылымда түзүлгөн. Ведалардын бир бөлүгү шрут - ачылыштардын, космос чындыгынын стенографиясы саналып багыштоосу барларга гана жеткиликтүү делет. Ведалардын экинчи бөлүгү - смрити анчалык шыктуу эмес адамдарга, аялдарга, жумушчуларга жана төмөнкү касталардын өкүлдөрүнө адаптацияланган тексттер. Смритиге индия сагалары Рамаяна жана Махабхарата кирет.

Индия мамлекетинде кийинчирээк эпикалык мүнөздөгү чыгармалар жаралган. Махабхарата поэмасы санскриттин негизинде жазылып, башкаруучунун падыша тактысы үчүн күрөштү, индиялыктардын жашоосун, салттарын, ошол кездеги саякат, согуштарды камтыйт. Рамаяна чыгармасы бир кыйла кийинки эпос болуп саналып, падышанын уулу Раманын жашоодогу жолу тууралуу жазылган. Китеп байыркы индиялык калктын жашоосун, диний ишенимин чагылдырат. Бул эки чыгарма чоң адабий кызыгуу жаратат. Поэмалардын жалпы мазмунун көптөгөн уламыштар, тамсилдер, сыйкырдуу жомоктор, гимндер түзүп, байыркы индиялыктардын диний түшүнүгүнүн калыптануусуна таасир берген жана индуизмдин жаралуусунда маанилүү орунга ээ болгон.

Диний ишеними

Окумуштууларда байыркы инддиктердин диний түшүнүгү тууралуу маалымат аз. Инддиктер Кудай-Энени кадырлап, буканы ыйык жаныбар деп билишип, мал чарбачылыктын кудайына сыйынышкан. Алар башка дүйнөнүн бар экенине, адамдын жаны башка адамдын денесине кирет деп ишенишип, жаратылыш күчтөрүн кудайга теңешкен. Байыркы шаарларды изилдеп казууда табылган бассейн калдыктары инддиктер сууга сыйынышкандыгы тууралуу божомолго түрткү берет.

Байыркы индиялыктардын диний ишеними ведалык маданият доорунда индуизм жана буддизм эки улуу динге калыптанган. Ведалар ыйык деп эсептелип, сакралдык билимдин очогу болушкан. Ведалар менен бирге жердеги кудайлар катары саналган брахмандарга да сый көргөзүлгөн.

Индуизм ведалык диний ишенимден өзүнчө чыгып, бир нече убакыт өтүп олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Үч башкы кудайга - Вишнуга, Брахмага, Шивага сыйынуу алдыңкы планга чыккан. Бул кудайлар жердеги бардык мыйзамдардын түзүүчүлөрү болуп саналган. Калыптанган диний ишенимдер өзүнө арийлерге чейинки кудайлар жөнүндөгү түшүнүктөрдү да камтыган. Алты колдуу Шива кудайын сүрөттөөдө байыркы инддиктердин мал чарбачылыгынын үч беттүү кудайына сыйынуу да болгон. Диний ишенимдердин мындай бири-бирине сиңүүсү иудаизмге таандык.

Үч кудай — Вишна, Брахма, Шива

Биздин доордун башында индуизмде ыйык саналган маанилүү адабий булак Бхагабад-Гита пайда болгон, которгондо - кудайдын ыры дегенди түшүндүрөт. Коомдун касталык бөлүнүүсүнө таянып, Индия үчүн дин улуттук болуп калган. Дин кудайдын мыйзамдарын сүрөттөө менен тим болбостон, динди кармаган адамдардын жашоосун, этникалык баалуулуктарын калыптандырган.

Кыйла убакыттан соң өз алдынча катары буддизм дини жаралып, калыптанган. Аталышы динди түзгөн адамдын атынан алынып, даанышман - дегенди билдирет. Будданын жашоосу тууралуу так маалыматтар жок, бирок динди түзгөн адам катары тарыхтагы орду талашсыз.

Буддизм кайсы бир кудайлардын бирикмесине же жалгыз гана кудайга сыйынууну таңуулабайт, кудайларды дүйнөнүн жаратуучулары катары эсептебейт. Жалгыз ыйык катары даанышмандыкка жетип, бошонгон Будда саналат. Буддисттер адегенде чиркөөлөрдү курбай, ырым-жырымдарга чоң маани беришкен эмес.

Динди туткандар түбөлүк жыргалга жетүүгө туура жашоо аркылуу гана жетүү мүмкүндүгүнө ишенишкен. Буддизм касталарга карабай, төрөлгөндөн баштап бардык адамдарга теңчилик тартуулаган, өзүн-өзү алып жүрүүнүн адеп-ахлак негиздери динди туткан адамдардын жашоосун аныктаган. Буддизмдин адабий булактары санскрит негизинде жазылып, өзүнүн окутуп-үйрөтүү философия системасынын мыйзамдарын, адамдын ордун, өнүгүү жолун түшүндүргөн.

Индияда жаралган буддизмди тез арада иудаизм сүрүп чыгарган, бирок чыгыштагы кошуна мамлекеттерге кенен тарап, бекем тамыр жайган.

Дагы караныз

Жайгаштыруу: 2019-01-21, Көрүүлөр: 61421, Өзгөртүлгөн: 2024-02-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо