TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Суу ийнелиги (суу ченегичтер) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Суу ченегич (лат. Gerridae) — канталалар отрядчасынын жарым катуу канаттуу курт-кумурскалардын түркүмү. Суу ченегичтердин 1700 айланасында түрү бар. Алардын болжолдуу 10 % деңиз түрлөрүнө таандык. Көп жайылган түрлөрүнө Gerris тукуму таандык. Булар суунун бетинде жашашат. Суунун бетинде чымын-чиркейге окшош, анча чоң эмес жандык музда коньки тээп бараткандай жылып жүрөт. Ооба, сууда сүзбөй эле, анын үстүнөн жылып бара жаткандай көрүнөт. Анын сыры мындай: бул жандыктын бутунда майланышкан түктүү кепич-жаздыкчасы болот. Анын боору да түк менен капталып, мом сыяктуу зат менен майланган. Ошондуктан ал суу болбой, ары-бери эркин зымырайт. Түртүлүп чейрек метр жылат, дагы түртүлөт, дагы жылат. Жолунан өсүмдүк, жыгач бутактары жолукса, секирип өтүп, андан ары жылып жөнөйт. Ошентип суу ченегенсип кечке түртүлүп жылып жүрөт. Суу ченегичтин бардык чымын-чиркейлер сыяктуу эле алты буту болот. Ал ортоңку жана арткы буту менен чуркайт. Алдыңкы эки буту кыскараак жана кызматы да башка: сууга чиркей же чымын түшөөрү менен дароо суу ченегич жетип келет. Ал курч тырмактуу, алдыңкы эки буту менен олжосун кармап, учтуу тумшугун матырып алат. Суу ченегич кечке ушинтип аң уулайт. Суу ченегичтин бүткүл өмүрү ушинтип сууда өтөт. Суу өсүмдүктөрүнүн жалбырактарына жумурткалайт. Алардан суу ийнелигине окшош кичинекей личинкалар чыгат.