Тоту куш, же тоту куш сымалдуулар (латынча Psittaciformes) — жаңы нёбалуулар инфраклассынын канаттуулар отряды. Отряд өзүнө 100 тукумга таандык 407 түркүмдү камтыйт. Бул канатуулар миоцен мезгилинен тарта белгилүү.
Бул кулпурган кооз, тумшугу жоон, жазы, учу иймекей куштар Африка, Америка жана Австралия материктеринин тропик токойлорунда жашайт. Булардын мекени дал ушул айтылган материктер.
Тоту куштун куйрук жагындагы канаттары көбүнчө көк, кызыл, сары түстө болот. Тоту куштар кыска, бирок күчтүү тумшуктары менен өсүмдүктүн даны жана мөмөсүн, уругун чагып жеп азыктанат. Чоң тоту куштар катуу жаңгакты да чагып жей алат.
Ошондой эле тоту куштун тумшугу дарактын шактарына чыкканга үчүнчү бутундай эле кызмат аткарат. Тоту куштардын буттары дарактарды кармап чыгууга абдан ылайыкталган. Буттарынын эки манжасы алдын, ал эми экөө артын карайт, ошондуктан кармаган жеринде аттиштей бекем жабышат. Көпчүлүк тоту куштардын канаты жакшы өнүккөн - алар ылдам учат.
Учпагандары да бар, мисалы, Жаңы Зеландиядагы кеа (Nestor notabilis) же кака (Strigops habroptilus) кака тоту куштары жерде гана жүрөт (кээде адамдар бабырган деп дагы аташат), коркунуч боло калганда дарактардын тамырынын астындагы ийиндерге кирип кетишет.
Токойдо жашаган тоту куштар бири-бири менен катуу үн чыгарып кыйкырып же назик үн менен шыбырагандай сүйлөшүшөт. Колго үйрөтүлгөн тоту куштардын кээ бир түрлөрү адамдын айрым сөзүн туурайт. Кээде бүтүндөй сөз айкаштарын да кайталай алышат. Тоту куштар ал сөздөрдү түшүнүп, аң-сезимдүү айтпастан, жаттап алгандай жөн гана кайталай берет. Айрыкча африкалык боз тоту куш жако жана америкалык амазондордун кээ бир түрлөрү сөздөрдү жаттап кайталаганга өтө жөндөмдүү.
Тоту куштардын чоңдугу ар түрдүү болот. Мисалы, кичинекей наардуу кыргый тоту кушунун узундугу 18 см гана болсо (куйругунун учуна дейре), ал эми Түштүк Америкадагы ара деген чоң тоту куштун узуну бир метрге чейин жетет.
Тоту куштардын үч жүздөн ашык түрү белгилүү, алардын ичинен өзгөчө белгилүүлөрү — австралиялык какаду жана розелла, африкалык түгөйчүл, америкалык ара жана амохон тоту куштары.
Тоту куштар бардык нерсеге кызыгып, зээндүү, колго жакшы үйрөнөт жана ар дайым өзүнүн ээсин тааныйт. Колго үйрөтүлгөн кичинекей наардуу кыргый тотулар Австралиядан тараган.
Өз мекенинде алар чөптөй жашыл түстө гана болушат, кишилер болсо колго үйрөтүлгөн кичинекей тоту куштардын сары, көк жана ак түстөрүн чыгарышкан. Кичинекей наардуу кыргый тоту куштар капастагы жасалма көңдөйлөрдү уялап, оңой эле көбөйүшөт.
Тоту куштар көбүнчө токойлордун бак-дарактарында, чейрек учурларда ачык ачык аймактарда жашайт. Аз сандагы түрлөрү бийик тоолордо болот. Көбүнчө үйүрү менен жүрүшүп, күндүзгү жашоо образын жүргүзүшөт (какапо, түнкү тоту куштан тышкары).
Тоту куштар айрыкча өсүмдүк менен азыктанат, негизги азыгы — өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү жана уруктарын жейт. Уруктарды ташуу менен өсүмдүктөрдүн жайылышына өбөлгө түзөт. Лорийлик тоту куштар бир катар өсүмдүктөрдүн чаңдаткычы болуп чаңча жана нектар менен азыктанат, негизинен кокос пальмасы, гибикус жана башка тропикалык өсүмдүктөр. Кээде түшүмдөрдү жана бакчаларды жабыркатат. Ыгы келсе жаныбарлар эти менен тамактанууга да даяр — курт-кумурскалар жана алардын личинкалары, курттар. Кея тоту кушу тарп менен да азыктанат, айрым түрлөрү койлордун май эти менен азыктануу үчүн аларга да кол салат, бирок мындай учурлар сейрек.
Тоту куштар дарактардын көңдөйлөрүндө, термит дөңсөлөрүндө, жердеги уяларда уялашат. Калиттер (Myiopsitta) дарактарда колониалдык уяларды курушат. Бардыгы негизинен моногамдуу. Уясында 1ден 12 чейин жумуртка болот, көбүнчө 2—5 жумуртка. Көпчүлүгүндө жумурткасын ургаачысы басат. Жөжөлөрү жумурткадан жылаңач жана сокур болуп чыгат. Ата-энелери оозуна тамак беришет.
Сүйлөгөн тоту куштарды байыркы заманда эле адамдар экзотикалык белек катары тропикалык өлкөлөрдөн алып келишчү. Мындайды эң биринчилерден болуп Александр Македонскийдий жолдошу Онесикрит индиялык жүрүштө жасаган.
Тоту куштардын көптөгөн түрлөрүн, өзгөчө, сүйлөгөндөрүн адамдар мурдадан эле капаста кармашып, аларды зоо дүйкөндөргө сатышып, үй шарттарында багышат.
Айрым тоту куштардын этин, өзгөчө амазон жана какадуну Түштүк Американын индейлери жана австралиялык аборигендер азык катары колдонушат. Ошол эле убакта, окумуштуулар жана саякатчылардык күбөсүнө ылайык Амазониянын айрым индей уруулары ара тоту куштарын өлтүрбөстөн алардын канаттарын ырым-жырымдык баш кийимдер үчүн колдонуу максатында багышат.
Салттуу түрдө тоту куштар отряды тоту куштар түркүмүн (Psittacidae) камтып монотиптүү болгон.
Филогенетикалык изилдөөлөргө ылайык 2012-жылдан тарта 4 түркүмдү камтыган 3 түркүм үстүндөгү түркүдү (Strigopoidea, Cacatuoidea, Psittacoidea) белгилешет. Булардын ортосундагы өз ара байланыштарды кийинки кладограмма иллюстрациялайт:
Эл аралык орнитологдор бирикмеси отрядга 4 түркүмдү, 100 тукумду жана 407 түрдү кошушат.
Төмөндө тоту куш сымалдуулардын түркүмү, түркүмчөсү жана трибасы (триба — түркүмчө менен тукумдун ортосундагы таксономиялык бөлүм) боюнча классификациясы берилет.