Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аман Саспаев

Баш барак | Биографиялар | Аман Саспаев

Аман Саспаев — жазуучу, прозаик, 1929-жылдын 15-октябрында Ысык-көл облусунун, Түп районуна караштуу, Кең-Суу айылында туулган. Атасы Саспа жарык дүйнө менен кош айтышканда Аман апасы Бүбүгалий, эжеси Жүрсүн болуп апасынын туугандарына барышат.

Аман Саспаев

30-жылдардагы коллективдештирүү учурунда апасын байлардын, көпөстөрдүн тууганы деп колхоз жумушуна киргизбей коюшат. Үй-бүлө абалы начарлап, кыстаган турмуштун айынан 1933-жылы Кытайга кетүүгө аргасыз болот. Ал жакка барганда да бир топ ооручулуктарды башынан өткөрөт. Ал кезде Аман атабыз болгону 3 жашта эле.

1937-жылы Кытайдагы Тогуз-Торо уездиндеги Моюн-Күзөр аталган кыштактагы уйгур мектепте окуйт. Андан соң, Жаңы-Шаар кыштагында, Кулжа ш. казак, уйгур мектептеринде сабатын ачкан.

1948–1949-жылдары "Инкилаби шаркий Туркестан" гез. Мунгул-Күрөө, Текес уездеринде кабарчы. 1952—1955-жылдары Пекиндеги Борбордук улуттар институтунун филология факультетинде окуп. 1956—1961-жылдары Үрүмчүдөгү "Эл басмасынын" кыргыз секторунун жооптуу редактору. 1961—1962-жылдары Текес ооданында (уездинде) карапайым эмгекчил. 1961-ж. (кээ бир булактар боюнча 1962-жыл) туулган жерине келип, эң эле алгач, Сыртпай Мусаевдин Тоң районундагы үйүндө болгон. Анда Аман атабыз 32 жаштагы күчүнө толуп турган жигит болчу. Кошуна-колоңдордон, элден турмушка зарыл буюмдарды чогултуп, Кен-Суу айылына кетет. 1966-жылга дейре Кең-Суу айылындагы "Санташ" совхоз мекемесинде тракторчу, эмгекчи болуп иштеген. Ошол кезде эле ал өз мезгилинин өтө билимдүү адамы эле.

1966—1971-ж., 1973—78-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчиси. 1971—1973-жылы Москвадагы М. Горький атындагы Жогорку адабий курста окуган. 1978—1986-жылдары облустук, райондук гезиттерде иштеген. 1986—1989-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл жана Нарын облусттары боюнча катчысы, 1989-жылдан тарта ардактуу эс алууга чыккан.

Адабий чыгармачылыгы 1947-жылдан башталып(кээ бир маалыматтар боюнча 1946-жылы), «Төңкөрүс таңы» аттуу казак тилиндеги гезитке (Кытай, Кулжада) алгачкы ырлары жарык көргөн. «Инколоби шарки Түркстан» (уйгур тилинде) очерк, аңгемелери жарыяланган. Адабий чыгармалары: «Гүлкайыр» (1966), «Майда толкундар» (1970), «Хадизат» (1977), «Утро в новом доме» (1977), «Парторг» (роман; 1977), «Ыйык азилдер» (1985), «Тоо чабалакейи» (роман; 1989), 1991-жылы 1-томдук «Тандалмалары», балдар үчүн аңгемелер жыйнактары жарык көргөн. Айыл Аман Саспаевдин чыгармачылыгынын негизги тематикасын Кытай Эл Республикасындагы эмигранттардын турмушу жана тиричилиги, социалдык абалы түзөт. Уйгур, казак, кыргыз тилдеринде эркин жазат, кытай, орус тилдерин кеңири пайдаланат. Анын чыгармаларына ой-санааны кылдат иликтөө жана реалисттик-психологиялык жактан так чагылдыруу, турмуш деталдарын иргеп алуудагы чеберчилик өтө мүнөздүү.

Кытайча-кыргызча создук

"Аман Саспаев" көп жылдар Кытай тилин изилдеп, 55 миң сөздөн турган 91 табактан турган «Кытайча-кыргызча сөздүк» жазып чыгарып, мындай иш түрк тилдүү бир дагы элде жок. 2003-ж. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 ж. карата басып чыккан. Чыгармаларынын негизги темасы Кытайдагы кыргыз эмигранттарынын жашоо-турмушу, социалдык абалы болгон.

Кээ бир чыгармалары орус, кытай, француз, башкыр, татар, уйгур, казак, каракалпак тилдеринде жарык көргөн. Ал эми өзү болсо казак, уйгур тилинде эркин жаза алган. Жазуучу Мелис Абакировдун айтыма боюнча Аман атабыз адамдык сапаттары жагынан абдан жакшы киши эле, ал эми жараткан сөздүгү чындыганда Константин Юдахиндин сөздүгүнө теңдеш дейт.

Албетте, Мекенге кайтып келгенде бардыгы жакшы болгон эмес. Кээ бир эмгектери үчүн түрдүү жазуучулар тарабынан антисоветтик адам деп дагы айыпталган күндөрү болгон.

Сыйлыктары Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятынан эмгек сиңирген ишмер" наамына ээ болуп, акыркы жылдары Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде профессор болуп эмгектенчү.

Прозаик, жазуучу, публицист "Аман Саспаев" жүрөк оорунун айынан 2015-жылдын 15-июнунда 86 жашында каза болгон. Аман агабызды Бектурсун Алымов айткандай "Кыргыздын Чехову" эле, аңгемелердин чыныгы чебери эле. Сөөгү 16-июнда кичи Мекени Кен-Суу айылында коюлган.

Жарыкка чыккан эмгектери

Кыргыз тилинде

Орус тилинде

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 15751, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу