Ырдын кара сөздөн айырмасы бар экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми 18-кылымдагы француз драматургу Мольердин Аксөөккө айланган карапайым деген комедиясындагы кейипкер Журден мырза билген эмес.
Ал бул тууралуу биринчи ирет укканда: Кырк жылдан ашуун убакыттан бери кара сөз менен сүйлөп келе жатканымды билген эмес экенмин - деп чыны менен таң калган. Акыр аягында ал да кара сөздөн башканын баары ыр, ал эми ыр эместин баары кара сөз экендигин мыкты өздөштүрүп калат. Ыр жана кара сөз - ар түрдүү түшүнүк эле эмес, бири бирине карама-каршы да түшүнүктөр. Ыр кара сөздөн эмнеси менен айырмаланат?
Адатта начар, келегей жамактарды: Бул эмне деген ыр? Же жыйнагы, же ыргагы жок - деп коюшат. Жыйнактуу, ыргактуу ырларды гана туура, жакшы дегенге болот. Ыр - жөнөкөй эле сөздөр эмес, белгилүү бир мүнөздө куралган сөздөр. Ырдагы сөздөрдүн мындай өзгөчө куралышына, өзгөчө ыргактуулугуна жана жыйнактуулугуна кантип жетишүүгө болот? Прозачы жана акын деген ырында Пушкин мындай дейт: Прозачы түйшүк тартпай кел кана, Каалап турган бир оюңду бер мага. Оюңду учтап мен курчутуп алайын, Аны учкул уйкаш менен таяйын. Пушкин үчүн уйкаштык ырды айырмалоочу эң башкы белги турбайбы деп ойлоого да болот.
Көп адамдар буга чындап эле ишенишет, ыр жазуу бул уйкаштык табуу деп эсептешет. Биринчиден, уйкаштыгы жок ырлар (ак ыр) да кезигет. Экинчиден, ырдын башка бир кыйла маанилүү белгиси - өлчөм да бар. Эгер силер Пушкин менен Лермонтовдун же Токтогул менен Үмөталиевдин ырларын үн чыгарып окусаңар, ыр саптары куюлушуп, андагы муундардын санына жараша өзүнчө бир ыргак менен угулганын байкайсыңар. Мына ушул саптагы муундардын саны өлчөм деп аталат. Бирок кээде белгилүү бир өлчөмгө туура келбеген, ошентсе да жыйнактуу, ырааттуу, өз алдынча ыргактуу ырлар да бар. Ырды ыргакка келтирүүнүн жолу, ыкмасы көп. Эмнеден адамдар өздөрүнүн ой-сезимин билдирүү үчүн мына ушундай жазуу ыкмасын - поэзияны колдонушат. Турмушта эч ким ыр менен сүйлөбөйт эмеспи. Муну жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот. Поэзия адамдын кадимкидей кара сөз менен берилүүчү жөнөкөй сезимдерин эмес - бийик, күчтүү жана шаңдуу сезимдерин чагылдыруу үчүн керек.
Эгерде ырда адамдын жан дүйнөсүнүн өзгөчө, кадимкидей эмес ал-абалы билдирилсе бул ыр силерге жасалма, бөтөнчө болуп көрүнбөйт. Тескерисинче, биз бул жерде дал ушундай - адаттагыга окшобогон сөз тизмектери гана оң келерин туюнабыз. Пушкин бекеринен ырды уйкаштык байланган учтуу жебеге салыштырган эмес. Жебеге темир учту жөн эле кийгизбейт, жеңил канатчаларды кооздук үчүн гана байлабайт. Булар жебе тез учуп, түз тийүүсү үчүн керек. Мольердин Журдин мырзасы ыр эместин баары кара сөз деп туура айткан. Бирок мындан кара сөздө жыйнактуулук да, ырааттуулук да жок турбайбы деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Биринчиден, проза (кара сөз) ар кыл болот. Биздин демейдеги ич ара сүйлөгөн сөзүбүз да - проза.
Бардык арыз, билдирүүлөр, иш-кагаздары, докладдар, илимий макалалар менен китептер да проза менен жазылат. Мындан тышкары дүйнөлүк адабияттагы Пушкиндин Капитан кызы, Толстойдун Согуш жана тынчтыгы сыяктуу эң сонун чыгармалар да - проза. Эч болбогондо мына ушул көркөм прозада (көркөм адабий чыгармалар түрүндөгү прозаны ушинтип аташат) дайыма ырааттуулук да жыйнактуулук да болот. Болгону бул жыйнактуулук, ырааттуулук ырдагыга караганда башкача. Ал көзгө дароо түшпөгөнү, байкалбаганы менен, өзүнө жараша татаалдыкка ээ, бул жагынан проза ырдан кем калбайт. Гоголдун Аба ырайы бейкут кезде Днепр кандай укмуш дегенинин, же Тургеневдин кара сөз түрүндөгү ырларынын бирин, Чыңгыз Айтматовдун Биринчи мугалиминен же башка чыгармаларынан үзүндүнү үн чыгарып окусаңар, силер бул саптардын өзүнчө ыргагы, өзүнчө күүсү бар экенин дароо туясынар. Алар да жан дүйнөбүзгө ажайып ырлар сыяктуу эле дем берип, бизди таасирлентет.