Тоюттар

Тоюттардын түрлөрү. Айыл чарба малдары үчүн бардык тоюттар келип чыгуу, химиялык жана физикалык касиеттерине байланыштуу төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт.

1.Кесек (кургак) тоюттар – чөп, саман, топон.

2.Чыктуу тоюттар – көк чөп, башка өсүмдүктөрдүн жашыл массасы, тамыры жемиштин жалбырактары, жемиштер, бакча өсүмдүктөрү, силос, сенаж ж. б.

3.Концентрат тоюттар - дан, улпак, шрот, кунжара.

4.Минералдык тоюттар – кайнатма туз, бор, үлүл кабыгы, сөөк уну, кызыл чопо ж.б.

5.Жаныбарлардан келип чыккан – эт – сөөк ундары, балык уну, сүт, көк сүт, сүттүн сары суусу ж.б.

6.Техникалык өндүрүштөрдүн калдыктары – жом, патока, барда, мезга ж. б. – тамак-аш калдыктары.

7.Протеиндик жана витаминдик кошундулар – синтетикалык жана микробдук препараттар (мочевина), аммоний туздары, синтетикалык алмаштырылгыс амин кислоталары, угуттар, синтетикалык витаминдер же бир витаминге бай (угуттар, сабиз) тоюттар.

8.Комбитоюттар жана толук баалуу аралашма тоюттар.

Кесек (кургак) тоюттар.

Чөп. Чөптү жайыттардагы табигый жана айдоо жерлерде өстүрүлүүчү түркүн кылкандуу жана чанактуу өсүмдүктөрдөн даярдашат. Тоют өсүмдүктөрү көп жылдык жана бир жылдык болуп, эгилме жана жапайы түргө бөлүнөт. Чөптүн сапатынын жакшы болушу, өсүмдүктөрдүн көк чөбүнүн өсүшүнө жараша жана чабылуу мезгилине байланыштуу болот. Кылкандуу өсүмдүктөрдү баш алганда, чанактуу өсүмдүктөрдү гүлдөп турганда чаап алса, азык заттардын сапаты сакталып, аш болумдуулугу жогорулайт. Чөп өсүмдүктөрү өсүп жетилгенден кийин да кечке чабылбай туруп калса сабагы катып, бүрлөрү, жалбырагы түшүп, куурай баштайт. Чабыгынан өтүп кеткен чөптүн протеини жана каротини аз болуп, клетчаткасы көбөйүп кетет. Себеби жалбырактары менен майда сабагы түшүп калгандан кийин, азык заттары азайып аш болумдуулугу төмөндөйт. Чөптүн сапатын сакташ үчүн нымдуулугуна көңүл буруу керек. Чөп туура эмес кургатылса, анда анын 20-25%на чейин сапаты төмөндөйт. Чөптү талапка ылайык сапаттуу даярдоо үчүн чөп чабуудагы кемчиликтерди жоюш керек.

Саман. Кылкандуу жана чанактуу эгиндин бышкан дандарын бастырып, кызылын алгандан кийин урук бакалын саман дейт. Кесек тоют катары арпа, сулуу, буудай, буурчактын самандары кеңири колдонулат. Сиңимдүүлүгү жана аш болумдуу жагынан чанактуу өсүмдүктөр – саманы жогору бааланат, анын 1кг саманында 0,25 тоют бирдиги, 26,7 сиңимдүү протеин, 3мг каротин бар. Мал кылкандуу өсүмдүктөрдөн арпанын, сулунун, тарунун саманын жакшы жейт. Саманда протеин аз, клетчаткасы 50%га чейин болот.

Топон. Кылкандуу жана чанактуу өсүмдүктөрдүн кызылын сапырып алганда сапырыкка бөлүнүп чыккан майда калдыкты жалпысынан топон дешет. Топон саманга караганда клетчаткасы аз, протеини көбүрөөк болуп, аш болумдуу жагынан арпанын, буудайдын саманына караганда артыкчылык кылат. Бул касиеттери жагынан чанактуу өсүмдүктөрдүн топону сулунун, арпанын, буудайдын топондорунан артыкчылык кылат.

Кесек тоюттардын баалуулугу.

ТоютТоютттун 1 кг дагы аш болумдуугу
Нымдуулук %Тоют бирдигиСиңүүчү протеин, гКальций, гФосфоргКаротин, мг
Беде чөп (убагыгында чабылган)14,00,4996,412,41,435
Беде чөп (эрте чабылган)14,00,58117,014,01,875
Эспарсет чөбү14,00,4982,010,41,335
Тоо чөбү (убагында чабылган)14,00,5154,05,51,325
Шалба чөбү14,00,4646,07,91,917
Арпа саманы14,00,2810,04,20,91
Сулу саманы14,00,3014,03,30,81
Жаздык буудай саманы14,00,2210,02,40,75
Күздүк буудай саманы14,00,208,01,40,73
Жүгөрү бакалы22,00,3712,03,80,73
Сулу топону14,00,4820,07,11,08
Арпа топону14,00,3818,06,60,74
Буудай топону14,00,4124,45,10,94
Чигиттин кабыгы12,00,462,41,00,8-
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)