Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аалы Токомбаев (1904-1988)

Баш барак | Биографиялар | Аалы Токомбаев (1904-1988)

Аалы Токомбаев (7-ноябрь, 1904-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кайыңды айылы [Чоң Кемин айылы] — 19-июнь 1988-жыл, Бишкек шаары) — кыргыз эл акыны, жазуучу. Кыргыз ССРинин эл артисти (1945), Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиги (1954), Социалисттик эмгектин баатыры (1974). Кыргыз адабиятына негиз салуучулардын бири.

Аалы Токомбаев
Аалы Токомбаев
ПсевдонимиБалка
Төрөлгөн датасы7-ноябрь, 1904-жыл
Төрөлгөн жериКыргызстан, Чүй облусу, Кемин району, Кайыңды айылы [Чоң Кемин айылы]
Каза болгон датасы19-июнь, 1988-жыл (83 жаш)
Каза болгон жериФрунзе (азыркы Бишкек), Кыргызстан
БилимиТашкент мамлекеттик университети
Ишмердүүлүгүжазуучу, акын, журналист, котормочу
Чыгармаларынын тилибасымдуу: кыргыз тили, кошумча: орус тили
АтасыТокомбай
ЭнесиУулбала

Өмүр баяны

Өз автобиографиясында кийинкидей жазган: «ак падыша алыскы чыгышта согушуп жатканда төрөлгөм. Демек, мен буга ылайык орус-япон согушунун мезгилинде, 1904-жылы төрөлгөм. Бирок, мен төрөлгөн күн жана ай эч кимге белгисиз болгон».

Жаштайынан турмуштун ачуу-таттуусун көп көргөн. Алардын үй-бүлөсү Кайыңды (Чоң кемин) деген айылда жашашчу. Атасы Токомбай кедей адам эле.

Энеси Уулбаланын ырларын, кумдай куюлушкан акыл-насааттарын, кыябына келтире айтылган ар кыл оозеки мурастарын угуп эс тартат.

Экинчи жагынан атасы менен ынак болгон, үйүнө кез-кез келип турган, сөз баккан, кези келгенде Манаска чейин айта койгон Урак аттуу дубананын таасиринде өсүп, жашынан элдик оозеки чыгармаларга жакын болот. Атасы Токомбай Аалыны окутуу ниетин көздөп айылдык молдого берет. Анда эки кыш окуп, бирок, кат сабаты жөндөп ачылбай, караңгы бойдон кала берет.

1916-жылкы Кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүндө үй-бүлөсү менен Кытайга качып, Кытай жерине эптеп тирүү жеткен эл, анын арасында Аалы Токомбаев үй-бүлөсү менен ит көрбөгөн машакат, жугуштуу оорулар, адилетсиздик, кулдук, эрксиздиктердин баарын көрүшөт. Атасы Токомбай кыйынчылыктарга белчесинен батып, бир жылда беш баласын жерге берет. 1917-жылы Кыргызстанга кайтып келе жатканда Орто-Токойдо атасы, көп узабай ыйыккыс дартка чалдыккан энеси Уулбала да каза болуп, Аалы Токомбаев жетим калат. Ал кезде болгону 13 жашта эле. Айласын таппкай кайыр тилеп, айылдан айыл кыдырып, эптеп жан баккан күндөрдү башынан өткөрөт.

1919-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө аталаш туугандарын аркалап туруп, ошол жерде бир аз окумуш болот. Бирок, көп узабай, эжеси Батма аны издетип таап, Кочкорго алып кетет. Ал жакта али мектеп ачыла элек болгондуктан, Аалы окуусун уланта албады. Кантсе да жаш бала үчүн бул жылдар текке кетпей, ал жездесинен өтүк ултарганды, челек, сөөктөн топчу жасаганды, жыгач чапканды үйрөнүп, жездесине жардам берет.

Күндөрдүн биринде, Ташкентте жетимдерди окутуп, оокат, кийим бере турган жер бар экенин угат (башка маалыматтар боюнча жайкы эс алууга келген балдардан угат). Көп өтпөй Ташкентке мал айдап бараткан соодагерлерди көрүп калат да, аларга жалдырап, малын айдашып барууга макулдашат. Бул 1922-жылы эле. Бир жарым ай бою мал айдап, талаада конуп-түнөп жүрүп Ташкентке жетет. Аалынын багы ачылып, 1922-жылы Ташкент мектеп-интернатына кабыл алынат. Кат таанып, сабатсыздыгын жоюлуп, комсомолго өтөт. Алты айлык партиялык курсту окуйт.

Туулган күнү жөнүндө өз автобиографиясында кийинкидей жазган: «Кыргыз элинин маанилүү күнү — 1924-жылдын 7-ноябрында улуттук „Эркин-Тоо“ газетасынын биринчи саны чыккан, анын барактарында менин „Октябрдын келген кези“ ыр-саптарым басылган. Ушул күндөн тарта кыргыз жазуу адабияты башталат. Жана бул күндү мен туулган күнүм катары тандагам» (жеке талкулоо менен жазылды).

Өз жери Кыргызстанга билимдүү, маданияттуу жигит болуп кайтат. Өзүнүн башынан өткөргөн азап-тозогун кагаз бетине түшүрүп, анын негизинде кийин «Жараланган жүрөк» деген повесть жазат. 1927-жылы Орто Азиялык мамлекеттик университетти бүтүрөт. Ошол эле жылы «Кызыл Кыргызстан» газетасында иштеп баштаган.

1930—1931-жылдары Москвадагы борбордук басылманын кыргыз бөлүмүнүн редактору болгон, ал эми 1931-жылы Кыргыз АССРинин Мамлекеттик басмасынын башкы редактору. Андан кийин, республиканын ар кандай мезгилдик басылмаларында түрдүү кызматтарын аркалаган. 1934—1949-жылдары (тыныгуулар менен) Кыргызстан жазуучулар союзун башкарган.

1938-жылы Социал туран партиясына байланышы бар деген шек менен камалган. Ошондой эле, Манас эпосун жана акын Молдо Кылычтын чыгармачылыгын апологиялоо (мактоо, жактоо) менен айыпталган. Андан тышкары, 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндөгү «Кандуу жылдар» романы да айыптоого кошулган. Бактыга жараша 1939-жылы акталып, активдүү ишмердүүлүккө кайтып келген.

1947-жылы «Жылдыз» жана «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтомго байланыштуу партиялык сынга кабылат.

1963—1980-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты.

1988-жылдын 19-июнунда каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы

Анын автобиографиясына ылайык: «Ырларды кат-сабатка үйрөнгөндөн кийин эле жаза баштадым. Кантип жазуу керектиги жөнүндө эч ким мени үйрөткөн жок. Мен жазуучу болом деп дагы ойлогон эмесмин. Жөн гана жаза бердим, анткени, жазбай коё алчу эмесмин.»

Аалы Токомбаев, орто курак

Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген туңгуч ыры 1924-жылдын 7-ноябрында биринчилерден болуп, кыргыздын биринчи «Эркин-Тоо» газетасынын биринчи номеринде жарыяланган. 1927-жылы Ташкентте анын «Ленин тууралуу» аталган алгачкы поэзиялык жыйнагы чыккан.

Анын «Ант», «Күндүн чыгышы», «Өлбөстүн үрөнү» драмаларын, «Туткун Марат», «Менин метрикам», «Жетим менен сыйкырчы», «Өз көзүм» поэмаларын, «Күүнүн сыры», «Акай мерген», «Акылмандын жообу», «Даат», «Жол жомогу» (аңгеме), «Мезгил учат» (повесть) деген чыгармаларын окурманадар зор кызыгуу менен окушат.

1930-жылдары «Эмгек гүлү», «Чабуул», «Абалкы ырлар» жана башка жыйнактары чыккан.

1930-жылдардын аягында Аалы Токомбаев проза тармагына өтөт. Бул жанрдагы анын биринчи китептери «Днестр терең деңизге куят», «Жараланган жүрөк», «Күүнүн сыры» болгон. 1934-жылы советтик жазуучулардын биринчи чогулушунда (съездинде) Максим Горький менен кездешет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында бир катар патриоттук багыттагы чыгармалары жарык көрөт — «Манастын жердеши», «Жыйырма сегиз жөнүндө», «Ант», «Токой ээлери», «Сыймык». Согуштан кийин «Жашоо» (тиричилк), «Лирика», «Комуз күүлөрүнө», «Жоокер элек» («Солдат элек», повесть) жана башка китептери чыгат.

1967-жылы «Таң алдында» аттуу ыр түрүндөгү роман үчүн Аалы Токомбаев Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. 1970-жылдары «Күндүн чыгышы», «Ашырбай», «Менин республикам», «Жашоомдун дүйнөсү» жана башка китептери чыккан. Көптөгөн кыргыз жазуучуларынын адабиятка жол ачкан, анын ичинде Чыңгыз Айтматовго дагы.

Аалы Токомбаев бир катар орус жана дүйнөлүк адабияттын чыгармаларын кыргыз тилине которгон, анын ичинде А. С. Пушкин, И. В. Гёте, Ф. Шиллер, М. Ю. Лермонтов, В. В. Маяковский, С. Я. Маршак, Низами, Абай, Жамбыл жана башкалар.

Сыйлыктары

Китептери

Кыргыз тилинде

  • Ленин тууралу: Кыргыз тилиндеги ырлар. – Ташкент: Ортоазкитеп басма-сы, 1927. – 74 б.
  • Биз курмандыкка каршыбыз. – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 22 б.
  • Атака: Жыйнак. – М. – Ташкент: Мамлекеттик басмалар бирикмесинин Орто-Азия бөлүмү, 1932. – 252 б.
  • Туткун Марат. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932.
  • Эмгек гүлү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 123 б.
  • Абалкы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934.
  • Биздин китеп: Балдар оюну ыр менен жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 35 б.
  • Иргелген ырлар жана 1916-жылдагы поэмадан үзүндү. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1935. – 35 б.
  • Канаттуу достор: Балдар аңгемеси. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 22 б.
  • Ырлар жыйнагы: – Ф. Кыргызмамбас, 1935. – 52 б.
  • Кандуу жылдар: 1916-жыл: Роман: 1-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 294 б.
  • Кандуу жылдар: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 308 б.
  • Тууган эл: Ырлар, 1-том – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 219 б.
    • 1-том – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 220 б.
  • Жараланган жүрөк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 288 б.
  • Сыйкырчы жөнүндө жомок. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1941. – 24 б.
  • Түбөлүк жыргал үчүн күрөш. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 22 б.
  • Сыйкырчы тууралуу жомок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941.– 23 б.
  • Алга: – Ф. Кыргызмамбас, 1942. – 128 6.
  • Ашырбай: Очерк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 24 б.
  • Улуу агабыз орус эли. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 23 б.
  • Жүрөк күүсү: 2-бас. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 84 б.
  • Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 56 б.
  • Жүрөк күүсү: 2-бас. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 71 б.
  • Алкоо: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944.– 55 б.
  • Таң алдында (Кандуу жылдар): 1940–1945-жылдар. Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 208 б.
  • Таалай издеген индус: Жомок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 32 б.
  • Биздин китеп: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949.
  • Белегим: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 81 б.
  • Өз көзүм менен: Поэма-повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 200 б.
  • Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 408 б.
  • Жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 52 б.
  • Турмуш. – Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 120 б.
  • Лирика. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 88 б.
  • Бээжинден белек: Жолдогу очерк жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, I960. – 107 б.
  • Комуз күүсү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 215 б.
  • Бээйжинден белек. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 107 б.
  • Өз көзүм менен. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 199 б.
  • Таң алдында (Кандуу жылдар): Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 420 б.
  • Жараланган жүрөк: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, – 1963. – 235 б.
  • Таң алдында ( Кандуу жыл). – Ф.: Кыргызстан, 1963. – 430 б.
  • Таң алдында ( Кандуу жыл).–Ф.: Кыргызстан, 1966. – 430 б.
  • Волга менен сүйлөшүү: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 30 б.
  • Мезгил үнү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 162 б.
  • Солдат элек: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1965. – 259 б.
  • Тан алдында (Кандуу жыл): Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 431 б.
  • Момия: Ырлар, дастандар, бир шилтемдер: 1965–1969. – Ф.: Кыргызстан, 1970 – 382 б.
  • Жараланган жүрөк: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 294 б.
  • Тандалган чыгармалардын 3 томдук жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1972.
    • 1-т.: Ырлар жана алгачкы дастандары. – 1972. – 642 б.
    • 2-т.: Роман жана дастандары. – 1972. – 620 б.
    • 3-т.: Прозалары. – 1973. – 802 б.
  • Ашырбай: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 18 б.
  • Менин республикам. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 48 б.
  • Белегим: Лирикалык ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 400 б.
  • Биздин китеп: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 27 б.
  • Менин республикам: Публицистикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 16 б.
  • Биздин китеп: Ырлар. 3-бас. – Ф.: Мектеп, 1975. – 27 б.
  • Акай мерген: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 27 б.
  • Жылдызым: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 272 б.
  • Күүнүн сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 337 б.
  • Менин метрикам: Ырлар, поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 б.
  • Менин республикам. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 48 б.
  • Менин республикам: 2-бас. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 47 б.
  • Өмүр элестери: Тандалган ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 676 б.
  • Жараланган жүрөк: Повесттер, аңгемелер, драма. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 294 б.
  • Жараланган жүрөк: Повесттер, аңгемелер, драма 4-бас. – Ф. Кыргызстан, 1981. – 416 б.
  • Жетим менен сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 26 Жетим менен сыйкырчы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1981. – 13 б.
  • Мезгил учат: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 208 б.
  • Тандалган чыгармалардын үч томдук жыйнагы. –3-т. – Ф.: 1983.
  • Акай мерген: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1984. – 36 б.
  • Таң алдында (Кандуу жыл): Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 347 б.
  • Күүнүн сыры: Ырлар, аңгемелер, повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 357 б.
  • Чыгармалар жыйнагы: 2 томдук. – Ф.: Кыргызстан, 1988.
    • 1-т. 1988. – 343 б.
    • 2-т. 1988. – 332 б.
  • Күүнүн сыры: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1991. – 128 б.
  • Кандуу жылдар: Роман. 2 томдук. – Б., 1991.
    • 1-Т. 1991. – 255 б.
  • Таң алдында ( Кандуу жылдар): Роман, 2 томдук. – Б.: Эркин, 1991.
    • 2-Т. 1940–1945 жылдар. – 1991. – 144 б.
  • Токтолбойт толкун түбөлүк. Ырлар. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. 1995. – 223 б.

Орус тилинде

  • Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1933. – 45 с.
  • Земляк Манаса: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1943.
  • Перед зарей: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1946. – 113 с.
  • Повести и рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1946. – 139 с.
  • Утренняя встреча: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1946. – 131 с.
  • Избранные стихи. – М.: Сов. писатель, 1952. – 151 с.
  • Избранное: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1954. – 104 с.
  • Избранное: Стихи и поэмы. – М.: Гослитиздат, 1958. – 407 с.
  • Время летит: Рассказы и повести. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 208с.
  • Встреча в Китае: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 11 с.
  • Индус в поисках счастья: Поэма-сказка. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 21 с.
  • Мелодии комуза: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 162 с.
  • Разговор с Волгой: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1964. – 13 с.
  • Перед зарей. – М.: Сов. писатель, 1966. – 127 с.
  • Перед зарей: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 296 с.
  • Моя Республика: Публицистическая поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 48 с.
  • Мы были солдатами: Повести. – М.: Мол. гвардия, 1974. – 320 с.
  • Стихотворения. – М.: Худ. лит., 1974. – 174 с.
  • Избранное. – М.: Худ. лит., 1975.
  • Древо: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 280 с.
  • Моя Республика: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 46 с.
  • Четыре времени года: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1979. – 16 с.
  • Вижу молодость мою: Стихи. – М.: Правда, 1982. – 63 с.
  • Мастер: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1982. – 59 с.
  • Сирота и волшебник: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 с.
  • Надежда: Лирика и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 124 с.
  • Избранное: Стихотворения, поэмы, повесть. – М.: Худож. лит. 1984. – 447 с.
  • Волшебный родник: Поэма-сказка. – Ф.: Мектеп, 1985. – 72 с.
  • Охотник Акай: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1987. – 40 с.

Башка элдердин тилдеринде

  • Волна Иссык-Куля: Стихи и поэма. – Киев: Рад. письменник,1975. – 151 с. – укр.
  • Друзьям: Стихи. – Ташкент: изд-во лит. и искусство, 1975. – 62 с. – узб.
  • Избранное: Стихи. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 185 с. – каз.
  • Стихи. – Душанбе: Нашрдав точик. 1961. – тадж.
  • Мы были солдатами: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1976. – 183 с. – лит.

Котормолору

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1819, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу