Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

7-апрель Элдик революция

Баш барак | Күндөр | 7-апрель Элдик революция

Кыргызстандагы апрель революциясы (элдик революция) — 2010-жылдын апрель айында ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге каршы өткөн массалык нааразычылыктар жана баш аламандыктар.

Мазмуну
Апрель революциясы же Кыргызстандагы төңкөрүш
ӨлкөКыргызстан
Дата2010-жылдын 6-апрелинен 15-апрелине чейин
СебептерПрезидент Курманбек Бакиевдин өлкөнү башкаруусуна нааразычылыктар, өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абал
Негизги максаттарБакиевдин отставкасы
ЖыйынтыктарБакиевди кулатуу, бийликтин убактылуу өкмөткө өтүшү, өлкөнүн түштүгүндөгү башаламандыктар
УюштуруучуОппозиция
Катышуучулар саныБир нече жүз миң адам
Өлгөндөр87 адам
Жараат алгандар1500 ашык адам
КармалгандарБир нече жүздөгөн адамдар

Өбөлгөлөр

Толкундоолордун себептери:

Ушуга байланыштуу 17-мартта Бишкекте социал-демократ, мурдагы тышкы иштер министри (1994-1997) Роза Отунбаева башында турган оппозициянын курултайы өткөн.

Окуялар хроникасы

6, 7 жана 8-апрелдеги баш аламандыктар

6, 7 жана 8-апрелдеги тополоң Таласта 6-апрель күнү, оппозиция митингден кийин облустук администрациянын имаратын басып алганда башталган. Укук коргоо органдарынын күч колдонуу ыкмасына жооп катары митингчилер таяк жана таштар сыяктуу каражаттарды колдонушкан. Атайын күчтөрдүн (спецназ) кырдаалды көзөмөлгө алуу аракети ийгиликке жеткен эмес. Митингчилер облустук ички иштер башкармалыгынын имаратын басып алууга да аракет кылышкан. Оппозиция «альтернативдик губернатор» катары Шералы Абдылдаевди жана анын орун басары катары «Ата-Мекен» оппозициялык партиясынын өкүлү Койсун Курманалиеваны дайындаганын жарыялашкан.

7-апрелде толкундоолор Бишкек шаарына жетип, оппозициячылар телевидениени басып алып, түз эфирге чыгышкан. Башаламандыктарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, оппозиция башчылары кармалган. Ошого карабастан башаламандык улана берген. Бишкекте бийлик, кармалган оппозициялык лидер Алмазбек Атамбаевдин колдоосуна демонстрациячыларды таратуу аракеттерин жасашат. Митингчилер атайын күчтөрдү кубалап, куралдарын тартып алып, ак үйгө жөнөшөт. Ак үйдүн алдындагы куралдуу кагылышта аскерлер жана милиция атайын объектти штурм жасап жаткан демонстрантчыларга ок чыгарат. Демонстрациячылар дагы ок атуу менен жооп берет. Натыйжада, каза болгондордун саны 84 (2010) жана жарадар болгондор 1500дөн (2010) ашык деп оппозиция расмий жарыя кылат. Бирок, бул сандар бүгүнкү күнү деле так тастыктоого ээ болбой келет, анкени, кээ бирлеринин айтуусунда бул сандар алда-канча көп делет, андан тышкары, каза тапкан жана жарадар болгондорду ошол түндөгү мародёрлорго кошуп коюшканда бир нече чоң чатактар чыгат. Маалым болгондой, кээ бир «өлгөндөрдүн» айрымдары тирүү чыккан. Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев өлкөдө өзгөчө кырдаалды жана Бишкек шаарында коменданттык саатты киргизгендиги жөнүндөгү буйрукка кол коёт.

7-апрелдин түнү Таласка жөнөтүлгөн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев оппозициячылар тарабынан кармалып сабалган. Аны эл тарабынан жазалоого алынгандыгы же анын алган жарааттарынан улам ооруканага баратканда өлгөндүгү жөнүндө имиштер пайда болот. Оппозиция бул сөздөрдү четке кагат. Кийинчерээк, Конгантиев Кыргызстандын аймагында экени, жана сотко барууга даярдыгы жөнүндө тастыктоо алынган.

7-апрелдеги оппозициянын бийликти басып алышы

Эртең менен оппозициянын миңдеген жактоочулары парламент имаратын штурм менен басып алып, Өкмөт Үйүн басып алууга аракет кылган, бирок, милиция жана Улуттук гвардиянын отряддарынын каршылык көрсөтүүсүнө кабылган. Оппозициячылардын бири автоунаа менен тосмону сүзүп өтүүнүн аракет кылат.

Ак Үйдүн айланасындагы элдин арасында бир нече куралданган адамдар пайда болот. Административдик имараттардын анын ичинде ак үйдүн үстүндөгү көзгө атаарлар, куралдуу козголоңчуларга ок чыгарышат. Оппозиция лидерлери, снайперлер куралсыз адамдарды атып жатканын айтышат. Ачууланган эл штурм жасоого өтөт.

Кыргызстандын мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы, президенттин биртуганы Жаныбек Бакиев, куралдуу адамдарды атууга буйрук берет. «Мен ок аткан БТРге (аткыла деген) команда бергем. Мен муну жашырбайм, бирок, мен, куралы барларды атууга буйрук бергем. Эгер кимдир бирөө курал менен чуркап келсе, ошону аткыла деп рация аркылуу айткам. Анткени, алар да мээлеп ок атып жатышкан», — деп Бакиев РИА Жаңылыктарга интервью берген. Курманбек Бакиев болсо, президенттик кабинеттин терезелерине ок чыгарылгандан кийин гана анын сакчылары ок чыгарганын айткан.

Парламент имараты талкаланып, Генералдык прокуратура имараты өртөлгөн. Топ адамдар телевидение имаратын басып алышкан. Пландаштырылган теле берүү программалары өзгөртүлүп, өкмөттүк эмес уюмдардын жана укук коргоочулардын катышуусу менен «түз эфир» башталат. Андан соң, парламенттин мурдагы төр агасы Өмүрбек Текебаев эфирде «бийлик толугу менен элдин колуна өттү» деп, Бишкектин коменданты катары отставкадагы милициянын полковниги Турат Мадалбеков дайындалгандыгын жарыялайт.

Андан кийин кыргыз өкмөтү отставкага кеткен. Президент Бишкектен Ошко качып, оппозиция, демократиялык шайлоолорду уюштуруу үчүн жарым жылга убактылуу «элдик ишеним башкармалыгын» калыптандырат, аны мурдагы тышки иштер министри Роза Отунбаева жетектейт.

2010-жылдын 7-апрель түнүндө Кыргыз бийлиги толугу менен оппозицияга өткөндүгүн Отунбаева жарыялайт.

8-апрелге караган түнү талап-тоноолор

8-апрелге караган түнү борбор шаарды талап-тоноолордун толкуну каптайт. Бишкекте түрк ишкерлерине таандык ири соода түйүндөр тонолот — Vefa жана Бета Сторес, ошондой эле, кытайлык ишкерлерге таандык Гойин соода борбору. Андан тышкары, кийинки соода борборлор тонолгон — Караван, Дордой Плаза, супермаркеттер тармагы — «Народный», «7 Дней» жана башка шаардын борборунда жана чет жакаларындагы бир катар дүкөндөр.

Күбөлөрдүн айтымында, куралданган кордондор түрүндө ижарачылар борбордук ири дүкөн ЦУМду, Борбордук Азиядагы ири базар «Дордойду» коргошкон. Максим Бакиев жашаган үй өрттөлгөндүгү жөнүндө маалыматтар болгон. № 10 кичирайондо «БНК» май куюучу жайы талкаланган. Бул Максим Бакиевге таандык май куюучу жайлардын тармагы болгон делет.

8-апрель

2010-жылдын 8-апрелинин таңында Кыргызстандын коргоо министрлиги Курманбек Бакиев өзүнүн ош шаарындагы резиденциясында деген маалымат берет. Ошто митинг өтүп, андагы катышуучулар Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Кыргызстандын милициясы толугу менен 2010-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн убактылуу оппозициялык өкмөтүн көзөмөлүнө өтөт, бул жөнүндө журналисттерге бейшемби күнү убактылуу министерлер кабинетинин ички иштер министри Болотбек Шерниязов айтат. «Милиция элдин көзөмөлүнө өттү... Бардык куралдуу күчтөр жана ИИМ коопсуздукту камсыз кылууга даяр», — деди ал. Буга чейин армия жана чек ара кызматы биз тарапка өттү деп оппозиция жарыялаган.

Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров, Курманбек Бакиев оставкага кеткени жатат деп чыккан. Бакиевдин журналисттерге жөнөткөн билдирүүсүндө ал өлкөдөгү абалды көзөмөлдөбөй турганын, бирок отставкага азырынча кетпестигин айткан.

Убактылуу элдик башкаруунун башчысы Роза Отунбаева «Бийликтин убактылуу өкмөткө өткөндүгү жана КР Конституциясынын аткаруу ирети жөнүндөгү» декрет абалы тууралуу ММКна билдирген. Декрет кийинкилерди карайт: «Президент жана өкмөт үчүн аныкталган ыйгарым укуктарды убактылуу элдик өкмөт өзүнө алат», «мыйзамдарды бузуу менен өткөрүлгөн шайлоонун натыйжасында шайланган» Жогорку Кеңеш (парламент) таркатылып, жаңы шайлоого чейинки мезгилдеги парламенттин ыйгарым укуктарын дагы убактылуу элдик өкмөт ишке ашырат. Отунбаева убактылуу өкмөт жарым жыл иш алып барат деп, бул жарым жылда жаңы бийлик «Жаңы Конституцияны кабыл алат» деп үмүттөнөт, көп өтпөй мыйзамсыз менчитештирилген стратегиялык объекттерди кайтаруу декреттери, ошондой эле, ЖКХнын мурдагы тарифтери калыбына келтирилип, электр энергиясына болгон баалар төмөндөтүлөт делген. Ошондой эле, акыркы окуяларды камтыган резонанстык мыйзам бузууларды изилдөө боюнча комиссия түзүлөт.

Роза Отунбаеванын төрт орун басары дайындалат. Экономикага жоопкерчиликтүү — Алмазбек Атамбаев, финансы жана кредитке — Темир Сариев, конституциялык реформага — Өмүрбек Текебаев, укук коргоо органдары жана прокуратурага — Азимбек Бекназаров.

Ошондой эле, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында губернаторлор кызматтан алынып, алардын ордуна оппозиция өкүлдөрү дайындалган.

Революциялык бийликти орнотууну убактылуу өкмөттүн вице-премьери Өмүрбек Текебаев мындай деп сүрөттөгөн:

«Ооба, биз 14 адам өзүбүздү өкмөт деп жарыяладык. Эмненин негизинде? Эч нерсенин. Ооба, биз узурпаторлор болуп калат экенбиз. Биз эми өкмөт дагы, парламент дагы, президент дагыбыз. Ооба, бул абдан жаман чечим. Бирок, ишенип койгула, мындан жакшыраак чечимдер жок болчу».

2010-жылдын 8-апрелдин күндүзү президент Бакиев «Эхо Москвы» радиостанциясынын түз эфиринде интервью берип, мында ал, өзүнүн президент катары ыйгарым укуктарын тастыктап, өзүнүн жеңилип калганын моюнуна албай, абалды көзөмөлгө алаарын жарыялаган. Өзүнүн кайрылуусунда Бакиев Кыргызстандагы абалды туруксуздандырууга тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы бар экени жөнүндө айткан, бирок, конкреттүү түрдө кайсыл жакты айтып жатканын көрсөткөн эмес.

9-апрель

9-апрелдин таңында Кыргызстандын ИИМинин айтуусу боюнча элдик кошуундар жана милиция отряддары менен өлкөнүн борбору Бишкек шаарын толугу менен мародёрлордон тазалаган. Шаарда эл ташуучу автобустардын кыймылы кайрадан жанданган. Республикада 9 жана 10-апрель каза болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланган.

2010-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абадда белгисиз адамдар, Кыргызстандын түштүгүндө популярдуу өзбек тилдүү «Дийдор» гезитинин редакциясынын имаратын аткылашкан.

Кийинки окуялар

11-апрелде Убактылуу өкмөт бийликтен кулатылган президент Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу ниетин билдирген. Ал декрет менен андан кол тийбестигин алышкан. Бирок, өлкөнүн түштүгүндө жашырынган өлкө президенти жаңы бийликке багынуудан, ал гана эмес, ыйгарым укуктарын таштоодон баш тарткан. Ошого карабастан, ал өзүнүн отставкасы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү каалоосун жарыялаган.

15-апрелде Курманбек Бакиев Кыргызстандан чыгып Казакстанга багыт алган. 16-апрелде Бакиев президенттиктен кетүү тууралуу арызына кол коёт.

Ал ортодо, 16-апрелде ИИМдин атайын отряды Бакиевдердин айылын тосушкан. Версиялардын бири боюнча, бул президенттин жакындарынын коопсуздугу үчүн жасалган.

17-апрелде Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болот.

20-апрелде Беларус президенти Бакиев Минскиде экенин тастыктайт.

19-апрелден кийин чыңалуунун күчөшү

19-апрелде Убактылуу министрдин отставкага кетишине жетишкен милиция кызматкерлеринин нааразылыктары тууралуу маалымат пайда болот.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда мүлктү кайра бөлүштүрүү башталып, Бишкекке жакын айылдарда улуттар аралык кагылышуулар (орустардын жана месхет-түрктөрүнүн үйлөрүнө кол салуу) башталган. Тополоңдо кеминде 15 киши жарадар болуп, алардын бири октон алган жараатынан ооруканада каза болгон.

Массалык протесттердин натыйжасында жаңы өкмөт тарабынан дайындалган бир катар кызматкерлер отставкага кетүүгө аргасыз болушкан, негизинен Таластын мэри жана ички иштер министри.

21-апрелде Минскиге көчүп барган Курманбек Бакиев жаңы бийликти кылмышкер деп таап, отставкага кетүү тууралуу арызынан баш тарткан.

2010-жылдын 21-апрелинде Минск шаарында (Беларусь) жайгашкан КМШнын Аткаруу комитетинин имаратында Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев басма сөзгө сөз сүйлөп чыккан:

«Урматтуу достор, айымдар жана мырзалар. Менин элим коркунучтуу трагедияны башынан өткөрүүдө. Алдамчылардын тобу өзүн бийлик деп жарыялап, башаламандык жаратып, карапайым калкты өлтүрүп, турак-жайларды талкалоодо. Тоноо жана зомбулук кадыресе көрүнүшкө айланды. Өлкө ондогон жылдар артка чегинди. Мен, Кыргызстандын президенти жана Конституциянын гаранты катары, элим башынан өткөрүп жаткан катастрофа үчүн жоопкерчиликтен баш тартпайм жана бул үчүн мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын. Бирок бул, менин бандиттерге баш ийип, элимди кыйынчылыкта калтырып кетем дегенди түшүндүрбөйт. Буга байланыштуу мен төмөндөгүлөрдү билдирем.

Биринчи. Дагы бир жолу курман болгондордун бардык туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Экинчи. Мен өзүмдүн отставкамды тааныбайм. Эмне үчүн — кийинчерээк түшүндүрөм. Тогуз ай мурун Кыргызстандын эли мени президент кылып шайлаган, жана мен аларга кызмат кылууга ант бергем. Антымдан баш тартууга мажбурлай алган эч кандай күч жок. Мени өлүм гана токтотот. Мен, Курманбек Бакиев дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, Кыргызстандын мыйзамдуу түрдө шайланган президентимин.

Үчүнчү. Бийликти басып алууга аракет кылып жаткан бандиттер — башка бирөөнүн эркинин аткаруучулары жана эч кандай легитимдүүлүгү жок экенин бардыгы билиши керек. Кыргызстан эч кимдин колониясы болбойт. Менин элим эркин болгусу келет жана эркин болот, заманбап көз карандысыз демократиялык мамлекетти курууну улантат...»

Түштүк аймактардагы баш аламандыктар жана этнос аралык кагылышуулар

11-июнда Ош шаарында ырайымсыз кагылышуулар болуп, 2000ден ашуун адам жабыркап, 828и ооруканага жаткырылган. Шаарда коменданттык саат киргизилип, газ өчүрүлүп, көчөлөргө тосмолор орнотулуп, талап-тоноо фактылары катталган. Чет элдик маалымат агенттиктери окуянын этникалык тек-жайын жазып чыгышкан, анткени, Ош шаарында өзбек азчылыгы компакттуу жашашат делген.

Ошол эле маалда Бишкектеги кыргыз улутундагы жаштар өзбектер менен кагылышуу үчүн түштүктү көздөй маршруттук таксилерди жана жеңил унааларды айдап кете башташкан. Алардын айрымдары Мамлекеттик телерадиокомпаниянын имаратына кирип, түз эфирди берүүнү талап кылышкан.

12-июнда көрүлгөн чараларга карабастан, башаламандыктар күчөп, түштүктүн бир катар башка шаарларына, анын ичинде Жалал-Абадга да өтүп, жабырлануучулар болгон. Өкмөт жарым-жартылай мобилизациялоону, баш аламандык каптаган аймактарда күнү-түнү коменданттык саат киргизүүнү жана милицияга ок атууга уруксат берүүнү чечкен.

Ош, Жалал-Абад жана Базар-Коргон шаарларында 2843 имарат жабыркаганы жөнүндө ЮНОСАТ эсептеп чыккан. Анын ичинен 2677 имарат толугу менен талкаланып, 166сы олуттуу зыянга учураган. Тополоң маалында 400 000 качкын коңшу Өзбекстанда баш калкалаган.

Референдум

2010-жылдын 27-июнда Кыргызстанда өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча референдум өткөн. Аны добуш бергендердин 90,57 % колдогон. Кыргызстан парламенттик республикага айланып, Конституциялык сот жокко чыгарылган, ал эми убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдин президенти болгон. Бирок, бул мөөнөт аяктагандан кийин ал президенттик кызматты ээлөө укугуна ээ болбойт. Парламенттик шайлоо 2010-жылдын 10-октябрына белгиленген. Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык конфликтке байланыштуу көпчүлүктүн аны жылдыруу чакырыктарына карабастан референдум өткөн. 2010-жылдын 2-июлунда БШК өлкөнүн мурдагы парламентинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Кыргызстандын Өткөөл техникалык өкмөтү

Кыргызстандын өткөөл техникалык өкмөтү 2010-жылдын 14-июлунда түзүлгөн.

Курмандыктар

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бийлик алмашуу менен коштолгон тополоңдо жалпысынан 84 (2010) адам каза болгон.

Жалпы медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 1500дөн ашкан, 500дөн ашуун адам ооруканага жаткырылган. Аскерлердин огунан канча адам каза болгону боюнча дагы деле так маалымат жок. Ошондой эле, октордун баллистикалык экспертизасы жүргүзүлгөнү жана ал октор тастыктоочу буюм катары сакталаары дагы белгисиз.

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын 111 кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан: 23 милиционер стационардык, 69 адам амбулатордук түрдө дарыланышкан. Каза болгондордун арасында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Академиясынын эки курсанты бар: Эдил Такырбашев жана Никита Кущ.

Кыргызстандагы 6-8-апрель окуяларын иликтөө боюнча комиссия

12-апрелде комиссия түзүлүп, анын курамына кийинкилер кирген: Комиссиянын төрайымы Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова, Улукбек Бабакулов, Абдуназар Маматисламов, Асел Айнидинова, Жанызак Абдирасулов, Назгүл Сүйүмбаева жана Назгүл Турдубекова.

6-8-апрель окуяларын иликтеген комиссиянын корутундусу 2010-жылдын 29-апрелинде жарыяланган.

Россиянын катышуусу

8-апрелде Россия президенти Дмитрий Медведевдин буйругу менен Кыргызстанга Кант авиабазасын жана орус аскерлеринин үй-бүлөсүн коргоо үчүн орус десанттарынын эки ротасы жөнөтүлгөн.

Россия президенти Дмитрий Медведевдин басма сөз катчысынын билдирүүсү боюнча Кыргызстандагы абал эл тарабынан ошол кездеги бийликке өтө нааразы экендигин күбөлөндүрөт. Кулатылган өкмөттү сындоо менен Россиянын премьер-министри Владимир Путин дагы сүйлөп чыккан. Кийинчерээк Путиндин «Кыргызстандын элдик ишеним өкмөтүн» башкарган Роза Отунбаева менен болгон сүйлөшүүсүндө, Россия Кыргызстанга өлкөлөр ортосундагы «өзгөчө мүнөздөгү мамилелер» түрүндө материалдык жардам берүүгө даяр экенин жарыялаган.

Убактылуу өкмөттү Россия тарабынан колдоосу россиялык өкмөттүн Курманбек Бакиевдин өзүн алып жүрүүсүнө нааразы экенин менен шартталган, анткени ал, 1.7 миллиард доллар өлчөмүндөгү кредитке Кыргызстандагы АКШ аскер базасын кетирүү убадасын аткарбай кеткен деп байкоочулар жоромолдошот. СССР кулагандан кийин биринчи жолу Россия кыйыр маанисиз бийликке келген оппозицияны колдогон, ушунусу менен өзүнүн постсоветтик мейкиндиктеги каалаган революциялык көрүнүштөргө мурдагы терс мамилесин өзгөрткөн.

2010-жылдын 12-апрелинде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөргөн. Ал Россия Кыргызстанга 150 миллион доллардан ашык суммада кайтарымсыз грант бөлүп, күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздалаарын айткан.

Бирок, Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 13-апрелде Путин Атамбаев менен жолукпаганын жана ага эч кандай жардам убада кылбаганын билдирген. Жардам тууралуу сүйлөшүү, Песковдун айтымында, Путин менен Отунбаеванын телефондук сүйлөшүүсүндө жүргөн, бирок анда гуманитардык жардам тууралуу гана болгон сөз болгон, анткени Путин, Песковдун айтымында, чыр-чатактын эч бир тарабын колдобойт. Песковдун айтуусу: «Ал [Атамбаев] каалоону чындык катары көрөт деп айтууга болот».

Ошондой болсо да, вице-премьер 14-апрелде — Россиянын финансы министри Алексей Кудрин Россия премьер-министри Владимир Путиндин кеңешмесинде Россия Кыргызстанга 20 миллион доллар грант түрүндө жана 30 миллион доллар Россельхозбанк жактан жеңилдетилген кредит түрүндө берээрин билдирген. Путин өкмөттүн кеңешмесинде Кыргызстанда болуп жаткандын баары — «бул Кыргызстандын ички иши», бирок, республикадагы абал азыр критикалык, жана зарыл болсо Россия жардамдын көлөмүн чоңойтот деп жарыялаган. Путин Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн сөзүнө таянып, ал жакта «казна бош» жана «өлкөнүн мурдагы өкмөтү барысын тоноп бүткөн» деп россиялык өкмөткө айтып берген. «Албетте, муну биз сындай албайбыз, — деп В. Путин белгилеген. — Бирок, биздин кыргыз эли менен дайыма өзгөчө мамилелерибиз болгондугун эске алуу менен, Кыргызстан үчүн оор мезгилде биз Кыргызстандагы досторубузду колдодук». Путин өкмөтүнө «кесиптештер менен алардын зарылдыктары боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алуу» үчүн Кыргызстандык убактылуу өкмөтү менен андан ары дагы байланышты колдоп турууну буйрук кылган.

2010-жылдын май айында Кыргызстанда Россия жана Казакстан орното алган «сырткы көзөмөл» же протекторат киргизүү жөнүндө имиштер тарай баштаган. Мындай имиштердин тарашына Россия жана Казакстандын президенттерин Кыргызстандагы абалдын атайын өкүлдөрү катары дайындоо себеп болгон.

Эл аралык реакция

Казакстан жана Өзбекстан өзүлөрүнүн Кыргызстан менен болгон мамлекеттик чек араларын 8-апрелде жабышкан.

2010-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандагы Россия элчилиги «акыркы күндөрү Россия жарандарынын жана мекендештердин ортосунда белгилүү бир күчтөр өлкөдө улуттар аралык абалды курчтууга умтулуу боюнча кайрылуулары менен терең тынчсыздануусу» жөнүндө билдирүү таркатып, Кыргызстандын Тышки Иштер Министрлигине буга ылайык нота жөнөткөн.

9-апрелде Еврокомиссиянын өкүлү Майя Косьянчич Евробиримдик (ЕБ) тарабынан Кыргызстандын жаңы бийлигин таануу жөнүндө сөз болгон эмес, жана ЕБ биринчи кезекте «кырдаалдын өнүгүүсүн байкап тураарын» айткан. Андан мурда Евробиримдиктин эл аралык иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морелге 10-апрелде Бишкекке келип «акыркы баш аламандыктан кийинки абалды баалоо, жана ЕБ эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта кризисти тууралоодогу сүйлөшүүлөрдөгү жетишилген тынчтыкты жеңилдетүү жолдорун аныктоону» буйрук кылган.

12-апрелде Кыргызстандагы АКШ элчилиги кийинки мазмундагы билдирүүнү таркаткан: АКШ элчиси Татиана Гфэллэр 12-апрелдин таңында убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева менен кезигип, ага жана жакындарын жоготкон же акыркы окуяларда жабыркаган Кыргызстандын бардык жарандарына көңүл айткан. Билдирүүдө мындай деп айтылган: «Элчи Гфэллэр жана Отунбаева айым, АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейктин Кыргызстанга келүүсүнө тиешелүү маселелерди талкуулашты. Элчи Гфэллэр, АКШ өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга жана өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүн колдоого даяр экенин дагы бир жолу ырастаган». Ошондой эле, «АКШ элчилиги Бакиев мырзага башпаанек берүү же анын Кыргызстандан чыгып кетишине көмөк көрсөтүүгө пландары жок. Карама-каршы мазмундагы билдирүүлөрдүн баары чындыкка дал келбейт» деп айтылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Отунбаева менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө Кыргызстанга гуманитардык жардам сунуштап, ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк 12-апрелде АКШ Отунбаеванын ынандыруусун кубаттаарын, убактылуу өкмөт өткөөл мезгилде өлкөнү башкаруусун жана анын демократияга кайтуусун камсыз кылат деп билдирген. Р. Блейк, АКШ Кыргызстанда болгон окуяларды төңкөрүш деп эсептебейт жана бийлик алмашканын азырынча тааныбай турганын билдирген. Р. Блейк президент Бакиевдин мындан аркы тагдыры тууралуу суроолорго жооп берип жатып, бул маселени өлкөнүн Конституциясына ылайык кыргыздар өздөрү чечиши керектигин айтып, К. Бакиевди кармоо тууралуу даярдалып жаткан операциялар жөнүндө эч нерсе билбестигин айткан. Р. Блейктин ырастамасында, АКШ өкмөтү К. Бакиев менен байланышты колдобойт жана Кыргызстанга болгон иш сапарында аны менен кездешүүгө ниети жок. К. Бакиевдин уулу Максим тууралуу сөз кылып жатып, Р. Блейк Максимдин АКШда болгонун, бирок аны менен расмий жактардын эч кимиси жолукпаганын, Максимдин азыр кайда экени белгисиз экенин тастыктаган. «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборуна байланыштуу Р. Блейк АКШ каалаган убакта кыргыз-америкалык келишимдер тууралуу сүйлөшүүгө каалаган убакта даяр экенин билдирген: «Алардын [жаңы бийликтин] алдында азыр чечүүнү талап кылган көптөгөн башка жумуштар турат, анын ичинде: өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү, убактылуу өкмөттү калыптандыруу, шайлоолорду уюштуруу. Алар биз менен сүйлөшүүгө даяр болгондо, биз сүйлөшүүлөрдү баштоого кубанычта болобуз».

2010-жылдын 20-апрелинде Беларусиянын президенти Лукашенко төңкөрүштү конституциялык деп эсептебей турганын жана президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө, анын ичинде жубайы жана эки баласына башпаанек бергенин жарыялаган.

Эстеликтер

2012-жылдын 7-апрелинде 2002-жылдын Аксы окуяларына жана 2010-жылдагы апрель революциясында каза болгондорго монумент коюлган. Ошол кездеги президент Атамбаевдин айтуусу боюнча монумент «жакшылык дайыма жамандыкты, ак караны жеңээрин символдоштурат». Монумент ак жана кара дубалдарды чакылдырып, алардын ортосунда кара дубалды түртүп жаткан адамдар берилген, ак дубал карасына караганда чоңураак.

Кошумча

2011-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаев 7-апрель Элдик революция күнү деп жарыялаган. 2016-жылы мыйзамдарга оңдоолор киргизилип, ага ылайык 2016-жылдан тарта «7-апрель Элдик революция күнү» иш күн эмес деп жарыяланган.

Жайгаштыруу: 2022-04-08, Көрүүлөр: 1381, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу