Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маяковский Владимир Владимирович (1893-1930)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маяковский Владимир Владимирович (1893-1930)

Владимир Владимирович Маяковский Кавказда төрөлгөн. Жаш чагында эле Москвага кеткен. Акындын ырларын моряктар, жумушчулар, аскерлер жатка билишкен. Граждандык согуштпун оор жылдарында китептерди басып чыгарууга кагаз жетишпей, көптөгөн басмаканалар иштебей токтоп калган. Ошондо Маяковский мыкты сүрөтчү катары плакаттарды тартып, аларга өзү учкул ыр саптарын жазган. Үч миңдей плакат тартып ага алты миң сап ыр жаздым - дейт акын. Акын дем алуу дегенди билбей, ар качан күйүп-жанган, бирде жайдары, бирде каардуу, бирок дайыма туура жана акылмандык менен ыр жазган.

Ошондуктан акындын мааниси жана ырдалышы жагынан жаны, өзгөчө бийик жана уккулуктуу ырларын жаштар жакшы көрүшкөн. Владимир Владимирович узун бойлуу, кең далылуу болгон. Үнү өтө бийик болчу. Маяковский бөлмөдө ыр окуган кезде, анын күчтүү үнүнөн терезенин айнектери шалдырап турчу. Ал жумушчу клубунун чоң залдарында, заводдун цехтеринде, аскер лагерлеринде чыгып сүйлөгөндү жакшы көргөн. 1929-жылы 25-августта акындын кубаттуу үнү адамга жык толгон Москванын Динамо стадионун жаңырткан. Ал өзүнүн Чагылган ырын окуп берген.

Дал ршол күнү кең стадионго көз чаптырып, ойлонуп туруп Маяковский: Бир мыкты поэма жазып, аны ушул жерде окусам... - деген эле. Маяковский өзүнүн жаңы ырын стадионго окууга үлгүргөн жок. Бир жылга жетпей дүйнөдөн кайтты. Маяковскийдин ырлары эмгекти жана эмгек адамдарын даңктаган. Акындын поэмаларын, көптөгөн мыкты чыгармаларын миллиондогон адамдар жакшы билишет. Кан-тала, Мончо аттуу пьесалары Россиянын жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлган.

Маяковскийдин тынчтыкты, эркиндикти жана элдердин достугун жактаган ырлары көп тилдерге которулган. Ал эми балдар өздөрүнө арнап жазган акындын мыкты жана сезимди козгогон кызыктуу ырларын кайра-кайра окушат. Маяковский жакшы деген эмне, жаман деген эмне экенин балдарга олуттуу жана күлкүлүү кылып айтып берген. Ал барактаган сайын бирде пил, бирде арстан көрүнгөн кызыктуу, сүрөттүү китеп ойлоп чыгарган. Балдарга арнап Деңиз жана маяк жөнүндөгү ырды жазган, аларга ким болуу, кандай кесип тандап алуу маселелерин чечүүгө жардам берген. Ырларында жалкоолор менен коркокторду шылдыңдаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2141, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу