Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) Кыргызстандын биринчи президенти болгоннун билесиңерби? Анда ушул инсан жөнүндө айтып берели.
Кыскача өмүр баяны
Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө бүт өмүрүн арнаган Абдыкадыр Орозбеков азыркы Ош облусундагы Охна кыштагында туулган. Ал төрт жашында атасынан жетим калып, тогуз жашынан көрүнгөндүн үйүндө малай жүрөт. Катаал замандан жабыр тарткан жаш бала Кокон, Фергана шаарларына келип, байлар менен соодагерлердин эшигинде наабайчыларга жалданып иштейт.
Адегенде үйрөнчүк катары баштап, кийин өз алдынча наабайчы (нан бышыргыч) болот. Көргөн азабы, керели-кечке созулган наабайчылык кызматчы, жарыбаган акы жана айлана-чөйрөдөгү мөгдүрөгөн адамдардын турмушу аны көп ойлонтуп, теңчилик жашоо жөнүндө кыялга туш кылат. Орус жумушчулары менен аралашат.
Ферганада Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө ал активдүү катышат. Мына ушул убакта Орозбеков Фергана облустук жумушчу-дыйкан жана солдат советтерине мүчө болуп шайланат. Кедейлер комитетин, айыл чарбачылыгы коомун уюштурат. Жергиликтүү совет органдарын жаңыдан уюштурууга, чарбачылыкты жолго коюуда Орозбеков өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.
Дайыма эл арасында болуп, чечкиндүү жана билгич жетекчи катары таанылган. Катардагы жоокерден отряд командирине, саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн тайманбас, эр жүрөк революционер 1920-жылы Кызыл Туу ордени менен сыйланат. Айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин башкарып келип, 1924-жылы Орозбеков эмгекчилерин Ош округдук советинин жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат.
Көп узабай эле Кыргыз автономия облустук аткаруу комитетинин төр агалыгына шайланат. 1926-1936-жылдары Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төр агасы КПССтин 15-17 жана Советтердин бүткүл россиялык 6-8-съезддеринин делегаты болот. Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринен болгон Орозбеков Абдыкадырдын ысымы менен кыштак, мектеп, Бишкек шаарындагы көчө аталган. Өзү туулган кыштактагы мектепте анын музейи, бюсту бар.
Кенерирээк айтсак
Революциянын ишине берилип, ага бүткүл өмүрүн арнаган адамдар ар кыл улуттардын өкүлдөрүнөн турган. Алардын арасында жалын жүрөк, эзилген элдин катмарынан чыккан, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын алгачкы президентинин ордунда олтурган Абдыкадыр Орозбеков да болгон. А. Орозбеков 1889-жылдын октябрь айында Кырыл-Кыя районуна караштуу Охна айылында туулган. Балалык күндөр ал үчүн кызыктуу оюндар, жаркын турмушу менен эсте калбастан, молдолордуы, байлардын колундагы азап-тозок менен көңүлдө калды. Ал жалданып иштеп, байлардын малын багып, талаада иштеп, пахта тергенге катышты. Ата-энеси дүйнөдөн кайтканда Ферганага барып, наавайканага ишке орношот. Бул 1909-жыл эле. Мындан үч жылдан кийин, ал Коконго келет. Бирок турмуш оңолбой, муктаждык азайган жок. 1916-жылы падыша өкмөтү Орто Азия жана Казакстанда жашаган эркектерди тылдык ишке ала баштайт.
Бул эзилген дыйкандардын чекке жеткен чыдоосунун чынжырынын үзүлүшүнө алып келет. Көтөрүлүш башталат. Ал элдин калың катмарындагы улам жаңы жактоочуларын табат. Абдыкадыр Орозбеков ошолордун бири болду. Падышалык өкмөттүн желдеттери көтөрүлүштү басууга жанталашат. Ошондо Абдыкадыр кайрадан Ферганага кайтууга аргасыз болот. Улам барган сайын жаш жумушчунун саясий аң-сезими жетилип, күрөшүүнүн негизги максаты кайда экендигин түшүнө баштайт. Алексеев, Янгулов дегендердин нан заводунда жумушчу болуп иштейт. Сезимдүү, зирек болгондуктан нан бышыруучу мастер кызматына көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин көбүн жумушчулук кесипке үйрөткөн. Малайлар менен жардылардын эң жакын кеңешчиси болуп турган. Жумушчулардын чоң кадыр-баркына бөлөнгөн.
1917-жылы А. Орозбеков жергиликтүү жумушчулардын айлык акысын көбөйтүү талабын койгон саясий демонстрацияны уюштурууга тикеден-тике жетекчилик кылган. Ошол үчүн шаардын губернатору тарабынан камакка алынган. Жумушчулардын нааразылык менен жасаган кысымынан коркуп, аны камактан чыгарууга губернатор мажбур болгон. Падышанын жергиликтүү элдерди аскер кызматына алуу саясатына каршы күрөшкөндүгү үчүн аны кайрадан куугунтуктай башташат. Ошондо ал Коконго кетет. Ал жерде Кебек байдын нан заводунда иштейт. Кийин кайра Ферганага келип, революцияга катышат.
Бул мезгилдерде Россиядагы саясий кырдаал аябай курчуп, Ферганада ар түрдүү кесиптеги жумушчулардын уюмдары түзүлө баштаган эле. Анын активдүү катышуучусу болгон А. Орозбеков ушул эле жылы Фергана областтык жумушчулардын жана солдаттардын депутаттарынын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ал эми Улуу Октябрь социалисттик революциясы женишке жеткенде, ал Фергана областтык жумушчу жана аскер депутаттарынын арасынан Маргалаң уезддик шаардык аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлүгүнө шайланат. Фергананын Чоро мааласында биринчи коммуна уюштуруп, өзү төрагалык кылган. Ушул жылдарда Юлдаш Ахунбабаев менен таанышат.
Абдыкадыр Орозбеков ар түрдүү аскердик тапшырмаларды ат-карууга катышып, аларды өз убагында так бүткөрүүгө жетишет. Ошолордун бирөөсү катарында мындай кызматты эске түшүрүү ылайык келип турат. Контрреволюциянын командачысы, Шура Ислам уюмунун жетекчиси, падышалык генералдын уулу Чанышевди Ферганага жеткирүү милдети ага тапшырылат. Ак гвардиячылар менен болгон согушка катышып, чалгындоо иштерин жүргүзөт.
1918-жылдын 6-августунда Абдыкадыр Орозбеков РКП(б)нын катарына өтөт. Ошол жылдары Чимиондо басмачылар коркунуч туудурган. А. Орозбековго ошол Чимион революциялык комитетин жетектөө тапшырылган. Большевик Ушаков командачылык кылган. Фергана тоолуу кавалерийлик 8-бригада менен бирдикте Орозбековдун отряды Чимион районунун Чимион нефть казып алуу кенин жок кылуу максатын көздөгөн жана талап-тоноого аттанган басмачылардын тобун жок кылышат. Көп өтпөй жаш коммунист жаңы тапшырма алат. Өз отряды менен элди басмачылардан коргойт. Аллаяр корбашы, Ядигер корбашы, Алты-Арыктан Карабай, Жолчу корбашы, Осмон палван дегендер менен согушуп, аларды талкалаган. Мандон, Халмион, Ак-Билал, Ханкыз тараптарда басмачылардын калдыгын тазалаган. Ю. Ахунбабаев менен бирдикте Алты-Арык, Риштан жактагы Совет бийлигинин душмандарын талкалаган. Ушул жылдарда анын Юлдаш Ахунбабаев менен достугу чыңдалат. Абдыкадыр бул жөнүндө: «Кыргызстан менен Өзбекстандын эмгекчилери мындан аркы ишинде алар Компартиянын изден тайгыс багытын турмушка ашырууда бири-бирине көмөк көрсөтүүлөрү керек», - деген сөздү айтат.
Үч-Коргон болушундагы кыштактарда талап-тоноочулукту жүргүзүп жаткан Жармат максым, Нурмат башында турган басмачылар Кызыл-Кыя көмүр казып алуу бассейнине залака келтирүү максатын көздөшөт. Абдыкадыр жетектеген кызылдар басмачыларды талкалоо милдетин абийирдүүлүк менен аткарат. Андан кийин ал жер-жерлерде Совет бийлигин чыңдоо ишине катышат.
1923-жылы ал Үч-Коргон ревкомунун төрагасынын орун басарлыгына шайланат. Анан Мархамат райаткомунун (Өзбек ССРи) төрагасы болуп иштейт. Бул жылдарда Фергана өрөөнүндөгү басмачыларды жок кылуу ишине активдүү катышат.
Советтердин 7 жылдык юбилейи белгиленген убакта Абдыкадыр көрсөткөн каармандыгы үчүн Алтын белги менен сыйланат. Орто Азия республикалары улуттук жактан бөлүштүрүлө баштаганда ал - Ош аймактык революциялык комитеттин жер бөлүмүнүн бөлүм башчысы, 1925-жылдын мартынан аймактык конференция аны аймактык ВКП(б)нын жооптуу секретарлыгына шайлайт. Ушул эле жылы ал областтык Советтердин I съездинде Кыргыз облаткомунун төрагалыгына шайланат.
1931-жылы А. Орозбеков Араванга келаткан учурда Калкожо баш кесердин желдеттерин талкалаган. Абдыкадыр Орозбековдун өзгөчө мүнөзү анын чечкиндүүлүгүндө эле. Буга бир мисал, Үч-Коргондо революциялык комитеттин жетекчиси болуп турган кезде Фергана гарнизонунун баштыгы Сафоновдун жергиликтүү элди басмачылардын катарында кыдырата кырып жок кылуу жөнүндөгү жаңылыш буйругун четке кагып, чечкиндүү каршылык көрсөткөн. Ошентип, Исфайрам жана Ак-Суу боюндагы элдерди күнөөсүз эле кырып жок кылуу жөнүндөгү туура эмес, жаңылыш буйрук токтотулган. Аксакал ичтеги жана сырттагы ар кандай акыйкатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүп, карапайым элдин мүдөөсүн эч бир жалтанбай коргогон.
Ал жарды, кембагалдарды өзүнө эң жакын көрүп, жардамын аябаган, өтө мээрман адам болгон. Экинчиден абдан чоң интернационалист болчу. Өзүнүн университеттик билим-сабаты болбогондугуна карабастан мамлекеттик иштерди эң адилет чече алган.
Таптык күрөштүн жылдарында душмандар аны күнөөсүз жерден партия менен мамлекеттин ишине карама-каршы коюшуп, өзүлөрүнүн арамза, кытмыр, ыплас ойлорун ишке ашырышкан. 1937-жылы ал Т. Айтматов, Н. Усов, Б. Исакеев жана башкалар менен бирдикте репрессиянын, кур жалаанын курмандыгына чалынды, 1956-жылы гана ал акталып, өлгөндөн кийин партиялуулугу кайрадан калыбына келтирилген.
Аксакал 1932-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп турган. «Кыргызстандын Автоном Республикадан союздук Республика болуп түзүлүшүндө А. Орозбековдун чоң үлүшү бар»,- деп жазат, тарых илимдеринин доктору, профессор Ж. Бактыгулов.
А. Орозбеков өмүрүнүн акырына чейин партия менен элдин ишине берилген бойдон калды. Ал ленинизмдин салтанат курушуна, акыйкаттын жеңишине терең ишенген. Аксакал жөнүндө Кыргыз ССРинин Эл акыны Т. Үмөталиев мындайча эскерет: «Токтоо, кичи пейил, өз элинин кайгы-капасын, кубаныч-сүйүнүчүн жакшы билген адам эле. Ага бой көтөрүп кекирейүү деген нерсе жат эле».
А. Орозбековдун революциялык иштери азыркы жаштардын патриоттук жана интернационалдык сезимин курчута турган бай мурас катарында роль ойноосу тийиш. Дегеле кыргыздын тунгуч партиялык советтик кызматкерлеринин Фрунзе шаарында эстеликтери жокко эсе. Аларга эстелик тургузуу кечиктирилгис милдет. Булардын өмүр жолунан кабар берүүчү мемориалдык такталар коюлса жакшы болор эле. Кыргызстандын биринчи президенти Абдыкадыр Орозбековду эскерүү, унутпоо парзыбыз... (Каныбек Абдыкадыров)
Абдыкадыр Орозбеков Бишкек шаарынын Пушкин көчөсүндөгү №57 үйдө жашаган (мурдакы К. Маркс көчөсү 57).
Мурдагы эл башчылары
«Орозбеков» көчөсүндө бара жатам,
Орозбеков жөнүндө ойго батам.
Кимдир бирөө сурагансыйт: «О, бул адам
бул жерлерде жүргөн качан, болгон качан?»
Жыйырманчы жылдардын аягында,
Отузунчу жылдардын баш жагында.
«Орозбеков!» - дечү эле кубангандан
Аны көргөн тоолордун таштары да.
Сакчы болчу эл энчисин күзөткөн,
Уста болчу кыңыр ишти түзөткөн.
«Бизди курган Орозбеков болчу» - дейт,
Даңгыр жолдор «Волга» менен биз өткөн.
Абдыкадыр өз аты,
Орозбеков атак-даңкы,
Жаш кезинен: «Аксакал» — деп аталган
Жакшы көрүп сыйлаган кыргыз калкы.
Бийиктик жактан Ала-Тоодой бар эле
Биринчи төраганын кадыр-баркы!
(Темиркул Үмөталиев)
Биринчи президент
Талаасынан өсүп чыгып Күлдүнүн,
Кыргыздардын пайдубалын түптөдүң.
Күлгүн кезди күрөштөргө арнадың,
Көрдүн алгач жаңы доор көктөмүн.
Жолуң сенин болду таштак, тикенек,
Жаның ооруп таманыңдан кан акты.
Кыйын күндө журт түндүгүн тикелеп,
Кенен жайдың керегени, канатты.
Оттон алып, музга салдың өзүңдү,
Чача бердиң аянууну билбедиң.
Жолуң бөлүп колго кармап көзүрдү,
Тап душманын камыр сымал ийледиң.
Опурталдуу жылдар өттү алдыңдан,
Жанар тоодой жерге салып жарака.
Көй кашкадай көктүгүнө таң калам,
Доор менен алга умтулган жанаша.
Мына бүгүн келип сенин айлыңа,
Кичинекей музейиңде турамын.
Бирде чөксөм денем дүр деп кайгыга,
Ыңкылаптын бирде үнүн угамын.
(Эгемберди Эрматов)
А. Орозбеков
Алгачкы биздин башчыбыз,
Биримдикке кол койгон.
Дыйкандарга баш болуп,
Ынтымакка жол койгон.
Кадыр-баркы кең болгон,
Акыйкатка тең болгон,
Душмандарга багынбай,
Ырысым элим менен - деп,
Репрессияда жок болгон.
(К. Назаров)
Эл уулу
Алдына коюп тоодой бийик максат,
Абийирин өмүр бою таза сактап.
Элине кызмат кылды күйүп бышып,
Эркиндик эгемендүү жакка баштап.
Илимдүү болсун тоолук элим - деди,
Гүлдөсүн Кыргызстан жерим - деди,
Кымындай ойлоп койбой өз тагдырын,
Арналды улутуна сезимдери.
Күрөштү күчөтсөк деп кыргыз тилин,
Күрөштү жайылсын деп илим-билим,
Талашты тайманбастан эл намысын,
Багыштап улут үчүн бүткүл дилин.
Кайткан жок өз жолунан камакта да,
Күрөшүн токтотподу ал жакта да.
Эл үчүн өлсөң улуу бакыт - деди,
Кебелбей бүт тулкунан кан акса да.
Желдеттер мылтык октоп атаарында,
Ал турду былк эттирбей каштарын да:
Жашасын Кыргызстан! - деди дагы,
Кулады досторунун -катарында.
Кулады өлүмгө эмес өчпөстүккө,
Кулады түбөлүктүү даңазага,
Желдеттер «эл душманы» дешсе дагы,
Элинин сезиминде ал таптаза.
(Салия Жусубалиева)
Аксакалга кайрылуу
Тоо башына жарк деп чыккан күн сымал,
Күндөр келди калың элим каалаган.
Чаң ызгытып алай-дүлөй бастырып,
Күндөр өттү кара чүмбөт жамынган.
Адилдиктин кызыл туусун кармаган,
Күндөр келди элим эңсеп сагынган.
Туугандыктын ыры ырдалат ободо,
Күндөр өттү камчы сабын талашкан.
Кайра куруу, демократия жаңырган
Азыр бизде жашоо башка аксакал,
Сенек мезгил омкорулуп түбүнөн,
Күндөр өткөн бөтөн жалаа жармашкан.
Өткөн күндү карап туруп тарыхтан,
Ырас жери көп нерседен таарынам.
Зор өлкөбүз сенектиктин айынан,
Сизге окшогон нечен эрден айрылган.
Кыргыз уулу Абдыкадыр аксакал,
Бизде бүгүн заман такыр жаңырган.
Сиз эңсеген күндөр келип биздерге,
Биз эңсеген чындык бети ачылган.
Бара жатып Сиздин чакан айылдан,
Мына булар эске түшөт кайра улам.
Күндөр өттү кара чүмбөт жамынган,
Күндөр кетти камчы сабын талашкан.
(Кайым Кангелдиев)
Абама
Турмуштун кыйын-кезең жолун баскан
Бай манап душмандардын бетин ачкан.
Баш болуп калың кыргыз жергесине.
Абакем тээ бийикте бара жаткан.
Караңгы жакырчылык артта калып,
Таалайдын таттуу сезим таңы аткан.
Сиз баштап басып өткөн ыйык тутуп,
Жолунда бир барабыз айтып дастан.
Арадан андан бери өттү кылым,
Заманам түгөнбөс кенч ачты сырын.
Талыкпай элге сиңген эмгегине
Татыбайт бир тоголок жупуну ырым.
(Тамара Сыдыкова)
Ала-тоонун ак батасы
Азап тарт акыйкаттын тар жолунда,
Адам бол! Кыйындыкка моюн сунба.
Каралдым ак калпактай таза болуп,
Чындыкка тике кара, таты сыйга!..
Ала-Тоо бата менен оозантат - дейт,
Төрөлгөн жаш баланы - эл оозунда.
Ак бата акталбаган миңдеп мисал,
Андайга күбө жалгыз, жылдар, жылдар.
Өлүмгө тике карап кеткендерден,
Жылдыздай көзгө урунат бир аксакал.
Тазарып кур жалаанын чаңын күбүп,
Элинин жүрөгүндө узак жашаар.
Ала-Тоо оозандырган акыйкатты,
Аксакал тор ичинде күтүп жатты.
Бир өмүр аздык кылды, жетпей калды...
Селт этип алмаштырды алтын башты.
Чыркырап эне боздоп, бала ыйлап,
Инсандын чак түш ченде күнү батты!
Оо, кандай өкүнүчтүү!.. Кандай кыска!..
Бир өмүр жетпей калды акыйкатка!..
Ала-Тоо эси жогум дегенсиди
Тоолуктун тамырларын кеспейт балта.
Карачы Абдыкадыр иши уланып,
Замана бүгүн жаны, бүгүн башка.
(Самидин Курмушев)
Биринчи биздин башчыбыз
Кыргыз калкым кыйын күнгө абалың,
Түшкөн чакта аябаган кан-жанын.
Мансап менен дүнүйөгө кул болбос,
Шейит кетти Орозбеков султаның!
Бүт өмүрүн эл, жери үчүн арнаган,
«Аксакал», - деп бүткүл өлкө сыйлаган.
Ататүрктөй Абдыкадыр уулунду,
Куткарбадың, неге куру жалаадан!?
Куткарууга дараметиң жетпеди...
Бир көзүңдү бир көзүңө жоо кылды.
Полот хандай курч уулду чыгарган,
Эл элең го, жоготтуңбу сүрүңдү?!
Калкым деп каккан жүрөк сокпой калды,
Ала-Тоо деп соккон жүрөк токтоп калды.
Жанынан кыргыз элин артык көргөн,
Ак шумкар акыретке сапар алды.
Оңой бекен ак жолборстон айрылуу,
Ала-Тоонун сүрү качып кайгылуу.
«Бүркүт өлсө, түлөк бар» - деп эл айткан,
Калкы барда, журт турганда ал - тирүү!
(Каныбек Абдыкадыров)
Алгачкы улут башчысы (үзүндү)
Алгачкы улут башчысы,
Алгачкы улук катчысы.
Ак жибектей чубалган,
Адамдыктын ачкычы!
Айда калды элесиң,
Айтылат күндө кеңешиң.
Демилгең өчпөй турмушта,
Тирүүлөй жашап келесиң.
Уланып учту куштарың,
Улады ишти Исхагың.
Ач көз заман кулады,
Абсамат ишиң улады.
(Токуш Чолпонбаев)
"Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстандын биринчи жана чыгаан мамлекет башчысы" китебинен.