TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Аталар (ыр), сөзү К. Исаков, обону Л. Жээнбаев

Аталар (ыр), сөзү К. Исаков, обону Л. Жээнбаев

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Аталар (ыр), сөзү К. Исаковдуку, обону Л. Жээнбаевдики

Аталар түбөлүккө тирүүсүңөр,
Кыздардын колундагы гүлүсүңөр.
Кыялдын (ай) канаттарын (ай) күүлөндүңөр,
Комуздун мукам назик үнүсүңөр.

Аталар кеңдиктердин кенисинер,
Адамдын акыл, дайра чегисиңер.
Кылымдан кылымдарга талбай учаар,
Өмүрдүн түгөнбөгөн кенисиңер.

Аталар, чечендердин сөзүсүңөр,
Бешикте жаш баланын көзүсүңөр.
Ата-Журт намысына шыктандырар,
Атак, даңк, эрдиктердин өзүсүңөр.

Көрүүлөр: 1203
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо