Адыргы — Өрмөк согууда колдонуучу жыгач курал. Узундугу 40—45 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы — 3—5 см, баш-аягы, эки кыры бирдей жукартылып, тактайдан жасалат. Адыргынын эки учунда көзөнөгү болот. Мындан кудум жүн сабоодой эки таякчанын ичке жагы өткөрүлүп, нукумдай жоон башына такалат.

Абдырына — Төшөктүн аяк-башына жазданууга атайын ылайыктала жасалган жыгач буюм. Бул кыргыздар отурукташуудан кийин көбүрөөк колдонула баштап, жыгаччылар муну сыйдалап кармап, кооз буюм катарында урунууга аракеттенишкен. Көчмөңдүү жана жоокерчилик турмушта төшөктүн аягы жапыс көрүнсө, ээр анын

Абалак - «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см, туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1.5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы

Абайы — «Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан,

Аачым (аарчым) — кандайдыр бир нерсени сүртүүгө (аарчыгууга) ылайыкташкан чүпүрөк. Аны бет аарчынын (жүз аарчы, кол жоолук) сүлгүнүн бир түрү катары кароого болот. Ага сайма көчөттөрү түшүрүлгөн. Ашар — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем