Кенгуру жөнүндө маалымат
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Кенгуру — кашка тиштүү баштыкчалуу сүт эмүүчү жаныбарлар тобу. Кеңири мааниде бул жаныбар кенгуру түркүмүнүн өкүлдөрүнө таандык. Мисалы, кызыл буттуу филандер, антилопалык кенгуру, чыгыш боз (гигант) кенгуру жана батыш боз кенгуру.
Кенгуру Австралияда гана бар. Кыргыз эпосторунда муну бөрсө деп да айтат. Борсо баласы эмне деп аталат? билгендер болсо жазып койгула. Жаныбарлардын балдарынын кыргызча аталыштарын өзүн макала кылып жазганбыз.
Кенгуру деген эмне? Бул өзгөчө жандык. Энесинин курсагындагы баштыкчадан баласы тумшугун чыгарып турган кенгуруну зоопарктан гана көрүүгө болот. Эгерде энесинин жанында отурганда кичинекей эле коркунуч болсо, дароо баштык-уясына башы менен сүзүп кирет да, башын кайра жогору буруп, оңдонуп алат.
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.
Баштыкча кенгурунун боорун бүт каптаган терең тери бүктөлмөсү. Кенгурунун жаңы туулган баласынын көзү көрбөйт, кызыл эт, өтө кичинекей болот. Чоң кызгылт сары кенгурунун узундугу (куйругун кошкондо) эки жарым метрден ашык, анын жаңыдан туулган баласы бар болгону 3 см болот. Ал туулар замат тырмышып жылып, баштыкчага өзү кирет. "Кенгуру" баласын 65 күнгө жакын эмизет.
Андан соң баласы баштыкчадан башын чыгарып, тышка чыга баштайт. Кээде ал сегиз айга чейин баштыкчада баш калкалап, жылуу жата берет. Ушул учурда анын бою энесинин теңиндей болот. Кыйын болсоң ушундай бала менен секирип көр! Ошондуктан кээде энеси душманынан качканда, баласын баштыгынан ыргытып жиберет. Бирок муну таш боордук деп айтууга болбойт.
Баштыктан түшүп калып ал жанын калкалап калышы ыктымал. Антпесе баласы да, энеси да бирөөгө жем болот. Кенгурунун дене түзүлүшү өзүнчө бир укмуш: арткы буттары күчтүү, куйругу чоң, ийиндери кууш, кичине алдыңкы буттары адамдын колдоруна окшош. "Кенгуру" тырмактуу алдыңкы буттары менен өзү жей турган өсүмдүктөрдүн тамырларын эң сонун казат. Алар арткы буттары менен коргонот. Коргонууда салмагын дароо куйругуна жүктөйт да, бошогон арткы эки буту менен тээп, душманын катуу жарадар кылат. Кенгурунун арткы буттарында төрттөн манжасы бар, тырмактары, айрыкча төртүнчүсү - узун бычактай курч болот. Чынында кенгуру бардык эле айбандарга окшоп, душмандарынан көбүнчө качып кутулат. Кенгуру арткы буттарынын күчүнө таянып, 12 м узундукка жана 3 м бийиктикке чейин секире алат! Кенгурулар азайып калгандыктан коргоого алынган.