Манастын Таласка көчүп келиши
Ак болотко айзаны,
Аштай чыгып дөө болуп,
Кырк үйлүү, кыргыз аз элге,
Кабылан Манас ээ болуп.
Кырк уруу кытай, манжууга,
Кыр жагынан чалдырбай,
Кыжылдаган кытайга,
Кыл эмесин алдырбай.
Алым тургай аш бербей,
Кырк уруу кытай көп элге,
Кыраан Манас ошондо,
Көчтү (буга), баш бербей,
Кордуктагы кыргыздын,
Ошо кыргыз айынан,
Кыжылдаган кытайга,
Кыргызды кыйла салыптыр.
Он экиге келгенде,
Ордо бузуп ок атып,
Ордолуу журтка баш бербей,
Алакандай кыргызды,
Ажыратып алыптыр.
Кырк үйлүү кыргыз көчкөндө,
Жебилгеси жер чийип,
Жетик байып алыптыр.
Аркалуу чыгып,
Эр Манас,
Кыргыз үйлүүнү ошондо,
Санаасы менен болтурган,
Сандыгынын баарысын,
Сары алтынга толтурган.
Конулу менен болтурган,
Көмүркөйдүн баарысын,
Көп алтынга толтурган.
Туурдугун май кылган,
Тушукканда кыргызды,
Тура алгысыз бай кылган.
Кырк үйлүү кыргыз дардайып,
Оңуп калган кези экен.
Кундузу кымыз, туну кыз,
Болуп калган кези экен.
Кордуктагы кыргыздын,
Ошо кыргыз айынан,
Кыжылдаган кытайга,
Кыргынды кыйла салыптыр,
Он экиге келгенде,
Ордо бузуп, ок атып,
Ордолуу журтка баш бербей,
Ээн көчүп жайлашып,
Кысыр эмди тай союп.
Багалак ойноп, даң салып,
Чатыраш ойноп, чаң салып,
Бүтүн кундуз терисин,
Жарты бөлүп алышып,
Кырсыкты кудай чечти деп,
Багелекке салышып,
Кыраан Манас барында,
Кыжылдаган кытайдан,
Кызыл куйрук ар алып,
Кыргыз эмес, ошондо,
Кымбаты Манас барында.
Кылымга жетчү мал алып,
Айдап жүрсө жылкысы,
Адырда жылкы алабаш,
Ал жылкынын ичинде,
Аргымак, буудан аралаш.
Айкөл Манас барында,
Армандын баары чачылып,
Болгон экен малга мас.
Коштоп кийип суусар бөрк,
Ыргап көчкөн кези экен.
Кегин алып калмактан,
Жыргап көчкөн кези экен.
Жакыпта бар сан кара,
Акбалтайда түмөн мал,
Капанын баары чечилип,
Кырсыктын баары кесилип,
Улук чыкты кан Манас.
Капанын баары чечилди,
Кайгынын баары кесилди.
Күйүттүн баары чачылды,
Күптүнүн баары ачылды.
Жаккан отун өчүрүп,
Кырк үйлүүнүн баарысын,
Жайбаракат көчүрүп,
Катагандын кан Кошой,
Караан болгон Манаска,
Дегенине көндү эми.
Сандап-миңдеп Кошойго,
Тийиштүүсүн берди эми.
Торучаар окко учканда,
Сандап-миңдеп көп кытай,
Тегеректеп турганда,
Беттеп Кошой барганда,
Берен Манас канкорго,
Жолдош болуп калганда,
Каза жеткен өлгөндө,
Кабылан, жолборс Манаска.
Кары Кошой абакең,
Караан болуп бергенде,
Кагыш кылган жандары,
Өлгөнүнөн калганы,
Артык кыйын мыктысы.
Ою менен болуптур.
Кытайды ойрон кылганда,
Чылбырга колу толуптур.
Кыргынды Манас салганда,
Кытайды кайра сайганда,
Айзакерден ыктуулар,
Абыдан кыйын мыктуулар,
Алты миңден ат алган,
Ала албаган бел боштор,
Алтымыштан ат алган.
Жеткилендүү эрендер,
Жекеге чыккан берендер,
Жети минден ат алган.
Жете албаган топорлор,
Жети жүздөн ат алган.
Бир-бирине олжосун,
Мактанч кылып көрүшүп,
Көп алганы азына,
Соогатты калың беришип.
Митайым ойлоп алышып,
Момундарын залими,
Уурдап алып аттарын,
Өз тамгасын салышып.
Ороңдошо калышып,
Калысына барышып,
Кызыр чалган эр барда,
Кыйла мүлктү табышып,
Бөөт-бөөт бел менен,
Көчүп жүргөн кези экен,
Бөлүнүп чыккан тер менен.
Агала желек, кызыл туу,
Ыргап көчүп келатат.
Башчы болуп, кан Манас,
Баары чери жазылып,
Жыргап көчүп келатат!
Каалаганы Ала-Тоо,
Көйнөгүн чечйп жууган жер,
Ата-баба кеткен жер,
Малы жайнап өскөн жер,
Чыңырып эне тууган жер,
Киндик канды бууган жер,
Жерин көрүп шалпылдап,
Жетик көчүп алыптыр.
Кымыздан тарткан аракты,
Көөкөргө куюп жайнатып,
Багылан козу, татты аш,
Баары көчүп токтобой,
Жан казанга кайнатып,
Эренче тонун кийишип,
Желбеген жорго минишип,
Тынбай-көчүп өтүшүп,
Муразына жетишип, Кичи-Жылдыз,
Чоң-Жылдыз
Катар ашып көчтү дейт.
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу,
Катар ашып келди эми,
Иленин башы Үч-Арал,
Өрүүн боло берди эми,
Үч-Жыргалаң, Көңүздү,
Бойлой көчүп алды эми.
Көк-Тал бойлоп сыдырып,
Чоң, Илени кыдырып,
Айлампалуу урчуктан
Кечип чыккан кези экен,
Таш-Кечүү деген тумшуктан.
Ат боройлоп сыдырып,
Тегиз көчүп кыдырып,
Ылдый карай бет алса,
Каркылдаган карга жок,
Куркулдап учкан кузгун жок,
Сары-Өзөн ата дээр экен,
Кең Иленин жээги экен.
Аккан суунун оюна,
Чоң өзөндүн боюна,
Чогула журт конду дейт.
Эки журттун айрылыш,
Эр адамдын кайгырыш.
Жеткилең өрүүн болушуп,
Жети күн анда конушуп,
Жээги Ак-Чийдин чаты экен.
Сары-Өзөндүн башы экен.
Талаада мунар чаңы бар,
Жаныбарым Сары-Өзөн.
Түзүндө кулан дагы бар.
Ат баспаган жер болгон,
Ошондой жер ээн болгон.
Алмасы бышып көн болгон,
Жаңгагы кулап сай толгон,
Ээсиз ээн жер болгон.
Талынын башы ийилген,
Кумунун үстү чийилген.
Курган жердин белгиси
— Берекелүү көрүнгөн.
Көргөн жандын көңүлү,
Албан түрдүү бөлүнгөн.
Жылтырканы, шыбагы,
Жаныбарым Сары-Өзөн,
Жылып аккан.