Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жер-жемиш өсүмдүктөрү

Баш барак | Өсүмдүктөр | Жер-жемиш өсүмдүктөрү

Жер-жемиш өсүмдүктөрү — мөмөсү желе турган көп жылдык бадал, чала бадал жана чөп өсүмдүктөр.

Булардын негизги сөңгөгү болбойт, бийиктиги 0,8-6 метр, 10-20 жыл жашайт. Жер-жемиш өсүмдүктөрү ичинде жапайы жана эгилме түрлөрү бар. Анын ичинде кожогат, карагат, дан куурай (орусча малина), барсылдак жана башка кеңири таралган. Булар эрте бышкандыгы менен айырмаланат. Жыл сайын көп түшүм берет. Биздин өлкөдө эгилме жер-жемиш өсүмдүктөрү 100 миң гектар аянтты ээлейт.

Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндө жапайы дан куурай, кулпунай, карагат, чычырканак, бөрү карагат, ит мурун, Чүй өрөөнү менен Ош облусунда кызыл карагат, кожогат, дан куурай жана башка көп өсөт. Жер-жемиш өсүмдүктөрү эрте жазда же күзүндө отургузулат. 1 гектар жерге 80 миң түп кожогат, 3-6 миң түп карагат же барсылдак отургузууга болот. Жер-жемиш өсүмдүктөрү калемче, чырпык, өркүндөрүнөн көбөйтүлөт. Ар гектар жерден 4-5 тонна карагат, 6-10 тонна кожогат, 10- 17 тоннага чейин дан куурай алууга мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2023-12-19, Көрүүлөр: 97, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу