Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылкы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жылкы

Дүйнөдө жапайы жылкылар өтө эле аз калды. Аларды Азиядан гана жолуктурууга болот. Бул жапайы жылкылар, аларды алгач көрүп сыпаттап жазган атактуу саякатчынын ысымы боюнча Пржевальский жылкысы деп аталат. Жапайы жылкы кабелтең, чыйрак, башы чоң, тарак жалдуу келип, көкүлү такыр жок болот, анткени душмандары көп болгондуктан айлана-чөйрөсүнө сак болуп тегерете көз салып турушу керек. Жылкынын өңү кумга окшош бозомук аккула, жал-куйругу кара. Өңү-түсү талаа өсүмдүктөрүнө окшош болгондуктан, бул жылкылардын үйүрлөрү сырткы көзгө көп байкала бербейт. Кышка карата жүнү узарып калыңдайт. Адам жапайы жылкыны мындан бир нече миң жыл мурда колго үйрөткөн. Табияттын өнөрканасынан жалгыз үлгүнү - көзгө комсоо жапайы жылкыны алып, адам анын кебетесин акырындык менен өзгөрткөн. Кичинекей пони жылкысынан баштап, оор жук тартуучу алптарга чейин жылкынын толуп жаткан ар турдуу породалары ушундайча пайда болгон.

Айбанаттар паркында арабага кошуп, балдарды тегеретип ойнотуучу кичинекей пони жылкылары менен илгери жер астындагы тар шахталарда көмүр жүктөлгөн вагонеткаларды сүйрөтүшкөн. Араб жылкылары сымбаттуулугу, жүрүштүүлүгү жана алыс сапарга чыдамдуулугу менен даңкы чыккан. Аларды Аравияда мындан 800 жыл мурда чыгарышкан. Минги асыл тукум англис жылкысы 18-кылымда Англияда чыгарылган. Ушул тукумдагы жылкылар ат чабыш үчүн атайы жаралгандай. Минги Ахалтеке жылкысы байыркы заманда эле Түркмөнстанда чыгарылган. Мына ушул жүнү алтындай жылтылдап, жибектей кулпурган, көрүнүшү сулуу, келишимдүү жаныбарлар күлүк да, өкүм да келишет. Орус селекциячысы граф Орлов жеңил арабага чегүүгө атайын арналган жылкынын эң сонун тукумун чыгарган.

Алар Орлов таскактуу жылкысы деп аталат. Кийинчерээк орустун мындан да күлүк таскактуу жылкылары чыгарылды. Таскактуу жылкынын катуу чаап кетүүгө акысы жок. Чабандестин буйрук үнү менен башкаруусуна баш ийген таскакчы чу дегенде, жыйрылган денесин кайыштай чоюп, арышын кере таштап, сызып жөнөйт. Анын таскагы курьер поездинин ылдамдыгынан кем калышпайт. Чабендес аттын куйругуна чукул чегилген кош дөңгөлөктүү арабада олтуруп, таскакты башкарат.

Жарышка чабылуучу аттарга атайы жеңил ээр-токум токулат. Салмагы жеңил чабендес - жокей үзөңгүсүн кыскартып, дал ыйык жалды баса отурат, анткени күлүк чуркаган кезде, анын белине күч келтирбөөгө тырышат. Бир нече тонна жүк жүктөлгөн оор арабаларды сүйрөгөн жылкылар да бар, мисалы, ак байпакчан ала шыйрак тору Владимир жылкылары. Жылкы 16 тоннага чейин тарта алышат. Учурда жылкылардын бардык породалары ийгиликтүү өстүрүлүүдө. Алардын ичинде келишимдүү араб жылкылары, минги асыл тукум күлүктөр, будённый жана терек породасындагы эң мыкты спорттук жылкылар бар. Жаңы породаларда чыгарылууда (мисалы, кыргыздын жаңы жылкы породасы).

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1843, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо