Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улуу Ата Мекендик согуш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Улуу Ата Мекендик согуш

1941-жылдын каргашалуу 22-июнунда фашисттик Германия биздин өлкөбүз, азыркы Кыргыз Республикасы курамына кирген, мурдагы СССРге капысынан кол салды. Душмандар бир эле мезгилде Баренцево деңизинен Кара деңизге чейинки чек араны бузуп, күтүлбөгөн жерден кирип келишти. Өлкө коркунучта калган. Фашисттер башка элдерди кырып, жок кылып, таза кандуу деп эсептелген немецтерди тейлей турган аз гана элди калтырууну каалашкан. Немец генералдары чагылгандай тез «Барбарос» согуш планын түзүп, ал боюнча согуш эки айга гана созулмак. Душман ырайымсыз жана күчтүү эле. СССРге кол салганга чейин ал Европанын көптөгөн өлкөлөрүн басып алып, ал өлкөлөрдөгү бардык завод менен фабрикаларды, танкаларды, самолётторду, курал-жарактарды ээлеп алган. Бүт совет эли Мекенди коргоого көтөрүлүштү. Миңдеген адамдар өз эрки менен Кызыл Армиянын катарына, партизандык отряддарга кетишти, элдик кошуунга биригишти, өлкө бирдиктүү согуш лагерине айланды.

Завод менен фабрикалардагы станокторду башкарган эркектер фронтко кетишип, алардын ордуна аялдар, өспүрүмдөр, карылар иштеп калышты. Алар фронт үчүн курал-жарак даярдашкан. Колхоздор армияны нан жана азык-түлүк менен камсыз кылып турган. Жүз миң деген адамдар тылдын баатырлары болду. Алгачкы салгылашуулардын бири чек арадагы Брест чебинде болгон. Анын коргоочулары бир айга созулган теңдешсиз салгылашты, фашисттерди чоң жоготууга учураткан.

Фронттун башка жерлеринде да душманды токтото туруу оңой болгон жок. Өзгөчө Смоленскинин жанында биздин жоокерлер душман менен баатырларча кармашты. Смоленскидеги салгылаштын даңктуу катышуучулары - төрт дивизияга гвардиячылар деген наам биринчи болуп берилген. Фашисттер Москвага жакындап кирип келген кезде кеч күз болуп калган. Алар Москваны басып алып, согушту жеңиш менен аяктап, Кызыл Аянтта тураарына аз гана убкыт калды деп ишенишкен эле. Бирок борборду коргоочуларга Сибирден, Уралдан, Казакстандан, Орто Азиядан жана Ыраакы Чыгыштан жардамга аскерлер келип жатышты. Алар душманга кыйраткыч сокку уруп, борбордон чегинтишти. Улуу согуштагы бурулуш учур Сталинград салгылашында болду. Биздин аскерлер 330 миң фашистти курчап талкалап, туткунга түшүрдү. 1943-жылдын жайында Курск салгылашы болду.

[ushka=seredina]

Фашисттер согуштун жүрүшүн өз пайдасына өзгөртүүгө аракет кылып, Сталинграддагы өчүн алуу үчүн Курск жеринде жаңыча чабуул коюуну чечишти. Бирок советтик армия жан аябай даярданып салгылашып, зор жеңишке жетти. Курск салгылашынан кийин баскынчыларды советтик жердей түгөл түрдө кууп чыгуу башталды. Бирок душман али күчтүү эле, ал бир да позицияны салгылашсыз калтырган эмес. Советтик аскерлер 1944-жылкы төгүлгөн согушта гитлерчилер басып алган Украинаны, Белоруссияны, Молдавияны, Балтика боюн толугу менен бошотушту. Душманды өз жерибизден кууп чыгууда партизандардын ролу зор. Миллиондон ашык адам колдоруна курал алып, душмандын тылында согушкан. СССРди душмандан бошоткондон кийин Советтик Армия Румыния, Польша, Болгария, Венгрия, Югославия, Чехословакия элдерине, Европадагы башка да өлкөлөргө жардамга келди. 1945-жылдын башында советтик аскерлер душманды келген жерине кууп кирди. Союздаш - АКШ, Англия, Франция аскерлери да келди.

Акыры адилеттик жеңип, арсыз душмандын туусу жерге тапталды. Ошол күндөн ушул күн 9-Май - Улуу Жеңиш майрамы! Бул согушка Кыргызстандан 350 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден, медалдар менен сыйланган.29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры. Мекендештерибиздин 90 миңден ашууну согушта курман болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 26453, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо