Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Музыка ыры

Музыка ыры
СөзүА. Осмонов
ОбонуА. Машаев
Текстинин жазылган датасы1948-жыл, 28-октябрь
Жазылган жериЧолпон-Ата шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Мен суу ичпейм тандай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
Музыкадай мага таттуу суусун жок.
Берчи мага, жарым кашык музыка!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,
Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,
Берчи мага, жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө — жарыкта,
Не бир сонун... не бир кымбат асыл баа...
Мен кетээрде, ошончонун ичинен,
Сагынарым, эң аярым, эң кымбатым музыка!

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1060, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-22
Талкулоо/Пикирлер