Тоют чөптөр

Мал чарбасында тоют балансынын 40%ын чөп өсүмдүктөрү түзөт. Кесек жана чыктуу тоюттарды, чөп ундарын, гранулдарды даярдоодонун негизги булагы болуп чөп өсүмдүктөрү эсептелээри белгилүү. Чөп өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агро техникасын туура колдонсок кайрак жерден 100ц/га ал эми сугат айдоо аянтынан 150ц/га кургак тоют алынат. Бул болсо 8-12 мин тоют бирдигин түзөт. Көп жылдык чанактуу тоют чөптөрү: люцерна, эспарцет. Көп жылдык дан өсүмдүк чөптөрү: ак сокто, кылкансыз түбү бош, тарак баш. Бул өсүмдүктөр малга эң арзан тоют катары бааланып , ошону менен бирге жер кыртышынын күрдүүлүгүн , асылдуулугун арттырууда ролу зор.

Люцерна-кургак чөп, чөп унун, сенаж, силос жана жашыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктүн мындай көп түрдүү колдонулушу анын белоко бай жана алмаштырылгыс аминокислоталардын камтылышы менен мүнөздөлөт. Ошондой эле тутумунда малдын организимине эң керектуу кальций, магний, жана микро элементтерден жез, молибден, бор, кобальт камтылган. Аш болумдуулугу боюнча өзгөчө тутумундагы протеиндин камтылышы боюнча дан эгиндеринен 3-3,5 эсе жогору. 100кг беде чөбүндө: 50-60 тоют бирдиги жана 12-15кг сиңиримдүү протеин, 100кг сенажда : 30-40 тоют бирдиги жана 7,5-9 кг сиңиримдүү протеин ,4гр каротин. Люцернанын гүлдөө алдында чабылган жашыл массасында: протеин 18%, май-3, клетчатка-24,9, азоту жок заттар 43,3, кальций -2,2, фосфор-0,27, калий-1,1% жана витаминдер, амино кислоталарга бай экендиги менен баалу. Ошону менен бирге агро техникалык мааниси зор. Люцерна өсүмдүгүн өстүрүүдө жер кыртышын органикалык заттар жана азот, фосфор, калий, кальций менен байытат.3-4 жылдын ичинде жер кыртышына 120-180 кг азот топтойт. Бул болсо жер кыртышынын структуралык абалын, физикалык касиеттерин жакшыртат. Бедеден кийинки себилген өсүмдүктөр үчүн эң жакшы алдынкы өсүмдүк болуу менен бирге алардын зыянкечтеринин, илдеттеринин, отоо чөптөрүнүн азайышына өбөлгө түзөт. Люцернанын үрөнү нымдуулук жетиштүү болсо 1-2 градуста өнө баштайт бирок жашоого жөндөмдүү өнүмдөрү 5-6градуста көрүнө баштайт. Оптималдуу нымдуулукта (60%) үрөндүн өнүшү үчүн 12-15 градус эсептелинет жана ушул шартта өнүмдөр сепкенден кийин 4-5 күндөн кийин пайда болот. Люцерна көп нымдуулукту талап кылган жарыкты сүйгөн өсүмдүк. Люцернанын сорттору: Өзгөн, Токмок, Самарканд, Ташкент-3192.

Которуштуруп айдоодогу орду: Люцернаны себүүдө талаа отоо чөптөрдөн таза болушу зарыл. Өзгөчө сабагы тамыр (кара кыйгак) отоо чөптөрү. Люцерна үчүн дан эгиндери жана аралыктарын иштетүүчү өсүмдүктөр жакшы алдынкы өсүмдүк болуп эсептелинет.

Жер иштетүү: Эгер люцерна дан эгиндеринен кийин себиле турган болсо мая баскан аянтты 6-8 см жумшартуу иштеринен баштап 10-12 күн өткөн соң 27-28см тоңдурма айдалат. Тоңдурманы соконун коңторгучу жок (отвалы) тереңдеткичи бар соко менен айдаса болот. Жазында жер иштетүүнү ным сактоо операциясын жүргүзүү менен баштайт. Эгерде топурак нык болуп калган болсо культиватор менен жумшартуу зарыл иш. Андан соң жер аянтын туздоо, планировкалоо иштери аткарылат. Дан эгиндеринин үстүнө себиле турган болсо бардык операциялар чогуу жасалып люцерна себилет.

Жер семирткичтери: Люцерна өсүмдүгү биринчи жылы жакшы өсүүсү үчүн айдоо астына 50-60-кг/га фосфор жана калий, сээп жатканда 20-30 кг/га азот жер семирткичтерин таасир этүүчү зат эсебинде берилет.

Үрөн даярдоо жана себүү: Люцернадан туруктуу жана жогорку сапаттагы тушум алуу үчүн өнүмдүүлүгү - 90%, тазалыгы 95%, өнүп чыгуу энергиясы 75% болгон кондицияга жеткизилген үрөн себилиши зарыл. Агроклиматтык зоналардын шарттарына карата люцернанын себүү нормасы туташ аралыктарда 12-16кг/га ал эми катар аралыктарда себүү нормасы 30%га азайтылат. Люцернанын үрөнү майда болгондуктан топуракка 1,5-2 см тереңдике себүү керек. Үрөн тегиз себилиш үчүн гранулдашкан супер фосфатка аралаштырылып себилет. СЗ-3,6,СУ-24 сепкичтери колдонулат.

Кароо, багуу: Биринчи жылы дан эгиндеринин үстүнө себилген болсо себилген өсүмдүктү жыйноо менен кошо талааны самандан тазаланат. Ошондой эле маянын үстүнө малды жайбоо керек. Экинчи жылы жаз алды менен тырмоо ишин жүргүзүп кошумча азыктандырса болот. Пайдалануунун 3-4чү жылы жер кыртышы ныкталып калат жана чөп суюла баштайт. Ошондуктан тушумдун азайышынын алдын алуу максатында жер кыртышын диска менен жакшыртып артынан тырмак салуу зарыл. Кошумча азыктандырып койсо да болот. Аба ырайынын шарттарына карата 2-3 жолу сугарылат. Сугат иши топурак жылып калганда башталат. Толук кандуу сугарылды деп жер тереңдиги 60-70см нымдалганда эсептелинет. Ар бир чабыктан кийин ным топтоо сугаты жүргүзүлүп сугат нормасы гектарына 1000-1200метр куб суу берилет.

Тушум жыйноо: Люцернаны жыйноонун эң жакшы убагы гүлдөй баштаган фазасы эсептелинет. Бул фазада өсүмдүктө протеин көп болуу менен амино кислоталарга бай келет. Кечирээк чабылганда тоюттун аш болумдуулугу төмөндөп жалбырактары түшүп клетчатка көбөйөт. Бизге белгилүү болгондой өсүмдүктүн жалбырагында сабагына караганда каротин 7-10 эсе, витамин С 3-5 эсе, белок 2-3 эсе көп. Өсүмдүктүн акыркы чабыгын суук түшкөнгө 30-40 күн калганда чабуу керек. Бул аралыктын ичинде өсүмдүк кышка даярдык коруп пластикалык заттарды топтоп, кыштоочу өнүмдөрүн даярдайт.

Эспарцет: Тоют өсүмдүктөрүнүн ичинен аш болумдуу заттардын камтылышы жагынан люцернадан кем калбайт. Эспарцеттин жашыл массасында 24% протеин, 8% май, 20% клетчатка камтылган. 1кг жашыл массада 98мг каротин, минералдык заттарга жана витаминдерге бай. Бардык талаа өсүмдүктөрүнө эң жакшы алдынкы өсүмдүк катары эсептелинет. Ошондой эле эң жакшы бал алып жүрүүчү катары эсептелинип гүлдөө убагында 1гектардан 230кг нектар берет. Эспарцет жарыкты сүйгөн узун кундуу өсүмдүк. Кара топурактуу, кумдак жерде жакшы өсүү менен топурактын кычкылын жакшы көрбөйт. Кургакчылыкка жана суукка туруктуу. Сорттору : Ысык-Көл, Белек.

Которуштуруп айдоодогу орду: Эспарцетти себүүдө талаанын отоо чөптөрдөн тазалыгына чоң талап коюлат, ошону менен бирге жакшы алдынкы өсүмдүк катары дан эгиндери жана аралыктарын иштетүүчү өсүмдүктөр эсептелинет.

Жер иштетүү: Эспарцет себүүдө жер иштетүүнүн негизги иш чаралары болуп отоо чөптөн арылтуу жана ным топтоо багыты каралган.

-маяны иштетүү

-тоңдурма айдоо

-тырмоо

-себээр алдындагы культивация.

Жер семирткичтери: Эспарцетке жер семирткичтерди берүү топурактын түрүнө көз каранды. Кара күрөң топурактуу жер кыртышында азот, фосфор, калийдин камтылышы салмактуу болсо өсүмдүк үчүн бул элементтерди берүү көп деле натыйжа бербейт. Ачык күрөң жер кыртышында минералдык заттардын камтылышына карата Азот-60, фосфор –90, калий – 60 толук дозасын берүүгө болот. Бир бөлүгүн себээр алдында, калган жарымын кошумча азыктандыруу катары 2-3чү жылы берилет. Эспарцет молибден, бор, марганец микро жер семирткичтерин жакшы кабыл алат.

Үрөн себүү: Эспарцет жакшы даярдалган нымдуу топуракка эрте жазда себилет. Туташ аралыкта себилүү менен дан эгиндеринин үрөндөрүнө аралаштырылып же таза түрүндө үстүнө себилет. Өсүмдүктүн тушуму себилген үрөндүн сапатына жана нормасына көз каранды. Себүү нормасы 100-120кг/га. Жогорку агро техникада үрөн нормасын 70-80 кг/га сепсе болот. Себүү тереңдиги 3-4 см. Өнүп чыгуусу текши болушу үчүн таптоо иш чарасы колдонулат.

Күтүү, багуу: Жаз алды менен ным топтоп жер кыртышынын коркасын жумшартуу (тырмоо). Бул болсо жер кыртышында ным сактоо менен бирге өсүмдүк тамырына кычкылтектин барышын камсыздайт. Оптималдуу нымдуулукту кармап туруу үчүн (70%) эспарцет 2-3жолу сугарылат. Сугаруу нормасы 500-600метр куб/га ашпоосу зарыл.

Түшүм жыйноо: Өсүмдүктү чабууну гүлдөй баштаганда баштап массалык толук гүлдөгөндө бүтүү абзел. Ушул убакта аш болумдуу заттар жогорку деңгээлде болот. Чабуу бийиктиги жер бетинен 6см жогору болушу керек, бул болсо өсүмдүктө пластикалык заттардын көп калуусуна шарт түзүп суукка чыдамдуулугун жогорулатат.

Ак сокто, кылкансыз түбү бош, тарак баш (житняк): Шалбаа дан өсүмдүктөрүнө кирүү менен суукка, кургакчылыкка чыдамдуу келген узундугу 100-120см келген узак жашаган өсүмдүктөр. Малдын бардык туру жайытта жана чөп катары желет. беде, эспарцет менен аралаштырып сээп тоюттун түрлөрүн алса болот. Дан өсүмдүк чөптөрүн машак байлоо фазасында жыюуга болот.

Көп жылдык чөптөрдүн негизги сортторуна мүнөздөмө

Тоют өсүмдүктөрүСортуПротеин %Түшүмү жашыл масса ц/га
ЛюцернаБереке

Токмок

Манас

15,8-16,8

15,54-16,3

16,8-19,9

1150

650-700

1000-1100

ЭспарцетЫсык-Көл

Белек

19,7

19

580-600

640-720

Ак сотоМаркин

Мария

9-10

10-12

400-420

400-450

Кылкансыз түбү бошУзун кыр7,9-11,6480
Тарак башМаркин–27

Пери

10-23

12-24

60-70

65-75

Көп жылдык чөптөрдүн топурактын асылдуулугуна тийгизген таасири

ӨсүмдүкАзот кг/ГаФосфор кг/ГаКалий кг/ГаОрганикалык калдык тонна/Га
Люцерна320-36070-8020010-12
Эспарцет400-55070-80200гө чейин15-17
Ак сото700-80100-12022010-13
Кылкансыз түбү бош50-70100-11020010-12
Түбү бош20-3090-1001505-6

Чыктуу тоют даярдоо

Силос - көп жылдык жана бир жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн жашыл массасын 70% нымдуулукта майда тууралып (2-3см) атайын траншеяларда же бункерлерде ныкталып, тыгыздалып абаасыз ачытылган тоют эсептелинет.

Сенаж - силостон айырмаланып чабылган жашыл масса солутулуп нымдуулугу 50-55%га жеткизилгенден кийин майдаланып атайын траншеяларга ныкталып, тыгыздалып консервацияланган тоют эсептелинет. Сенаждын силостон айырмасы кычкылдуулугу силостон аз болуп малга аш болумдуулугу, сиңиримдүүлүгү жогору болот. Сенаждын түсү саргыч-жашыл келип жыты жаны чабылган чөп жытына окшош болот. Аш болумдуулугу жагынан жашыл чөп массасынан кем калышпайт. Чыктуу тоюттарды даярдоо шарттары:

-тоют чөптөрүнүн азыктуулугу, түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлдеги фазасында оруп жыюуу.

-орулган чөптү 50-55% нымдуулука жеткизип тоборсутуп кургатуу.

-майдаланган массаны тезинен траншеяларга жеткизүү.

-сутка бою тебелөө тыгыздоо ныктоо

-траншея толгондон кийин аба киргис кылып жабуу.

Сенаж даярдоо убактысы 2-3 күндөн узак болбоосу зарыл. Жакшы тыгыздалган сенаждын температурасы 35-37 градустан жогору болбойт, эгер температура жогорулап ысып бара жатса трамбовкалоону күчөтүп траншеяны тез толтурууга жана жабууга шашылуу керек. Жетишеээрлик деңгээлде трамбовкаланган траншея полу этилен пленкасы менен жабылып үстүнөн саман топурак жабылат.

Сенаж сакталган траншеянын көлөмүн пландаштырууда фермер малынын санын, малды короодо канча убакыт кармоо керектигин эсептөө аркылуу канча сенаж керектигин аныктап алуусу зарыл. Траншеянын туурасы же кенендиги трактордун 2жолку өтүшүнө жараша болушу керек. Мисалы. Траншеянын узундугу 25 метр туурасы 3 метр тереңдиги 2метр болсо Көлөмү 150метр кубту түзөөрү белгилүү. 1метр кубтагы сенаждын массасы 500кг түзөт. Бул траншеяга 75тонна сенаж көмсө болот.

Сенаж даярдоонун жаны ыкмасы боюнча даярдалган сенаждын сакталуу мөөнөтү узак жана сапаты жогору болот. Бул ыкма менен даярдалган сенаж пленка менен упаковкаланган рулондордо же көлөмдүү тангактарда сакталат. Сенаж салынган идиштерден аба сорулуп ташталат. Даярдалган тоюттка кеткен чыгымдын наркы 2эсе төмөн болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)