Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

12-декабрь — Улуттук адабият күнү

Баш барак | Күндөр | 12-декабрь — Улуттук адабият күнү

Улуттук адабият күнү — Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстанда 2011-жылдан бери жыл сайын 12-декабрда бегиленет.

Майрам 1928-жылдын 12-декабрында төрөлгөн адабияттын белгилүү классиги Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган. Анын китептери көптөгөн тилдерге которулуп, чыгармалары боюнча ондон ашык фильмдер тартылган, спектальдар жана опералык чыгармалар коюлган. Ошол эле убакта Айтматов — чындыгында улуттук кыргыз жазуучусу, анын чыгармаларында салттуу эпостун образдары көп кездешет. Жазуучу заманбап инттеллектуалдардын улуттук маданиятын сактоону милдет катары көргөнү белгилүү.

Айтматов активдүү коомдук ишмер болгон: чейрек кылым бою СССРдин Жогорку Кеңешинин курамында иштеген, Франция, Бельгия, Люксембург жана Нидерландда дипломат болуп эмгектенген. «Чет элдик адабият» (орусча «Иностранная литература») журналын көп жылдар бою жетектеген.

Ошондой эле 1950-жылдын 12-декабрында элдик акын Алыкул Осмонов каза болгон. Бул майрам «Улуттук адабият күнү» деп аталып, кыргыз адабиятынын башка белгилүү өкүлдөрүнө дагы арналат.

Кыргызстанда адабият күнүн белгилөө чечими официалдуу документтерде айтылгандай, кыргыз адабиятынын чыгармаларын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кабыл алынган.

Республиканын коомдук ишмерлери экономикалык, социалдык кризистин фонунда коомчулук Кыргызстандын жан-дүйнөлүк кризисин унутуп коюууда дешет. Бул жерден улуттук маданияттын кайра жаралуусу — маанилүү ролду ойногон адабият процесси жок болбойт эмеспи.

Улуттук адабият күнүндө мектептер, китепканалар, маданият мекемелери өзгөчө активдүүлүктү көрсөтүшөт. Майрамга арналган түрдүү акциялар уюштурулат, мисалы, көркөм окуулар, викториналар, дискуссиондук клубдар иштейт.

Жайгаштыруу: 2021-04-01, Көрүүлөр: 7197, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-04-01, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу