Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маршак Самуил Яковлевич (1887-1964)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маршак Самуил Яковлевич (1887-1964)

Көп адамдар башка акын жазуучулардын чыгармаларынан алда качан мурун эле Маршактын китептерин окушат. Тактап айтканда, балдар али окуй элек кичине кезинде китепти барактап сүрөттөрүн көрүп, аны окуп бергендерди кулак төшөп уккандан баштап, Маршактын окурманы болушат. Албетте, балдарга арналган ырлар Маршакка чейин эле болгон, бирок чоңдордун адабияты менен таанышкандан кийин алардын көпчүлүгү тез эле унутулуп кала берген. Бул өзүнчө бир табигый нерсе катары көрүнгөн, анткени атайы балдарга арналып жазылган китепчелер мезгили жеткенде баланын сүт тиши түшүп, ордуна чыныгы тиш чыккан сыяктуу кабыл алынып калган. С. Я. Маршак өмүр бою ушундай түшүнүккө каршы күрөшкөн. Акыры жеңип чыккан. Ал да атайы балдар үчүн ырлар жазган.

Бирок Маршактын ырлары түшүп калуучу сүт тиштерге окшобогон чыныгы ырлар болгон. Анын ырлары төрт же жети жашар балдарга гана эмес, кырктагы, ал тургай алтымыш жаштагы адамдарга да кубаныч тартуулаган. С. Я. Маршактын юбилейлеринин биринде анын калемдеш досу, жазуучу Корней Чуковский биздин адабиятта бир эле Маршак болбостон, беш Маршак бар деп айткан. Чындыгында балдарга арнап ыр жазган Маршактын башка дагы терең мазмундуу жана акылдуу чоңдор ырларынын автору лирик Маршак, уу тилдүү эпиграмма, курч сатирасы, плакаттары менен белгилүү сатирик Маршак, мыкты пьесаларды жазган драматург Маршак жана жомокчу Маршак бар... Кыязы, Чуковский бир аз үстүртөн эсептеп биздин адабиятта эмгектенген Маршактардын санын саал азайтып койгон деп түз эле айтууга болот. Анткени мааниси боюнча акылга каныккан, олуттуу жана так жазылган сын макалалардын автору сынчы Маршак, өзүнүн алыста калган балалык чагын сүрөттөгөн повесттин автору кара сөз чебери Маршак да бар эмеспи... С. Я. Маршактын узак өмүрүндө жазган эмгектери жөнүндө өзүнчө бир чоң китепте да толук айтып берүүгө мүмкүн эмес. Ал таланттардын кереметтүү тарбиячысы болгон: мыкты китептерди жазышкан биздин көптөгөн жазуучуларды оболу Маршак көргөн.

Алар өмүр бою өздөрүн Маршактын шакиртибиз деп эсептешкен. Ал эми ырларын Маршак орус тилине которгон акындарды санап бүтө албайсың! Алардын ичинде англис, немец, италян, чех, поляк, казак, литва, армян акындары бар. Бизди Жанни Родаринин ырлары менен алгач тааныштырган Маршак болгон. Биз биринчи жолу Мамык вагон, Кесиптердин түркүн түсү тууралуу ырларды Маршактын котормосунда окуганбыз. Биз эшекти кимиси минерин билишпей баштары каткан чоң ата менен небере жөнүндө, Шалтай-Болтай жөнүндө, кимибиз керектүүбүз деп талашкан падыша менен жоокерди, шайыр жана кайраттуу Робин Гудду Маршак аркылуу билгенбиз.

Мына ушул ырларды жана балладаларды окуп отуруп, биз алардын башка өлкөдө, башка тилде жазылганы оюбузга келбейт, ал чыгармаларды эчак эле өзүбүздүкү катары эсептеп калганбыз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 597, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо