Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак оорусу

Баш барак | Медицина | Тамак оорусу

Тамак оорусу

Урматтуу окурман, "тамак оорусу" кандай болот, анын түрлөрү кандай экенин билип алалы. Өзүбүз же балдарыбыз үчүн керек болот.

Тамак оорулары

Тамак оору – симптомдорун ар бирибиз бир нече жолу сезгенбиз. Адатта, биз мындай ооруга көп көңүл бурбайбыз. Адамдар тамагы ооруганда жалбыз жыттуу сормо дарыны сатып алышат да, ошону менен дарылоо аяктайт. Бирок тамак ооруга кош көңүл мамиле кылууга болбойт. Алардын кээ бирлери ден соолукка олуттуу коркунуч алып келет.

Кекиртек жана тамак ооруларынын түрлөрү

Тамак оору ар кандай себептерден келип чыгат. Мындай ооруну көпчүлүк учурда бактериялык же вирустук инфекциялар жайылтат, бирок ушуга окшогон симптомдорду жугуштуу оору таркатуучу микроорганизмдердин бузулуусу, жадагалса шишиктин пайда болушу да билгизет. Андан тышкары да, тамак ооруга дене тапты көтөрбөй эле былжырлуу чел кабыкты дүүлүктүрүүчү зат, алергия, же өтө кургак аба да таасир тийгизет.

Инфекциялык оорулар

Вирустук

Тамактын вирустук ооруларына: сасык тумоо, КРВИ (Курч респиратордук вирустук инфекциялар), кызылча, суу чечек кирет, оорунун симптомдору бири – биринен калышпайт. Мындай оорулардын сезгенүү процесси абдан тез өрчүп тамактан башталат, кычышат, ооруйт. Дагы бир вирустук тамак оорунун таралган түрү – IV типтеги герпес вирусу жайылткан инфекциялык мононуклеоз. Бардык вирустук тамак ооруларынын белгилери бирдей. Вирустук тамак оору мезгилинде күч кетүү, баш ооруу, алсыздык, бир аз дене табы көтөрүлүү менен коштолот. Сасык тумоо жана КРВИде адам катуу тумоодон, жөтөлдөн жабыркайт. Кызылча менен чечек оорусунда денеге майда бүртүк – бүртүк жаралар чыгат. Мононуклеоз боор менен көк боорго сегенүү процессин жайылтуусу менен абдан коркунучтуу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшуна алып келет.

Бактериялык

Ангина – бактериялык оорулардын эң эле кеңири жайылганы. Ангинанын козгогучтары стрептококк, кээде хламидия, микоплазма, гонококк же кургак учуктун таякчалары. Скорлатина менен дифтерияны да бактериялар козгойт, тамак ооруйт, Эпиглоттит бир топ сейрек кездешүүчү бактериялык оору, көбүнчө 4 жашка чейинки жаш балдар жабырланышат. Бул абдан коркунучтуу дарт, дем алуу жолунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бир кезде кеңири таралган скорлатина, дифтерия оорулары азыр аз кездешет. Бирок тамак оору пайда болгондо аларды эске албай коюуга болбойт. Тамактын бактериялык ооруларынын жалпы симптомдору – алсыздануу, оору, тамактын кытышуусу, кекиртектин жана бадам сымал бездин шишүүсү, дене табынын 40 градуска чейин көтөрүлүүсү.

Грибоктук

Грибоктук бузулуу – ачыткы өңдүү мите козу карындардын көбөйүшүнүн натыйжасы. Тамактын грибоктук оорусу же микоза көпчүлүк учурда ангина, фарингит же ларингит түрүндө кездешет. Бардык грибоктук тамак ооруда былжырды быштак сымал кебер каптап калат, катуу ооруйт, бирок эти ысыбайт. Микоз – организмдин алсыздыгы, витамин жетишсиздигинин жайылган түрү, антибиотиктер жана гормоналдык дары каражаттары менен дарылайт. Ичеги – карындын иштешинин бузулушу да тамактын грибоктук оорусуна алып келет.

Шишик оорулары

Тамак жана кекиртек оорулары шишиктин чоңоюшунан да болушу мүмкүн. Шишиктер алгачкы (алкымда биринчи ирет пайда болушу) жана экинчи жолу (онкологиялык шишиктин башка органдарга жайылышы) болушат. Оорулуулар жаңы пайда болгон нерсенин өсүшүнө, тамакты жута албай алкымы кысылып жат бүртүкчөнү сезишкенин айтып көбүрөөк даттанышат. Үнү өзгөрүлөп, кирилдеп, каркылдап, тамак жутуу кыйындайт.

Айтмакчы, жалбыз жыттуу сормо дарыны "тамак оорусу" үчүн пайдалуу деп көп жазышат, бирок жалбыз жыттуу зат эч кандай дарылабайт, айыгууну тездетпейт, болгону бир аз ооруган жерди сездирбөөчү таасир берет жана сезгенген былжырды жагымдуу муздатат.

Негизги инфекциялык тамак ооруларынын белгилери

Тамак ооруларынын белгилери

КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция)

Балким, бул тамак оорунун абдан жайылган себебидир. КРВИге тамактын оорушу, кытышуу, кыркыроо, тумоолоо, кээде чүчкүрүү, жөтөлүү мүнөздүү. Дене табы 38 градустан жогору чанда гана көтөрүлөт. Антибиотиктер бул учурда такыр жардам бере албайт, алар бактериялар менен күрөшүүгө гана багытталган, ал эми КРВИни вирустар козгойт. Мындай кезде вируска каршы дары-дармектерди, ошондой эле иммуномодуляторлорду колдонуу кажет. КРВИнин симптомдорун жеңилдетүү үчүн ромашка же шалфейдин кайнатмасы менен чайкоо сунушталат, булар кытышууну жок кылат. Дарыканадан болсо ооруну жеңил басуучу таасири бар спрейлерди, эвкалипт жана шалфей сормо дары каражатын колдонууга кеңеш беришет. С витаминин ичип иммунитетти кармап туруу, жылуу сууну көп ичүү (ысык эмес), ошондой эле бал, ит мурун кошулган чөп чайларды ичүү сунушталат.

Ангина

Дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, тамактын катуу оорушу менен мүнөздөлөт. Кулкун кыпкызыл, сезгенген. Бадам сымал без сезгенип, ак кебер менен капталган. Ангина көбүнчө муундардын оорушу, шакыйдын кармашы менен коштолот. Ангина антибиотиктер менен айыгат, муну билүү зарыл! Эсиңерде болсун айыкпаган ангина олуттуу кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн, ошон үчүн бул ооруну сезип калсаңар кечиктирбестен врачка кайрылгыла. Ангина менен ооруганда төшөккө жатуу, жумшак, эзилген тамак жана суюктукту көп ичүү керек. Тамакты чайкоо ооруну азайтып, былжырды тазалайт, өзгөчө фурацилин жана мирамистиндин эритмеси, липа, ромашка, шалфейдин кайнатмасы менен чайкоо натыйжалуу.

Фарингит

Фарингиттин өзгөчөлөнгөн белгиси: ооз кургоо, кургак жөтөл, кытышуу, алкымдын сайгылашып оорушу, жутканда, оозду кең ачканда оорунун күчөшү, ошондой эле тамакта бир нерсенин туруп калышы. Тамактын былжырлуу чели кызыл, сезгенген, кебер басып же ириңдин бөлүнүшү байкалат. Фарингитти дарылоодо бардык дүүлүктүрүүчү (өтө ысык, ачуу, кычкыл) тамак – ашты алып салуу, мүмкүн болушунча суюктукту, өзгөчө витаминдүү суусундуктарды көп ичүү зарыл. Тамакты чайкоого иодинол эритмеси да жардам берет. Бирок өз алдынча дарыланууга болбойт. Фарингитти туура эмес дарылоо оңой эле өнөкөт түрүнө өтүп кетет.

Ларингит

Көмөкөйдүн жана үн байламталарынын сезгениши. Ларингиттин негизги белгиси карылдап жөтөлүү, кирилдеген үн же болбосо анын толук жоголушу. Ларингит диагнозун көбүнчө жаш балдарга коюшат. Оору эмнеси менен коркунучтуу, жаткан учурда (түнкүсүн) көмөкөй шишип, дем алууну оорлотот (бул жаш балдардын көмөкөйүнүн түзүлүшүнө байланыштуу). Мындай учурда токтоосуз тез жардамды чакырып, врач келгенче баланын калчылдоосун токтотуу үчүн жылуу, нымдуу жерге тике тургузуу керек. Баланы ванна бөлмөсүнө, ысык душтун алдына тургузса да болот. Ларингит кээде тамакты тырмап алгандай оору сезими менен коштолот. Оору алгач кургак жөтөлтөт, андан кийин какырып түкүртөт. Өнөкөт ларингитти бактериялар гана козгобостон, башка дагы факторлор: үндүн катуу чыңалышы, тамеки чегүү, дүүлүктүргүч заттар да таасир этет. Ларингитти минерал суусу менен буулоо (эти ысыбаса), дем алуу оорлошсо, "Беродуал" же ушуга окшогон таасири бар дары-дармектер, жылуу компресс, чөп чайдын кайнатмасын ичүү жардам берет. Үнгө күч келтирбөө керек. Врачтар 2 – 3 күн үн чыгарбоону сунуштайт. Абалды жакшыртуу үчүн бөлмөдөгү абаны кошумча нымдаштыруу, нымдаштыргыч сатып алуу, жок дегенде, үйгө суулуу сүлгү илип коюу зарыл.

Тонзиллит

Тонзиллит – таңдайдагы бадам сымал бездин сезгениши. Тамактын катуу оорушу, дене ысуу, бадам сымал бездин чоноюшу, ооздон жагымсыз жыттын чыгышы тамактын бул оорусунун негизги симптомдору болуп эсептелет.Тонзиллитти көбүнчө вирустар козгойт, бирок стрептококк инфекциясы козгогон бактериялык тонзиллит да болот. Тамак ооруну жеңилдетүү үчүн суулоо, чайкоо сунушталат, ал эми дене тапты төмөндөтүүчү ибупрофен сыяктуу дары менен түшүрүү керек. Соода, туз эритмеси менен чайкоо жакшы натыйжа берет.

Бактериялык тамак оорулар тез өрчүйт. Сиз эртең менен өзүңүздү эн сонун сезип жүргөнсүз, ал эми түштө таптакыр эле шалдырап, араң тамак жута алгыдай болуп каласыз. Вирустук ооруда симптомдор акырындап барып сезилет. Бирок, сиздин тамак ооруңуздун себептери вируспу, грибокпу же бактериялыкпы, врач лабораториялык изилдөөдөн кийин гана так жооп бере алат.

Кекиртектин шишик ооруларынын белгилери

Тамак шишиги абдан коркунучтуу ал билинбей өрчүйт. Шишик олуттуу бир өлчөмгө жеткенде гана оңтойсуздук жаратуу, тамакты кычыштыруу, мурун аркылуу дем алуунун бузулушу, кулактын тунушу, кыйналып жутуу, мурундан кандуу былжырдын бөлүнүшү сыяктуу симптомдорду бере баштайт. Кийинчерээк бул симптомго түшүнүксүз тиш оору (стоматолог эч кандай оорунун белгисин таппайт), кулак оору, кургак жөтөл, угуунун начарлашы, мурундан кан агуу, үндүн өзгөрүлүшү, жоголушу, баш оору кошулат. Өз алдынча дарылап, элдик ыкмага убакыт кетирбегиле. Тамак шишиги абдан коркунучтуу, бул ооруну өз алдынча дарылоого болбойт. Бактыга жараша, бардык эле шишиктер залалдуу эмес.

Залалсыз шишиктер:

Залалдуу шишиктер:

Шишиктин алгачкы өсүү баскычында врачтар дагы залалсыз шишикти залалдуу шишиктен айырмалап биле алышпайт. Бул паталогиянын симптомдору абдан окшош, көптөгөн лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин гана бүтүм чыгарууга болот.

Тамак ооруларын алдын алуу

Тамак ооруларын алдын алуу

Тамак оорудан өзүбүздү толук коргой албайбыз, бирок ооруну минимумга чейин азайтууга болот.

Чылым чегүүнү таштоо

Чылым чегүү тамактын былжырлуу челин, кеңилжээрди алсыздандырат, жабыркатат (чылым чегүү онкологиялык оорулардын өнүгүшүнө түрткү берерин айтпай эле койсо болот).

Тең салмактуу тамак-аш

Канчалык түрдүү азык – түлүктөрдү пайдалансаңар, ошончолук витаминдерди, минералдарды аласыңар. С витамини жогору болгон азык – түлүктөрдү жегенге аракеттенгиле. С витамини – бул иммунитетти бекемдеген, күчтүү антиоксидант.

Абанын нымдуулугу

От жагуу мезгилинде батирдеги аба абдан кургак. Өтө кургап кеткен аба тамакты дүүлүктүрүп, былжырлуу чел кабыкты микротравмага (микромайыптык) алып келет, ал эми бул болсо оору таратуучу бактерияларга жол ачат. Жөнөкөй эле нымдагычтар, суу чачкыч менен чачылган суулар же батарейдин үстүнө жайылган нымдуу сүлгүлөр үйдүн микроклиматын жакшыртып турат.

Колду тез-тез жуугула

Көпчүлүк өрчүгөн бактериялар организмге жуулбаган колдор аркылуу кирерин, окумуштуулар аныкташкан.

Витаминдерди алуу

Тамак ооруларда иммунитетти жакшыртуу үчүн комплекстүү дарылануу, ошондой эле иммуномодулятор каражаттары керек.

Аба–ырайына жараша кийинүү

Бул маанилүү кеңеш. Чынында суук сезгенүү оруларынын өрчүшүнө түрткү болбойт, бирок өтө үшүп кетүү кан тамырлардын кысылышына алып келет да, былжырлуу чел кабыкты жабыркатат.

Тамак ооруну дарылоочу каражаттар дарыканада жетиштүү, бирок дарыканага барардан мурда врачтын кеңеши маанилүү. "Тамак оорусу" – көптөгөн ооруларга мүнөздүү симптомдору, алардын ичинде коркунучтуулары да бар. Клиникага барууну кийинкиге калтырбагыла!

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-03-01, Көрүүлөр: 22291, Өзгөртүлгөн: 2024-02-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо