Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жайыт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жайыт

Жайыт — системалык түрдө мал жаюууга пайдаланылуучу айыл-чарбалык чөптүү жер аянты. Ал табигый жана эгилме болуп бөлүнөт. Табигый жайытта жапайы чөп, эңилчек, бадал өсөт. Эгилме жайытта көп жылдык жана бир жылдык (чанактуу, дандуу) өсүмдүк аралаш эгилет.

Жайыт көк тоюттун (караңыз тоюттар жана тоют чөптөр) негизги булагы. Айрыкча жай мезгилинде колдонулат. Мал жаюуу менен катар балчылар тарабынан аарыларды жайып бал чогултуу максатында дагы пайдаланылат.

Механикалаштырылган айыл-чарба пайда болгонго чейин жайыт үй кой, жылкы, уй сыяктуу үй жаныбарларынын негизги азык булагы болуп келет. Ошодуктан жайыт бүгүнкү күндө дагы колдонулат, өзгөчө кургакчыл аймактардагы айыл-чарбалык өндүрүмгө жараксыз жайыт жерлер.

Жайыттардын түрлөрү: кургак аймактуу, саздуу, тоолуу ж. б. Жайытты иштетүү деңгээли боюнча табигый жана маданий болуп бөлүнөт.

Маданий жайыттар жогорку өндүрүмдүү чөптөрдү себүү менен түзүлөт, мындай жайыттар табигый жайыттарга караганда жогорку сиңимдүүлүк баалуулугуна ээ. Маданий жайыттарга чөптөрдү эгүүдөн тышкары адистер аларды тосмолор менен тосууну сунушташат.

Жайыт түрдүү өсүмдүктөрдү камтышы мүмкүн: дан өсүмдүктөр, чанактуу дан өсүмдүктөр жана башка жем болуучу (фураждык) өсүмдүктөр. Топурактын түрү, жылдык минималдуу температура, жаан-чачындар — жайытты колдонуу ыкмаларын аныктоочу негизги факторлор.

Дүйнө жайыттарынын жалпы аянты кургактыктын болжолдуу 26% же 2 миллиард гектарды түзөт. Булардын үчтөн экиси гана айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жарактуу.

Кыргызстанда жазгы жана күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Казакстанда жайыт жерлердин аянты 185 млн гектар, булардын ичинен айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө 73,4 миллион гектар жер бекитилген.

Жайгаштыруу: 2024-02-06, Көрүүлөр: 316, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу