Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алгоритм деген эмне

Баш барак | Башкалар | Алгоритм деген эмне

"Алгоритм деген эмне", анда бул жонундо кеп улайлы. Татаал маселелердин компьютерде кандайча чечилерин карайлы.

Бардык машиналардын башкы өзгөчөлүгү - алардын иштөө негизинде (принцип работы) башкаруунун программалык принциби жаткандыгы. Бул принцип маселени чечүү үчүн адам зарыл инструкциялардын же буйруктардын тизмегин колдонот, ЭЭМ болсо ошол ирет боюнча улам бир буйрук аткаруу менен керектүү натыйжаны берет дегенди түшүндүрөт.

Алгоритм деген эмне

Жөнөкөй тил менен айтканда, алгоритм - ишти кезеги менен жасоо деп түшүнсөк болот. Каалаган маселени чечүү үчүн, адегенде аны алгоритмдештирүү керек. Мисалы, биринчи фундамент куябыз, анан дубалдарды тургузабыз дегендей. Ушул кадам артынан кадам жасалган иш алгоритм болот. Дубалды тургузуп, анын үстүнө фундамент куйбайбыз да.

Информатикада алгоритм деп - көздөгөн максатка жетүүгө же коюлган маселени чечүүгө багытталган аракеттердин ырааттуулугун (иретин) ишке ашыруу үчүн аткаруучуга берилген түшүнүктүү жана так буйрукту (көрсөтмө) айтабыз.

Алгоритм кадамы - бул алгоритмдин ар бир өзүнчө иш-аракети.

Информатикада алгоритм - маалымат түшүнүгү сыяктуу эле фундаменталдуу түшүнүк. Ошондуктан аны терең түшүнүү маанилүү.

Алгоритм термининин келип чыгышы орто кылымдагы Чыгыштын улуу окумуштуусу Мухаммед ибн Муса аль-Хорезминин (Хорезмдик Муса уулу Мухаммед) ысымы менен байланыштуу. Ал 783-850-жылдар аралыгында азыркы Өзбекстандагы Хорезм облусунун аймагында жашап өткөн. Ал көп орундуу сандар менен арифметикалык эсептөөлөрдү аткаруунун ыкмаларын (аларды силер мектептеги математика сабагынан жакшы билесиңер) сунуштаган. Кийин Европада бул ыкмалар алгоритмдер (Algoritmi - аль-Хорезминин ысмынын латынча жазылышынан) деп аталып калган.

Арифметикалык эсептөөлөрдүн алгоритмдери аткаруучу - адам үчүн сыпатталган. Азыркы убакта алгоритм түшүнүгү арифметикалык эсептөөлөр менен эле чектелбестен, кеңири мааниде туюнтулат. Мисалы: салат жасоо алгоритми, программа түзүү, унааны жасоо, эсеп чыгаруу, ийгиликке жетүү алгоритми дегендей, жашоодо алгоритм өтө көп кезигет. Жада калса эртең менен биз бетибизди жууп, анан таңкы тамакка отурабыз бул дагы алгоритм, бирок аны адам тилинде биз адат деп коебуз. Муну компьютерге түшүндүрүү үчүн алгоритмдерди камтыган программа түзүү зарыл.

Ошентип, алгоритм түшүнүгү ЭЭМдин пайда болушунан мурда эле келип чыккан. Бирок бул түшүнүк автоматтардын жана роботтордун доорунда кеңири жайылды.

Алгоритмдерди түзүү жана окуп-үйрөнүү программалоочунун кесибин тандап алуучу окуучу-студенттерге гана керек деп ойлобогула. Кубулуштун алгоритмдик маңызын бөлүп алуу жана алгоритмди түзө билүү - түрдүү кесиптеги адамдар үчүн маанилүү.

"Алгоритм деген эмне", алгоритм түшүнүгү практикалык колдонулушу менен эле баалуу болбостон, ал жалпы билим берүүчү жана дүйнө таанууну калыптандыруучу мааниге да ээ. Алгоритмдик ой жүгүртүү көндүмү адамдын маданиятынын өзгөчө стилин калыптандырууга мүмкүндүк берет.

[ushka=seredina]

Алгоритмди окуп-үйрөнүүгө киришүүдөн мурда абдан маанилүү түшүнүктүн бири — аткаруучу түшүнүгүн так аныктап алалы. Алгоритм кандайдыр бир объекттин (мисалы компьютердин деп коелу) ишин башкаруучу командалардын ырааттуулугу (ирети). Ал башкарылуучу объект болот. Ал техникалык түзүлүш да, тирүү жандык да болушу мүмкүн. Мындан ары аны алгоритмди аткаруучу деп атайбыз.

Алгоритм түшүнүгү биз үчүн кандайдыр бир жаңы жана өзгөчө нерсе деле эмес. Алар биздин күнүмдүк турмушта ар бир кадам сайын жолугат. Эртең менен окуучу мектепке жөнөрдө апасы мындай көрсөтмөлөрдү бериши мүмкүн: "Мектептен келгенден кийин түшкү тамакты ич жана идиш-аякты жууганды унутпагын. Дүкөндөн жашылча-жемиш, азык-түлүк сатып келип, бир сааттай сейилде, андан кийин үйгө берилген тапшырмаларыңды аткар". Бул көрсөтмө окуучуун жүрүш-турушун аныктаган айрым көрсөтмөлөрдүн ирети. Ушунун өзү алгоритм болуп саналат.

Компьютердик алгоритми көбүнчө коштоп жүрүүчү нерсе бул - шарттуу операторлор: эгер, антпесе, же, жана ж.б. Адамдар деле муну көп колдонот.

Мисалы: Эгер тиш паста болсо, жана жалкообуз кармабаса, тиш жууйбуз, болбосо атабыздын башына жууйбузбу? :-). Компьютерде деле ошол. Алгоритм катасыз жазылса, компьютер нормалдуу иштесе, анда алгоритм аткарылат, ал эми ката болсо, компьютерди вирус каптап кеткен болсо анда иштебейт да.

Ар бирибиз ойлонбостон эле күнүгө жүздөгөн алгоритмдерди колдонобуз. Мисалы, сандарды кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү эрежелери; алгебралык туюнтмаларды өзгөртүү эрежелери; сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү жазуунун грамматикалык эрежелери.

Ушундай эле маанайда адамдын кандайдыр бир ишти аткаруу аракеттеринин ырааттуулугун ишке ашыруу рецепттерин жана инструкцияларын алгоритмдер деп атасак болот. Мисалы, кулинардык рецепт - бул ашпозчунун тамак даярдоо максатындагы иштөө алгоритми.

Сыр менен омлет даярдоо үчүн төмөнкүдөй иретте жасалат:

  1. 50 г ак нандын жумшак бөлүгүнө 3 аш кашык сүт кошуп эз;
  2. Бул аралашмага 3 жумуртка чегип, анын баарын кашык менен жакшылап чал;
  3. 50 г майдаланган сырды кош;
  4. Туз кош, аралаштыр, андан кийин ысытылган табага 1 чоң кашык май куй;
  5. Акырындык менен аралаштырып күчтүү оттун табына кууру;

Бул келтирилген рецепт да алгоритмдин мисалы болуп саналат. Дагы бир мисалды карайлы. Автомобилге түшүп, аны айдоо үчүн, бир катар аракеттерди аткаруу зарыл:

  1. Автомобилдин руль жагына отур;
  2. Колуң менен от алдыруучу ачкычты саат жебесинин багыты боюнча бура, кыймылдаткычты иштет;
  3. Сол бутуң менен чиркештирүү педалын бас, оң бутуң менен рычагды (же кнопканы) жүрүүнүн биринчи берүүсүнө туташтыр;
  4. Бир эле убакта сол бутуң басып турган чиркештирүү педалын акырындык менен коё бер, ал эми оң бутуң менен ошондой эле күч менен "акселератор" педалын же кыргызча газды полго жабыштыра бас :-) Албетте тааша, акырындык менен басуу керек;
  5. Рулдун дөңгөлөгүн оңго-солго айлантып, автомобилди керектүү тарапка багыттап айда;
  6. Анда-санда арткы күзгүнү кара.

Келтирилген мисалдардан алгоритмдик процесстер бизден бөлүнгүс жана биздин жашообуздун бир бөлүгү экенин көрдүк. Адамдардын дээрлик бүт ишмердүүлүгү алгоритмдер менен байланыштуу.

Мектептеги предметтерде да алгоритмдердин көп мисалдары келтирилет. Мындай мисалдардын көбү математика курсунда кездешет. Бул силерге түшүнүктүү болсо керек, себеби математика ар кандай алгоритмдерди изилдөөнү жана жаңыларын түзүүнү окутуп-үйрөтөт эмеспи.

Алгоритм, эреже катары, сүйлөм (текст) же схема түрүндө келтирилет. Бул текст кагазга жазылат же атайын белгилерди колдонуу менен компьютердин эсине киргизилет (программалоо тили).

Алгоритм тилинде алгоритмдердеги кызматчы сөздөр айырмаланган шрифт менен жазылат. Программалоо тилинде (алгоритм тили сыңары) бир гана белгилүү мааниге ээ болгон сөздөр кызматчы сөздөр деп аталат.

Ар кандай алгоритм конкреттүү аткаруучунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Алгоритмдин аткарылышы үчүн анын курамына аткаруучу жүзөгө ашыра албай турган командаларды койбош керек. Кандай гана толук инструкция болбосун, ашпозчуга токардын ишин тапшырууга болбойт. Ар бир аткаруучунун өзү аткара алуучу командаларынын тизмеги болот. Мындай тизмек алгоритмди аткаруучунун командалар системасы (АКС) деп аталат. "Алгоритм деген эмне" макаласына суроолор болсо жазгыла.

Жайгаштыруу: 2016-08-01, Көрүүлөр: 28605, Өзгөртүлгөн: 2019-08-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу